Өкмөттүн такыба динзарларга болгон катаал мамилесине байланыштуу алар бийликтин кысымы жөнүндө даап ооз ача албайт. Исламдын таасиринен чочуган расмий бийлик коңшу Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу ажыга 200гө жетпеген гана динзарды жиберет. Бийлик исламдын таасирин чектөө максатында түркиялык диниятчы Фетхуллах Гүлен башындагы кыймылдын демилгеси менен Түркмөнстанда ачылган мектептерди жапкан.
Түркмөнстанда өкмөттүн исламга баш байлоодо деп шектелген адамдарга болгон кысымы жөнүндө чанда бирөө гана даап айтпаса, көпчүлүк эл ооз ачпайт.
Өзүн Мердан деп атаган бул жигиттин “Азаттыкка” айтышынча, ал эки жыл мурда Сауд Арабиясына барып, ислам факультетинде билим ала баштаганда, анын атасы суракка алынган жана "уулуңду Саудиядан артка кайтар" деген талап коюлган:
“Мен Түркмөнстандан кеткенден кийин, бийлик адамдары атама келишип: "уулуңду артка алып кел”, - деп айтышыптыр. Туугандарымды да суракка алып, кысым жасашыптыр”.
Мердан деген бул жигит Ата журтуна кайтпай, ушул тапта Улуттар уюмунан качкын макамын алганга аракет кылып жүрөт. Себеби Мердандын Сауд Арабиясында окуган бир тууганы 2009-жылы Түркмөнстанга кайтып келгенден кийин абакка салынган. Эскерте кетели, бул маалымат көз карандысыз булактар тарабынан азырынча тастыктала элек.
Мейса деген мына бул кыздын айтканына караганда, анын түркмөн досу былтыр жайында Түркиядан кайтып келген. Ал Ашхабад аэропортунда бир балакетке кабылып калбайын деп кооптонуп, Түркияда кийип жүргөн этек-жеңи узун көйнөгүн чемоданга салып койгон экен.
“Менин досум Түркияда жүргөндө этек-жеңин жашырган узун көйнөк кийчү, - дейт өзүн Мейса деп, атасынын атын атагандан чочуган түркмөн жараны. - Былтыр жайында Түркмөнстанга кайтып келгенде, аэропортто анын чемонданы тинтип текшерилет. Ал Түркияда жеңи узун, этеги ашыгына жеткен көйнөк кийип жүрчү. Аэропорттогу бажы кызматынын адамдары досумдун чемоданынан анын этек-жеңи узун көйнөгүн таап алышып: "Бул эмне? Кимдин көйнөгү бул? Муну эмне алып келатасың?” деп, такып сурашат. Ал коркконунан бул көйнөк апасына анын досторунун бири берген белек экенин айтат”.
“Форум 18” - адам укугун коргоочу норвегиялык уюм. Жарандардын диний эркиндигинин сакталышына көзөмөл салчу бул уюмдун айтышынча, сырт өлкөлөрдөн журтуна кайтып келаткан түркмөнстандыктардын диний буюм-теримдерин жана араб арибинде басылган диний китептерди чек арадан өтүп жатканда тартып алуу кадыресе көрүнүш.
АКШ Мамдепартаментинин Эл аралык диний эркиндик боюнча 2012-жылкы докладына караганда, Түркмөн бийликтери зобун-зордукту жактаган экстремисттик топторго тыюу салып, ислам динин эскичил нукта ташбыйкаттаган жамааттарды “экстремист” деп аныктайт.
"Бул жол болочокто Түркмөнстанда диний радикализмдин күч алуусуна алып барышы мүмкүн" деп кооптонот “Форум 18дин” өкүлү Феликс Корлей.
Адам укугун коргоочулар Түркмөнстанда исламдын салттуу сунни багытына гана уруксат берилгенине көңүл бурушат. Ошол эле учурда адам укугун коргоочулар 5 млн. калктуу өлкөдөн ажыга жылына 188 гана адам барганын, ал эми каалоочулардын саны алда канча көп экенин айтышат.