Бул суроолорго Маданият, туризм жана маалымат министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов, өкмөткө караштуу Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынын экологиялык коопсуздук боюнча улук инспектору Жаркынай Амантурова жана "Пирс Туризм" агенттигинин жетекчиси Нурхан Мамытова жооп издешти.
"Азаттык": Быйылкы туризм сезону кандай башталып, кантип өтүп жатат?
Азамат Жаманкулов: Быйыл туристтик сезон 6-майда расмий ачылган. Аба ырайы жаанчыл болгондуктан эс алгандардын агымы мурдагы жылдарга караганда азыраак.
Бишкектиктер жана облустардан ички туристтер көл жээгине көп бара элек. Суук болгондуктан көл жакшы жылый албай, эс алуучулар аз. Сезонду толук баштадык деп айта албайм.
"Азаттык": Көлдөгү эс алуучу жайлардагы даараткана, жуунуучу жерлердин начар экени тууралуу Экотехинспекция мындан бир ай мурда сүрөттөрү менен бир отчет жарыялады эле. Текшерүүнүн жыйынтыгы кандай болду?
Жаркынай Амантурова: Биз текшерүүлөрдү май айынан бери эле жүргүзүп жатабыз. Анын негизинде бардык пансионаттардын туристтик сезонго даяр экенин аныктадык. Анткени даярдануу процесси башталгандан бери, башкача айтканда төрт ай болду, эс алуучу жайлар менен тыгыз иштеп келатабыз. Мындан тышкары, таштанды таштоочу жайларды да жыл башынан бери эле көзөмөлдөп, эс алуу мекемелери туристтерди кабыл алууга даяр экенин көрдүк. 2018-жылы санитардык талаптарды аткарбаган 8 пансионатты жапканбыз.
Калган 193 санаторий, пансионаттар толук текшерилип, нормаларды аткарбагандарга алдын-ала эскертүү берилген. Бул эми эки ай мурда болгон текшерүү эле. Аларга бир айлык убакыт бергенбиз. Жыйынтыгын биздин кызматташтар азыр текшерип жатышат. Текшерүүнүн жыйынтыгында биз эскертүү бергендердин 60 пайызы талапты аткарганы такталды. Ал эми башында жапкан 8 пансионат ошол бойдон ачылган жок.
"Азаттык": Азамат мырза, быйыл жайкы сезондун планын жарыялаган элеңиздер. Анда "эс алуу жайларына "жылдызча" берүү же "жылдызча" менен баалоо системасы да кирет" деп айтылыптыр. Бул баалоого мамлекеттик эс алуу жайлары илинбей калышы мүмкүнбү? Стандарттар өтө эле төмөн сыяктанат...
Азамат Жаманкулов: Туристтер жайгашкан мейманканаларга "жылдызчаларды" берүү маселесин козгодук эле. Ал эми санаторийлер менен курорттордогу абалды баалаш үчүн башка системаны иштеп чыгып жатабыз. Азырынча анын формасы аныктала элек. Мейманканаларды баалай баштадык. Ал эми санаторийлерди биз болушунча ар тараптуу баалаганга аракет кылабыз. Ичиндеги жайгашуу стандарттары, тейлөөнүн сапаты, инфраструктура, тазалыгы, коопсуздук маселеси кантип чечилип жатат - баарын карайбыз. Маселен, "Кардар келгенде убактысын кантип өткөрөт?" деген сыяктуу бир топ критерийлер болмокчу.
"Азаттык": Нурхан айым, сиз көбүнчө балдардын эс алышына шарт түзүп, ошол санаторий, лагерлер менен түздөн-түз иш алып барат экенсиз. Шарттар азыр кандай?
Нурхан Мамытова: Биздин компания мектеп окуучуларынын эс алышына шарт түзүп келет. Чындыгында айрым балдар лагерлеринде антисанитария, начар шарттар бар.
Бирок бизге кайрылган балдарга болушунча мыкты шарттагы лагерлерди, эс алуу жайларын тандап берип жатабыз. Мындан тышкары балдардын коопсуздугу да аябай маанилүү эмеспи.
Ички иштер министрлиги менен чогуу иш алып барып, лагерлерге алып бара жаткан балдарды жол коопсуздугун көзөмөлдөө унаалары менен коштоп барабыз. Айта кетчү нерсе - көлгө барган туристтерди кабыл алуу боюнча эс алуучу жайлар азыр экиге бөлүнүп калды да. Илгерки совет мезгилинде салынган пансионаттар бар. Алардын жайгашуу орду мыкты. Көлдүн жээгинде болуп, инфраструктурасы да жолго коюлган. Бирок тейлөө сапаты берки менчиктерге караганда төмөнүрөөк. Ошентсе да биздин агенттик жеке менчик эс алуу жайларын эле приоритет кылбай, мамлекеттик эс алуучу жайларга да туристтерди алып барууга аракет кылууда.
"Азаттык": Бир нече жылдан бери саркынды суу тууралуу талаш-тартыш коомдо аябай эле кызуу айтылып келе жатат. Бул багытта кандай иштер жасалууда?
Азамат Жаманкулов: Албетте, саркынды суу маселеси өтө эле орчундуу. Азыр социалдык тармактарда да бир нече видеолор жүрөт. Алардын баары 2-3 жыл мурда тартылган эски видеолор деп айткым келет. Бул маселени чечиш үчүн өкмөт катуу чара көрүүгө аракет кылууда. Азыркы тапта саркынды суу көлгө аккан учуру каттала элек. Президент, парламент мүчөлөрү, өкмөт башчы барганда да бул маселе көтөрүлүп келет.
"Кумтөрдөн" бөлүнгөн каражат менен көлдөгү эс алуучу жайлардын бардык саркынды сууларын жөнгө салган, бир системаны куруу боюнча пландарыбыз бар. Көлдүн суусуна токтолсок, туристтик сезон эки айга эле созулат эмеспи. Калган учурда көл өзүнүн суусун өзү тазалоо касиетине ээ да. Азырынча экологиялык чектен аша элек деп ойлойм.
"Азаттык": Көлгө бара жаткан жол боюндагы даараткана маселеси да аябай орчундуу, келген-кеткен туристтерге ыңгайсыздык жаратат. Муну чечүүгө кайсы орган жооптуу? Деги эле ушул маселени чечүүдө башка өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонсо болобу?
Азамат Жаманкулов: Чындыгында бул маселе аябай көп талкууланып келатат. Бүгүнкү күндө бюджеттик каражатка даараткана салса болбойт экен. Мамлекеттик бюджеттен дааратканага акча бөлүнбөйт. Биз атайын акча бөлдүртүп, бир нече жерге коомдук даараткана куруп көрдүк. Бир эле жылдын ичинде аябай коркунучтуу акыбалга келет экен.
Бул акыбалдан чыгуунун жолу - Бишкек - Чолпон-Ата жолундагы дааратканаларды иштетүүнү жеке секторго бериш керек. "Жолдун боюнда 10-15 сотых жер болсо, бардык керектүү шарттарды түзүп, канализациясын алып барып, жарыгын кошуп берели" деп айтып эле келатабыз. Акыры жүрүп ушуга эле барганы калдык. Азыр көлгө бараткан жолдо 20-25 токтой турган жер аныкталды. Бул жерлерди эми жеке секторго бере баштайбыз.
Биз даараткананын жанына кичинекей дүкөн, кофекана, туристтик маалымдама берүүчү стенддер сыяктуу чакан долбоорду иштеп чыктык, ошол стандартка ылайык курушмакчы. Ушундай ыкма менен гана жол боюндагы таза эмес дааратканалардан арылалы деп жатабыз.