Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Фрунзе: кыска өмүргө сыйган татаал тагдыр


Михаил Васильевич Фрунзе.
Михаил Васильевич Фрунзе.

Мамасалы Абдукаримов - алгачкы муун кыргыз жазуучуларынын өкүлү. Анын чыгармаларында совет бийлигинин кыргыз жеринде орношу, ортодон чыккан кыйынчылыктар баяндалган.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучунун «Ысымы калды түбөлүк» деген баянын чогуу окуйбуз. Аңгеме совет мезгилиндеги аскердик жана коомдук ишмер Михаил Фрунзенин өмүр жолуна арналган.

Аны Миша деп чакырышчу

Михаил Васильевич Фрунзе совет заманында өзгөчө сый-урмат менен эскерилген тарыхый инсандардын бири болчу. Аты республиканын баш калаасына берилип, айгыр минип түшкөн эстелиги шаардын борбордук эң кооз жерине орнотулуп, үй-музейи иштеп турчу. Эгемендик келгени коммунисттик заманда баркталган идеологиялык сыймыктардын бир тобу четке кагылды. Көбү кайрадан аңдалды, унутта калып баратканы да бар...

Тарыхый өткөөл мезгилде деле Михаил Васильевич Фрунзенин дарегине орой сөз айтылбады, кыска өмүрүндө жасап кеткен иштери калыс кепке арзыды. Антиштин бир топ себептери бар. Баарынан да Михаил Васильевич Фрунзенин табышмактуу өлүмгө туш болгону артынан толгон-токой божомол-жоромолдорду жараткан. Ким билет, антип жашында жайрап калбаса жаш өлкөнүн өнүгүү жолу башкача болор беле деген армандуу ой көптөрдү түйшөлтүп келет. Бийликтин жогорку тепкичине жетип, жарандык согуштан кийин дымак байлаган аскер башчылардын өзгөчө колдоосуна ээ болгон Фрунзенин, капыстан ажалга кириптер болушуна кызыкчылыгы бар таасирдүү күчтөр болгону кийин айтылып, бир топ жагдайлар ачылбадыбы. Мамасалы Абдукаримовдун аңгемесинде Фрунзенин төрөлүшү, эр жетиши, саясий иштерге аралашуусу баяндалган.

«1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарындагы жөнөкөй гана фельдшердин үй-бүлөсүндө кубанычтуу окуя болду. Василий Михайлович Фрунзенин үйүндө ыңаалаган экинчи уулдун үнү угулду. Ага Михаил деп ат коюшту. Үйдөгүлөр аны эркелетип Миша деп чакыра турган… Василий Михайлович Фрунзе менен анын жубайы Марфа Ефимовна Фрунзе балдарын тарбиялап өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Буларда Мишадан кийин дагы үч кыз төрөлдү. Ал кезде чөбүрөгөн беш баланы багып чоңойтуу, аларга билим берүү оңой-олтоң иш эмес эле. Анын үстүнө Василий Михайлович Фрунзенин кызматынан ала турган маянасы эптеп эле күндөлүк оокат-тиричиликти өткөрүп турууга араң жетчү. Өзүнүн мына ушундай абалда күн кечиргенине карабай, Василий Михайлович эч кандай убакыт менен эсептешпей, жумушуна бардык күчүн берип иштей турган».

Болочок революционердин балалыгы кыргыз жеринде өткөн. Анын атасы Пишпекке жакын айылдардагы кыргыздар менен жакшы байланышта болгон. Михаил Фрунзе кыргыз балдар менен чогуу ойноп, жайында айылга барып, тоо кыдырып, бала кезинде кыргыз жеринин кыйласын билип калган. Эл турмушун көрүү сезимтал балага катуу таасир калтырып, социалдык теңсиздикке нааразылыгын жараткан. Михаил Фрунзе мектепте окуп жүргөн жылдары Орусиянын ичкери шаарларында аз-аздан жандана баштаган саясий каршылыкка туура келет. Андай маанай крепосттук укуктан бошонуп, жашоо-турмушу оңолбогон дыйкандардын шаарга көбүрөөк агылганынан келип чыккан. «Орусияда жандана баштаган өнөр жайдын өнүгүшү өлкөнүн мындан аркы тагдыры кандай болушу керек?» деген олуттуу суроого келип такалган. Монархиялык бийликтин келечеги арасат экени ачыкка чыгып, башкаруунун башка жолдору изделе баштаган.

Михаил Фрунзенин эртелеп билим алып, саясий иштерге аралашуусуна мына ушул жагдай өбөлгө түзгөн. Анын үстүнө алардын үйүнө келген коноктордун кеп-сөзү саясий жагдайга арналып, орус тарыхында өзгөчө из калтырган баатырлар менен өкүмдарлар, бийликке ачык каршы чыккан чаарбаштар тууралуу болуп, анын баары мындан ары кандай бийлик болушу керек экенине такалып турган. Орусия Орто Азияны, Сибирь менен Ыраакы Чыгышты ээлеп, кургак жердин алтыдан бир бөлүгүнө бийлигин жүргүзгөнү менен АКШ, Европа өлкөлөрүнөн экономикалык жагынан артта калган, айыл чарбасы, болгондо да натуралдык чарба үстөмдүк кылган коом эле. Бул жагдай мекенчил маанайдагы орус интеллигенция өкүлдөрүнүн намысын ойготуп, нааразылык күчөй баштаган болчу. Миша 12ге чыкканда атасы өлүп, окуу акысын төлөй албагандыктан Верный шаарындагы окуусу кыйынчылыкка учурап, тестиер чагында туш келген кыйынчылык болочок революционердин саясий аң-сезими эртелеп ойгонушун шарттаган.

«Миша эмгекчил элди аяп, өзгөчө кейип сүйлөйт. «Эчтекеге кол тийгизип иштебегендер жүздөгөн теше өтө асыл жерлерди ээлешет да, жарды-жалчыларда, өзгөчө эмгекчил кыргыздарда эчтеке жок. Байлар эң сонун жасалгалуу үйлөрдө жашап, ал эми эмгекчил элдин көпчүлүгү жертөлөлөрдө, тамтыгы кеткен алачыктарда турушат.

- Карагылачы, курбулар, - деп Миша жылгалардын биринде үркөрдөй болуп турган айылды көрсөттү. – Тетиги капкара болуп ышталган, тамтыгы чыгып самсаалаган алачыктарга, тигил жылаңач жүргөн кара курсак балдарга, же болбосо тигинде байдын коюн кайтарып жүргөн бүкчүгүй абышкага карагылачы… Анын үстүндөгү атам замандан бери терге чириген чапан, анын адабияттан, искусстводон эч кандай кабары жок. Өмүр бою караңгылыкта, наадандыктын басымы алдында турат. Ал укуксуз, биротоло басынтылган. Бирок бул кедей адам өзүнүн талбаган эмгеги менен байга эбегейсиз чоң байлыкты жаратып жатат! Мына ушундай болгондон кийин биз эмне үчүн буга келишүүгө тийишпиз? Эмне үчүн? Мына ушундай адилетсиздикти кантип жоюуну бизге ким айтып бере алат?.. Азырынча бир гана курал – китеп гана бар… Ооба, китеп гана, курбулар. Эмнеден баштоо керек, кантүү керек экенин китеп бизге айтып берет!..».

Орусиянын колониялык бийлиги алыскы тоо арасындагы күнкор элдин билимдүү болуп, айланасында болуп жаткан жагдайды аңдап, көзү ачылышын каалаган эмес. Бул жагынан жаңы бийлик – большевиктер жалпы калктын кат-сабатын ачып, агартуу тармагын революциялык милдеттердин эн алдына коюшу, албетте, үлкөн тарыхый окуя, прогресс болчу.

Михаил Фрунзе кыргыз элинин жашоо-турмушу кандай экендигин жакшы билчү. Ошон үчүн ал жылга оозундагы үркөрдөй айылдын абалына кейип, бай менен кедейдин жашоо-турмушундагы асман менен жердей айырмага, ага элдин көбү маани бербей жаамы журт теңчилиги азырынча бир ууч билимдүү жаштардын талашын чакырган маселеден ары жылбай турганына нааразы эле. Көпчүлүк эл билимсиз, мамлекет саясатынан кабарсыз, күнүмдүк тириликтин гана түйшүгүнөн чыга албай, билимдүү адамдар талкууга алган маселеден кабарсыз эле. Көбү ага түшүнчү да эмес. Ошон үчүн Михаил Фрунзе «ишти алгач китептен, билим алуудан башташ керек» деп жатпайбы.

Жер кыдыруу

Жаңылыкка ынтызар Михаил Фрунзе жаш кезинде Ысык-Көлдүн күңгөй-тескейин кыдырып, Тянь-Шань тоолорун аралап, Кытай менен чек арага чейин жетип, Нарын, Жумгал, Соң-Көл, Суусамырга барып, андан ары Алайды кыдырып, Фергана өрөөнүндө болуп, Анжиян шаарын аралап келген экен. Кыргызстандын, Казакстандын бир топ жерлеринде болуп, Верныйдагы гимназияны аяктап, Петербургдагы политехникалык институтта окуп жүргөн кезинде, 1904-жылы большевиктер партиясына мүчө болуп өтүп, революциялык иштерге активдүү катышып, анын айынан окууну бүтпөй калат. Большевиктер партиясынын бийликке келишине, кийин ал бийликтин тагдыры арасат туруп калган чакта аскердик талантын көрсөтүп, аларды сактап калган көрүнүктүү аскер башы болгон.

Аскери күчтүү менен гана эсептешет

Совет өлкөсүнө өзгөчө коркунуч жараткан Колчак менен Деникиндин колун талкалап, борбордук бийликтен толук ажырап калчу Түркстан аймагындагы басмачылардын каршылыгын басып, Крым менен Украинадагы уруштарга катышкан Михаил Фрунзе совет мамлекетинин көрүнүктүү аскер жетекчилеринин бири болуп калган. Согуштагы эрдиктери үчүн экинчи Кызыл туу орденин алган. Фрунзе чабуулдарда аскерлердин алдында жүргөн. Уфа менен Украинада оор жарадар болгон. 1921-1922-жылдары Фрунзе Түркияга Мустафа Кемал Ататүрккө каржылык жардам алып барган. Кызылдардын кол башчысы колго түшүп калган актарга жумшак мамиле кылгандыгы үчүн Владимир Ильич Ленинден катуу жеме да уккан.

Кызыл аскерлердин биринчи колбашчысы Лев Троцкийдин пикирин улап ал аскер күчтөрүн кыска убакыттын ичинде кайрадан түзүп чыгуунун зарылдыгын жактырган. Ансыз кубаттуу аскери жок советтик Орусия жалаңдаган душмандардын жеңил курмандыгы болорун, бечара өлкөнү эч кандай тынчтык келишимдери сактап кала албай турганын эскерткен. Кубаттуу аскери жок өлкөнүн башкалар менен мунасага келүүдөгү жумшактыгын, өзгөлөргө көз артпаган жооштугун ким тоготсун?! «Башкалар биз менен эсептеши үчүн биз күчтүү болушубуз» керек деген.

Сталин менен Лев Троцкийдин ортосундагы тиреш күчүнө кирип турганда 1924-жылы Фрунзе кызыл армиянын штаб жетекчиси, бир жылдан кийин куралдуу күчтөрдүн колбашчысы болуп калган. Кызыл аскерлердин аскердик доктринасын да биринчи ирет Фрунзе иштеп чыккан.

«Заманбап аскер техникасынын жоктугу - биздин коргонуунун эң эле талуу жери… Биз бул багытта чет өлкөдөн массалык өнөр жай жагынан гана эмес, ыктуу ойлоп табуучулук жагынан да өз алдынча болушубуз керек», деп белгилеген ал.

Ошол 1920-жылдары эле күчөгөн, топ-топко бөлүнүп ич ара тирешүүлөрдөн Михаил Фрунзе алысыраак болгон. Бийликтин жогорку тепкичиндеги кутумдуктун алчы-таасын жеген сталиндик топтон өзүн оолак кармаган. Жеке бийлигин кармап калыш үчүн Сталин баарына даяр болчу. Аскер ишине аралашып, өлкө үчүн оор учурларда совет бийлигин сактап калган Фрунзенин кадыр-баркы жалгыз эле аскер жетекчилери арасында эмес, карапайым калк арасында аябай бийик эле. Мына ушул жагдай бийлик тизгинин мыкчып отурган Сталинди чочулатпай койгон эмес.

Бир сырдуу, өзүн башкалардан окчун кармаган Фрунзенин ичинде эмне болуп жатканына кызыккандар көп эле. Советтик Орусиянын башкы аскер комиссары жаңы кызматында бир жыл иштебей капыстан ооруп, Аскер (Боткин) ооруканасында операцияга жаткырылышы көптөр үчүн күтүүсүз жаңылык болду. 40 жаштагы колбашчы согушта эки ирет жарадар болгону менен, кайсы бир жери катуу ооруп, илдеттин азабын тартып жүргөнүн жакындары билишчү эмес эле.

Сталиндин буйругу менен аны операция столунан тургузбай коюшканы тууралуу божомол ошол 1925-жылдын аяздуу декабрында эле айтылган. Ал божомол кийин горбачевдук «кайра куруу», эгемендик заманда да арбын айтылды. Михаил Васильевич Фрунзенин сөөгү Москванын Кремль чебине коюлган.

40 жашында табышмактуу өлүмгө туш болгон колбашчы тууралуу оголе көп аңыз кептердин чыгышы коммунисттик идеологиянын төбөлдөрүнүн кызыкчылыгында болчу. Анын Троцкий менен мамилеси унутта калып, орусиялык советтик кызыл аскерлердин түзүлүшүнүн башында Михаил Васильевич гана тургандай, башка аскер жетекчилеринин иши айтылбай, жаштайында жайрап калган колбашчынын эмгеги даңазаланып, аты совет өлкөсүнүн көп жерлерине коюлуп, өмүрү, ишмердигин чагылдырган эмгектер, көркөм чыгармалар арбын жазылган. Мамасалы Абдукаримовдун «Ысымы калды түбөлүк» документалдуу аңгемесинин жаралышына мына ушул жагдай себепкер болгон.

Мамасалы Абдукаримов 1910-жылы Оштун жанындагы Жапалак кыштагында төрөлгөн. 1999-жылы Бишкекте каза болгон. Анын алгачкы чыгармалары Бишкектеги педагогикалык техникумда окуп жүргөн кезинен башталган. Жазуучунун ири эпикалык формадагы «Жашагым келет» романы окурмандарга кеңири белгилүү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG