Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Темир тор артындагы Дүйшөмбиевдин таржымалы


Таалайбек Дүйшөмбиев.
Таалайбек Дүйшөмбиев.

Next TV телеканалынын башкы директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин 9-сентябрга белгиленген соту жылдырылды. Бул жолу ага карата сот өкүмү чыгаары күтүлүп жаткан. Жактоочулар тагылган айыптардын далилденбегенин билдирип, аны бошотууну талап кылууда.

Мамлекеттик айыптоо соттон Таалайбек Дүйшөмбиевге жети жыл жаза мөөнөтүн берүүнү сураган.

Жактоочу Нурбек Сыдыков Дүйшөмбиевдин соттук иши чечүүчү учурга келгенин, бирок 9-сентябрда өтүүчү отурум 21-сентябрга жылдырылганын билдирди. Анын айтымында, тергөөнүн далилдери мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жасалган.

Нурбек Сыдыков
Нурбек Сыдыков

"Жарыш сөзү бүтүп, Таалай Дүйшөмбиевдин акыркы сөзү эле калган. Сот кеңешүүчү бөлмөгө кетип, ошол жактан туура же туура эместигине өзүнүн укуктук баасын бериш керек. Биз тийиштүү көз карандысыз экспертизаларды дагы алдык. Ошол таратылган маалыматта эч кандай кастыкты козутуу маселеси жок экендиги жөнүндө илимий жактан толугу менен тастыктап беришкен. Ошол эле кезде тергөө тарап Кылмыш-жаза кодексинин, "Эксперттик ишмердик жөнүндө" мыйзамдын бир нече беренелерин одоно бузуу жолу менен экспертизаны алган. Экспертиза дагы өтө төмөн деңгээлде жасалган. Ал жерде лингвист-эксперт "ушул маалыматтар эл аралык кастыкты козутушу мүмкүн" деп тыянак берген",-дейт Сыдыков.

Таалайбек Дүйшөмбиев 3-мартта Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалып, ага Кылмыш-жазык кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгү боюнча "Улуттар аралык кастыкты козутуу" айыбы тагылган. Буга Next TV телеканалынын социалдык тармактардагы баракчаларында Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын экс-төрагасынын "Украинадагы конфликтте Кыргызстандын Орусияга аскердик колдоо көрсөтүү боюнча макулдашканы" тууралуу жазган маалыматынын жайгаштырылышы себеп болгон.

Кылмыш ишинин алкагында телеканалдын кеңсесине мөөр басылып, бир канча убакыт обого чыкпай турду.

Жакын санаалаштары жана ар кайсы мезгилдерде тыгыз кызматташып иштеген адамдар ага тагылган айыптардын негиздүүлүгүнөн күмөн санап келишет. "Азаттык" Дүйшөмбиевдин өмүр таржымалына назар салып көрдү.

"Жоопкерчиликтүү жетекчи"

Кесиптештеринин айтымында, Дүйшөмбиев Next TV телеканалынын директорлугуна 2017-жылы дайындалган. Каналдын директорунун финансылык иштер боюнча орун басары Эрмек Биримкулов анын телерадиокомпаниядагы жетекчилик ишин мындайча сыпаттайт:

"Жумушка абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасаган жетекчи. Ал жетектеп турган мезгилде телерадиокомпаниянын ишмердигин жөнгө салган мыйзамдар бир жолу да бузулган жок. Мамлекеттик тил жөнүндө, атамекендик жана лицензиялуу контенттер жөнүндө коюлган мыйзамдык талаптар так аткарылып келди. Бардык мониторингдер Next TV каналында мамлекеттик тилдеги контенттердин 65% кем эместигин көрсөтчү".

Таалайбек Дүйшөмбиев бир уул, бир кыздын атасы. Кызы 5-класста окуйт.

"Бирге түтүн булаткан отуз эки жылда мени да, балдарын да бир да жолу кагып-силккен жок. Ушундай жумшак киши. Бирок, чындыкка келгенде бетке айтмай мүнөзү бар. Ушундай парадоксалдуу. Турмушта бекем принциптери бар адам. Кыргызстандын жарымы эле достору болсо керек. Абдан адилет, чындык менен эле жүргөн, ошол эле учурда эч кимге катуу айтпаган, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган киши",-дейт жубайы Жаркынай.

Дүйшөмбиевди 2005-2007-жылдардагы тасмалардан Таласта, Жалал-Абадда, Бишкекте өткөн коомдук-саясий процесстерге активдүү катышып жүргөнүн көрүүгө болот. 2001-2003-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун аппаратын жетектеп иштеген. Ал ар дайым саясатчы Равшан Жээнбеков менен идеялаш болуп жүргөнү айтылат. Жээнбеков санаалашынын шайлоо иштерин жана жарандык иш-чараларды мыкты уюштурарын белгиледи.

"Таалай Дүшөмбиев менин акцияларымдын баарында дайыма уюштуруучу, катышуучу болуп жүргөн. Биз саясий, коомдук иштерде дайыма чогуу иштеп келгенбиз. 1999-2005-жылдары менин шайлоо штабымдын башчысы болуп иштеген. Жумушту аябагандай системалуу жасаган, жогорку деңээлдеги адамгерчиликтүү, маданияттуу инсан. Дайыма коомдук акцияларда адамдардын укугу, аялдардын укугу, башка коз караштагы журналисттердин, жарандардын укуктары боюнча митингдерге чыкканда дайыма мени менен чогуу, жанымда жүрчү".

Илимдин кандидаты, милициянын полковниги

Таалайбек Дүйшөмбиевди жакындан билгендер анын академиялык жана илимий чөйрөлөрдө да эмгектенгенин айтышат.

90-жылдары Ички иштер министрлигинин жогорку мектебинде окутуучу болуп иштеген. Ошол жактан Орусиянын Ички иштер министрлигинин алдындагы Башкаруу академиясына аспирантурага жөнөтүлүп, юридика илимдеринин кандидаттыгын жактап келген.

Алтынбек Иманбаев 90-чу жылдардын аягында ИИМдин Академиясында Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетинин начальнигинин орун басары болуп иштеген. Ал Таалайбек Дүйшөмбиевди юридика илимдерине терең сугарылган, теория менен практиканы үзүрлүү айкалыштыра алган адис деп эсептейт.

"Мен ИИМдин академиясынын Жазык процесси кафедрасына 1999-жылы келдим. Ошондо алар Орусиянын ИИМнин Башкаруу академиясында 1996-жылдан 1999-жылга чейин окушту. 1999-жылдын аягында келгенде биздин академия эң көп илимдин кандидаттары менен байыдык. Таалай менен бирге Дүйшөнбек Зилалиев, Дамир Сагынбаев, Венера Табалдиева, Кайрат Осмоналиев, Бакыт Дубанаев, Талгат Касымов, Айбек Адилов, Абдыразак Турдубаев жана Алик Каримбековдор илимдин кандидаты болуп келишти. Кийин анан булар Академиядан тарап баштады. Бир тобу мамлекеттик жогорку кызматтарга кетти, дагы бир тобу азыр да көрүнүктүү илимдин доктору, профессор болуп эмгектенип атышат. Таалай 2001-жылдан 2003-жылга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун аппаратынын жетекчиси кызматына кетти. 2004-жылдан 2005-жылга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында оперативдик иштер боюнча орун басар болуп иштеди. Ошол жылдары криминогендик абал өтө оор болуп, түнү-күнү иштеп жатканын көрчүмүн".

Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Дүйшөмбиевдин илимий ишмердиги боюнча буларды айтып берди.

"1996-жылдан 1999-жылга чейин Москва шаарында Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин башкаруу академиясында чогуу окуганбыз. Экөөбүз тең юридика илимдеринин кандидаты болуп диссертацияны чогуу жактадык. Биздин жетекчибиз бир болчу, профессор, илимдин доктору Масленникова деген. Дүйшөмбиевдин темасы "Кылмыш-жазык процессинде жеке кызыкчылык менен мамлекеттин кызыкчылыгынын катышы" боюнча эле. Ошол убакта өтө актуалдуу тема болчу. Өтө акниет киши. Эки-үч көрүнүктүү мүнөзүн белгиле десе, мен аны абдан акниет жана принципиалдуу деп айтат элем. Анан, чыр-чатактан алыс киши".

Дүйшөмбиев көп жылдар укук коргоо органдарында эмгектенген, милициянын полковниги наамындагы офицер.

2004-2005-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин оперативдик иштер боюнча орун басары кызматын аркалаган. Ал кезде башкармалыктын начальниги болуп турган Кеңешбек Дүйшөбаев аны жоопкерчиликтүү кызматкер болгонун айтат.

"2004-жылдан 2005-жылга чейин болсо керек, оперативдүү иштер боюнча орун басар болгон. Өзүн тырышчаак, аракетчил, орду менен сүйлөп, орду менен иш жасаган кызматкер катары көргөзө алды. Полковникке жеткенден кийин ал жакшы иштегендигин көргөзүп атат да. Эгерде начар кызматкер болсо жетпейт эле".

Дүйшөмбиевдин иши боюнча алгачкы соттук отурум 21-июлда башталган. Айыпталуучу тагылып жаткан күнөөнү моюнга албай турганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG