Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

"Тамак уурдады деп каралашты". Москвада кармалган Айтолкун


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда клининг компанияларда иштеген кыргызстандык кыз-келиндер арасында алдамчылыкка, уурулукка шек саналып кармалган учурлар көбөйгөнү айтылууда.

Адвокаттар мындай жагдайга кабылгандардын көбү бөтөн жерде ашыкча убара тартуудан качып, айыптаган тараптын талабын аткарууга мажбур болуп жатканын белгилейт.

"Байке, чынын айтсам, аябай коркуп жатам. Жардам кылып койгулачы. Мындай нерсеге өмүрүмдө кабылган эмесмин. Төрт балам кимде калат деп ойлонуп жатам. Күйөөмдүн көзү өтүп кеткен. Жардам берип койгулачы, байке".

Бул кыргызстандык Айтолкундун жардам сурап, адвокатка жөнөткөн үнү. Келин жакында эле Москвада үйдөй балээден кутулган.

Ал үй жыйнаган клининг компаниялардын биринде иштеп, кийин жыйнап жүргөн үйдөн тамак-аш уурдаган деп шек саналган.

Үй ээлери аны "балдарыңа ала бар" деп өздөрү эле берген тамак-аш, торт жана башка нерселерди уурдап жүргөн деп айыптап чыгышкан. Милицияга кайрылбаш үчүн төрт балалуу келинди 200 миң рублга чейин насыя алып, карызды төлөөгө мажбурлашыптыр.

Москвадагы юрист Чынарбек Базарбаевдин айтымында, келин шылуундардын кылтагына илингени аныкталган.

Орусияда миграцияда жүргөн Гүлмира Жолдошева жакында эле анын кызы дагы дал эле ушундай жагдайга туш болгонун "Азаттыкка" айтып берди. Кызы 180 миң рубль уурдады деп шек саналып, бейкүнөө 48 саат абакка камалып чыгыптыр.

"Кызым клининг компаниялардын биринде дээрлик бир жыл иштеди. Бул арада дайым чакырган кардарлар пайда болду. Башында клининг компаниясы аркылуу үй жыйнаганга барганда кожойке түз эле чакырып турайын, компанияга төлөгөн акчаны силерге кошуп берейин деп көндүргөн экен. Кызым Кыргызстанга кетердин алдында ошол эле кардарлардын бири "үйдөн 180 миң рубль уурдады" деп чыкты. Алар кызымдын кете турганын дагы билет эле. Мен кетем, жолго даярданам десе болбой, "акыркы ирет жыйнап берип кой" деп чакырышкан. Үйдө кожойке, анын кызы дагы болгон. Ошого карабай акча жоголду деп милицияга арыз жазышыптыр. "Алган жокмун, үйдө өзүңөр деле бар элеңер го" дегенге көнүшкөн жок. Кызым өзү аябай жөнөкөй, бирөөнүн акчасын уурдаганга шыгы деле жок. Аэропортко такси менен кетип аткан жерден милициялар кармап, бөлүмгө алып кетишти. Жанында 2,5 жаштагы баласы дагы бар эле. Камалып кетишине аз эле калды. "Апаңа айт, 180 миңди алып келип берсин жарым саатта, ошондо чыгарабыз" дешиптир. Кызым "албаган акчаны эмнеге алып келип берем?" деп болбой коёт. Адамды алдап, атайын кылтакка түшүргөнү билинип эле калды да. Кызым полиция бөлүмүнө киргенде расмий катталып, иш ачылыш керек экен. Адвокат менен барып, "далил кана, дело кана, кайсыл иш менен кармалды, кичинекей кызы бар, аны ойлогон жокпу?" дегенде эле эч нерсе жок болуп чыкты".

Ошентип милиция, жаш баласы бар экенин негиз кылып Гүлмира Жолдошеванын кызын эркиндикке чыгарыптыр. Кармаган милициянын жана уурулукка айыптаган үйдүн кожойкесинин үстүнөн арыз жазбоону талап кылышканын айтып берди.

Орусияда мигранттарга укуктук жактан көмөк көрсөтүп жүргөн Чынарбек Базарбаевдин айтымында, соңку кезде Москва шаары жана Москва облусунда, Санкт-Петербургда ушундай көрүнүштөр көбөйгөнү байкалууда.

Юрист мигранттардын айлык акысын ала албаган учурлар дагы арбын экенин кошумчалады:

"Маянасын ала албай жүргөндөрдүн көбү дагы ушул клининг компанияларда иштегендер. Булар тендерге катышып, фирмасын тез-тез өзгөртүп турат. Андан кийин жумушчулардын акчасын төлөбөй, бир күндүк фирмаларга өткөрүп, жоюп, качып кеткен учурлар көп. Мындайда эң көп алданган биздин кыз-келиндер. Москва шаарында эле акыркы үч айда бизге кайрылып, жардам сурагандардын саны 1,5 миңге жетти. Алардын алды 200 миң, арты 18 миң рубль айлыгын ала албай калгандар. Арасында сегиз айдан бери айлык албай жүргөндөр бар. Акыркы учурда үй-жайын жыйнатып, кийин акча, алтын, кымбат буюмдарым жоголду деп жалаа жапкан мисалдар көбөйдү. Бир эле кыргызстандыктардан эмес, өз укуктарын, мыйзамды билбеген борбор азиялыктардан акча өндүрүү, опузалап акча талап кылган көрүнүштөр байма-бай катталып жатат. Кээде укук коргоо органдары дагы аралашып калууда. Акыркы айда эле бизге 33 адам кайрылды. Алардын экөө адвокат сурады, калгандары акча талап кылып жатканын айтып, кеңеш сурашты. Ошол телефондорго чалып, чакырып, даректерин тактаган учурда бизди бөгөттөп коюп жатышат".


Базарбаев ушундай жагдайга туш болгондордун көбү эмгек келишими жоктугунан же мыйзамды жакшы түшүнбөгөндүктөн тийиштүү органдарга, адвокатка же элчиликке кайрылбасын, депортация болуудан коркорун белгиледи.

"Мындай жагдайга дуушар болгондордун дээрлик 90% сураган акчасын төлөп беришет", - деди юрист.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков эмгек келишими жок иштегендердин укуктарын коргоо кыйыныраак болорун айтып жатат. Быйыл тогуз айда өкүлчүлүккө ар кандай маселе менен 6 миңдей жаран кайрылган. Алардын миңден ашууну маянасын албай калышкан. Жыл башынан бери 300дөн ашуун кишинин 22 миң рублга жакын айлыгы өндүрүлгөн.

Кубандык Акматбеков.
Кубандык Акматбеков.

"Клининг компанияларда, башкаларда дагы ушундай маселелер пайда болот. Бул тармакта көп, бул жакта аз дегенге болбойт. Бүт эле жерде ушундай маселелер жаралып калат. Бул биздин жарандарга дагы байланыштуу. Алар тааныш аркылуу ишке орношуп, эмгек келишимин түзбөй коюп жатышат. Бизге 9 айда 1100дөн ашуун адамдан кайрылуу түшкөн. Жалпысынан дээрлик 90 млн рубль айлыгын ала албай жатканын белгилешкен. Биз анын 22 миллионун өндүрүп берүүгө жардам бердик", - деди Акматбеков.

Акматбеков Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, бул өлкөдө мигранттар арасында кылмышка аралашкандар көбөйүп жатканын да кошумчалады.

Былтыр сентябрда Орусияда мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген. Кыргызстандыктар миграциялык каттоого туруу негизги маселе бойдон калып жатканын айтып, даттанууда.

Кубандык Акматбековдун белгилешинче, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Орусиядан 1900 кыргызстандык депортация болду. Былтыр бир жыл ичинде 2200 кыргызстандык өлкөдөн чыгарылган.

Алардын депортацияланышына Орусиянын миграция мыйзамдарын бузганы тууралуу сот чечимдери негиз болгону кабарланды.

Орусиянын Ички иштер министрлиги быйыл "Нелегал–2023" операциясы алкагында 96 миң факт катталганын, 15 миң чет өлкөлүк депортация болгонун 7-ноябрда билдирген.

XS
SM
MD
LG