Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттин сайтында 23-августта жарыяланган расмий кабарда Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз ар намысын коргоого укуктуу экени, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөрү жазылган.
“Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат. Муну менен мыйзам интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт”, - деп түшүндүрмө берилген билдирүүдө.
Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 28-июлда кабыл алган. Документтин авторлору жана бийлик мындай мыйзам керек экенин айтып, "фейктерге" каршы күрөш зарыл деген жүйө келтиришет. Ага ылайык, өкмөткө "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап коюу укугу берилет. Маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүрдү деп табылган учурда бул мыйзам колдонулмакчы.
Парламент депутаты Дастан Бекешев кеп болуп жаткан мыйзамга президент Жапаровдун кол койгону тууралуу оюн “Фейсбуктагы” расмий баракчасы аркылуу таратты. Депутат анда мыйзам "фейк-аккаунттар" эмес, бийликти ачык сындагандарга каршы колдонулат деген чочулоосун жашырган эмес:
“Бирок, бул мыйзам бийликке жардам бербейт. Интернет баракчаларды жаап, бөгөт коюу менен өзүңдү сүйдүрө албайсың. Коркутасың, бирок сыйга татый албайсың. Бийликке жек көрүү сезимин билдирүүнү эч кандай бөгөт токтото албайт!”, - деп жазды.
Кабыл алынып жаткан учурда жергиликтүү жарандык активисттер жана бир катар эл аралык уюмдар президентти ага кол койбоого чакырып келишкен. Маселен, эл аралык абройлуу "Хюман Райтс Уотч" уюму 5-августтагы билдирүүсүндө президент Садыр Жапаровду сөз болуп жаткан мыйзамга вето коюуга үндөгөн.
"Бул мыйзам Кыргызстандын сөз эркиндигине, маалымат каражаттарынын эркиндигине олуттуу коркунуч келтирип, мамлекеттик цензурага жол ачып, өлкөнүн адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет", - деп белгилеген "Хюман Райтс Уотч" уюму.
Талаш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантынын парламентте кабыл алынып калышы да таң калычтуу болгон. Анткени, депутаттар бир ай мурун эле бул документти четке кагышкан. Бирок 28-июлда кайра 100гө жакын добуш менен колдоп беришти. "Фейктерге" каршы делген документ парламенттен өтөрдөн бир күн мурун эл өкүлдөрү президент менен жолугушуп чыгышкан.
Негизи, мыйзам долбоору 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилген эмес. Иш убактысы бүтүп баратканда гана депутаттар Аккулу Бердиев, Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова документти кайра добушка коюуну сунуштап чыгышкан. Авторлордун бири Гүлшат Асылбаева буга мындай жүйө келтирген:
“Төрага мыйзам долбоорун добушка коюуга милдеттүү. Анткени буга чейин долбоорго добуш берүүдө депутаттардын кайра добуш берүү укугу бузулган. Документ парламентте үч окуудан тең өткөн. Анын макулдашылган варианты гана колго салынган. Мыйзам долбоору артка кайтарылды деген туура эмес. Себеби, биз аны кабыл алып президентке кол коюуга жөнөткөнбүз. Биз болгону макулдашылган вариантын талкууладык”.
Документти депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Ушул эле мыйзам долбоору былтыр “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент экинчи жана үчүнчү окууда удаа кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн. Ага каршы жарандык коом тынымсыз нааразылык акцияларын уюштуруп келди. Мындай аракеттерден кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.
2020-жылдын күзүндө бийлик алмашкандан кийин парламентте мыйзам долбоорун талкуулоо маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Көптөгөн талаш-тартыш, коомдогу нааразылыктарга карабай быйыл, 2-июнда Жогорку Кеңеште документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" деп өзгөртүлгөн эле.
Парламенттин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек болчу.
Бирок бир айдан кийин кайра добушка коюлуп, өтүп кетти.