Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Тажик акыйкатчысы абактагы адвокаттан кабар алды


Бузургмехр Ёров
Бузургмехр Ёров

Тажикстандын акыйкатчысы камактагы адвокат Бузургмехр Ёровдун абалы менен таанышып чыкты. Белгилүү адвокат, "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мүчөлөрүн коргогон Ёров бир нече берене боюнча 28 жылга кесилген. Ал ортодо "Хьюман райтс уотч" укук коргоо уюму тажик бийлигин оппозицияны куугунтуктоону токтотууга үндөдү.

Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Хусниддин Нидоев 11-октябрда "Азаттык" радиосунун тажик кызматына интервью берип, Ёров жазасын өтөп жаткан тергөө абагынын ички тартибин бузгандыгы үчүн карцерге которулганын айтты:

- Ёровдун ал-акыбалына кызыктым, СИЗО кызматкерлери тарабынан кыйноолор же аёосуз мамилеге жол берилген жокпу деп сурадым. Эч кандай даттануулар жок деп айтты. Бирок баары бир анын денесин текшерип чыктым. Уруп-сабоонун, токмоктоонун издерин көрө алган жокмун. Алты кишилик камерада дагы үч айыпкер менен кармалып жатканын кошумчалады.

Хусниддин Нидоев.
Хусниддин Нидоев.

Ёровдун энеси ошол эле күнү ага акыйкатчынын кеңсесинен чалып, уулуна тамак-аш алып барышса болорун айтышканда абдан таң калган. Себеби буга чейин алар абакка алып барган тамакты дайыма артка кайтарышчу экен.

Ёров 2015-жылдын сентябрында көз боёмочулук, жалган документтерди жасоо деген айып менен камакка алынган. Көп узабай белгилүү адвокат Кылмыш кодексинин бир нече беренелери, анын ичинде экстремисттик ишмердикке үндөө боюнча күнөөлөнгөн. Өткөн жылы 6-октябрда Душанбе шаарынын соту Ёровду көз боёмочулук жана документтерди жасоо үчүн айыптуу деп таап 23 жылга эркинен ажыраткан жана жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн деп өкүм кылган. Соттогу акыркы сөзүндө ал айыптарды четке кагып, кылмыш ишинин артында саясат турарын айткан.

Ёров Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу" партиясынын ага чейин камакка алынган мүчөлөрүн жана активисттерин коргоп чыккан. Алар коргоо министринин мурдагы орун басары генерал Абдухалим Назарзода уюштурган "кутумга" тиешеси бар деп күнөөлөнгөн. Бийлик кутум деп атаган окуя 2015-жылдын сентябрында болгон. Ошондон кийин региондогу жападан жалгыз ислам партиясы террордук уюм деп жарыяланып, ага тыюу салынган.

Абактагы активисттер.
Абактагы активисттер.

Кыска бир убакттын ичинде адвокатка каршы сотту урматтабоо жана бийлик өкүлүнө акарат келтирүү деген беренелер боюнча жаңы кылмыш иши козголгон. Себеби былтыр октябрда сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып Ёров Авиценнанын цитатасын келтиргенде прокурор менен айтыша кеткен. Мамлекеттик айыптоочу соттолуучу бийлик өкүлүнө акарат келтирди деп эсептээрин айтып арызданган. Ушул мартта ал иш боюнча Ёровдун жазасына дагы эки жыл кошулган. Бир канча убакыттан кийин Тажикстан президентине акарат келтирди деген айып боюнча дагы үч жылга өкүм кылынып, камактагы жалпы мөөнөтү 28 жылга жеткен.

Ал тапта 10-октябрда "Хьюман райтс уотч" эл аралык уюму Европа биримдигин тажик бийликтерине кысым көргөзүп, оппозиция тарапкерлерин куугунтуктоону токтоттурууга чакырды.

Уюмдун Борбор Азия боюнча кеңсесинин директору Стив Свердлов өз кайрылуусунда узак мөөнөткө абакка кесилген адвокаттар Шухрат Кудратов, Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовдун тагдырына камтамасын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG