Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Тажик жоочусу Ирак түрмөсүнөн табылды


Ахтам Олимовдун ата-энеси.
Ахтам Олимовдун ата-энеси.

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөсү катары айыпталган тажикстандык жихадчы Ахтам Олимов Ирактын түрмөсүндө экенин Дүйшөмбүдө жашаган ата-энеси жакында эле билди.

“Мен Ирактамын, аман-эсенмин. Баарыңарга салам” деген эки ооз сөз жазылган тил катты Ирактын түрмөсүндө жаткан Ахтам Олимов мекениндеги ата-энесине жиберген. Катты Тажикстанга Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин өкүлдөрү жеткиришкен. Ирактан күтүлбөгөн кабар Дүйшөмбүдөгү ата-энеси уулунан дээрлик үмүт үзгөн маалда келди.

Өз мекенинде Ахтам Олимов “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөсү катары айыпталган. Анын атасы Юсуф Олимовдун сөзүнө караганда, уулу 2013-жылы Орусияга кеткен бойдон дайын-дарегин билгизбептир.

2014-жылы сентябрь айында Ирактын телеканалы Тажикстандын жараны Ахтам Олимов кармалып, суракка алынып жатканы тууралуу берүү даярдап көрсөткөн.

"Ал видео көп узабай эле социалдык тармактарга тарады. Биз ошондо Ахтам Иракта "Ислам мамлекетинин" катарында экенин билдик. "Уулумду алып келгенге жардам бергиле" деп бийликке кайрылдым. Бирок Ахтам кайда экенин так аныктоо мүмкүн эместигин, анткени Иракта Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү жоктугун айтышкан" - дейт Юсуф Олимов "Азаттыктын" тажик кызматына берген комментарийинде.

Ахтам Олимовдун абактан жазган каты.
Ахтам Олимовдун абактан жазган каты.

Олимовдун ата-энеси кайра Кызыл Чырым уюму аркылуу алыскы абактагы уулуна кат жиберип, эми анын жообун күтүп жаткан чагы.

“Биз уулубуздан кат-кабар келеринен үмүт үзгөнбүз. "Иракта “Ислам мамлекети” тобунун кармалган мүчөлөрүн дароо эле өлтүрүп салышат" деп көп эле кишилер айтышкан. Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү Ахтамдын катын бергенде биз көргөн көзүбүзгө ишене албай кубандык. Алар Ирактагы түрмөлөрдүн бирин текшерип жүргөндө уулубузду кезиктиргенин айтышты. Бизге эми эң башкысы анын аман-эсен экени – дейт жихадчынын атасы.

Эми Олимовдордо уулу Тажикстанга экстрадицияланып, калган жазасын өз мекенинде өтөйбү деген үмүттүн учкуну тутанды. Тажик бийлиги болсо Ирактан ушуга чейин кылмышка шектүү бир дагы киши экстрадицияланбаганын билдирет. Анткени эки өлкөнүн ортосунда абактагыларды алмашуу жөнүндө келишим түзүлгөн эмес.

Коңшу өлкөнүн атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, Ирак менен Сириянын стратегиялык маанилүү аймактарында жүргөн куралдуу кармаштарда тажик жихадчылардын 60% курман болгон.

Нью-Йоркто жайгашкан "Soufan Group" аналитикалык борборунун баяндамасында ушул жайда эле 700дөй тажикстандык согушкерлер Сирия менен Иракта жүргөнү белгиленет. Бирок алардын көбүнүн тагдыры белгисиз. Чалгын жана коопсуздук менен алектенген борбордун маалыматына караганда, 2016-жылдын июлуна чейин 1600дөй тажик жихадчылары "Ислам мамлекетинин" катарында согушкан. Жүздөн ашууну өз мекенине кайтып келген.

Баяндаманын авторлору "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрүнүн көбүнүн тагдыры Мосул менен Раккадагы аскердик операциялардан кийин дайынсыз экенин белгилешет.

Алардын айрымдары Ооганстандагы жана башка жерлердеги куралдуу топторго кошулуп кетишкени тууралуу маалымат бар. Ооган коопсуздук күчтөрү Фарьяб, Сари-Пул, Саманган, Баглан, Кундуз, Тахар жана Бадахшан провинцияларында жана өлкөнүн чыгыш ыптасында "Ислам мамлекетине" кирген "Улуу Хорасан" тобунан түнөк табышканын белгилешет. Жогорудагы аймактарда террористтик уюмдар атайын машыгуу борборлорун түзүп, анда согушкерлер ар кандай даярдыктан өтүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG