Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Тажикстан: коронавирус коркунучун айткан журналист сабалды


Журналист Абдулло Гурбати
Журналист Абдулло Гурбати

Дүйшөмбүдө белгисиз бирөөлөр таанымал журналистти сабап кетишти. Абдулло Гурбатини өзүнө кол салууну журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Тажик милициясы журналист расмий арыз менен кайрылса токтоосуз чара көрүлө турганын билдирди. 

11-майда баш калаа Дүйшөмбүдө «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин 23 жаштагы кабарчысы Абдулло Гурбатини белгисиз адамдар таяктап кетишти.

АКШнын Тажикстандагы элчилиги журналистке кол салууну айыптады. Диломатиялык өкүлчүлүк Гурбатинин сабалышын "Тажикстанда көз карандысыз маалымат каражаттарына чабуулдун уланышы" деп баалашты. Элчилик тажик бийлигин журналистке кол салгандарды таап, жоопкерчилигин кароого чакырды.

12-майда ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир журналистке кол салууну айыптап, "бийликти күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартууга" үндөдү. "Пандемия маалында коомчулукту маалымат менен камсыздоодо көз карандысыз медианын ролу эбегейсиз" деп айтылат билдирүүдө.

Журналист кечинде дүкөндөн чыгып, үйүнө баратканда караңгыда кол салган беткапчандарды тааный алган эмес.

"Жолдо кимдир бирөө менин сары изиме түшкөнүн сездим. Артымды карайын деп бурулганда башка чапты. Колум менен жүзүмдү калкалап калдым. Алар экөө болчу", - деген журналист катуу кыйкырганда кол салгандар качып кеткенин айтууда.

Абдулло сабалгандан кийин шаардагы «Караболо» жана «Истиклол» ооруканаларына барган. Бирок андагы дарыгерлер ага "карантинден улам кабыл албайбыз" деген жооп узатышкан. Шаардагы соттук-медициналык экспертиза борбору "милициянын жолдомосу менен кел" деп кабыл алган эмес. Абдулла акыры күйүктү дарылаган борборго кайрылууга аргасыз болгон.

Дүйшөмбү шаардык милициясы ошондон кийин гана келип, Абдуллодон көрсөтмө алган. Ал ошол күнү түнкү саат 2ге чейин ар кайсы милиция бөлүмдөрүндө көрсөтмө берип отурган.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нусратулло Махмадзода эгер журналист милицияга расмий кайрылса, сөзсүз чара көрүлөрүн билдирди.

Кабарчы өзүнө кол салууну журналисттик ишмердиги менен байланыштырат. Акыркы учурларда аны бир канча жолу телефондон коркутушкан экен.

"Мындан бир нече күн мурун мага белгисиз адамдар телефон чалган. Ал сен эмне үчүн "Озоди" радиосуна интервью бердиң? Биз шаар күнүн белгилешибиз керек. Сен карантин киргизиш керек деп атасың", - деген сыяктуу бир катар дооматтарды артышкан. "Ал сүйлөшүү менин телефонумда жазылып калган. Бирок ага көп деле маани берген эмесмин. Сөгүнүп эле токтоп калат деп ойлогом" дейт.

Журналисттин айтымында ага телефон чалган адам өзүн "кулябдык Сухродмун" деп тааныштырган.

Мындан улам кабарчы өзүнүн сабалышын "сөз эркиндигине ачыктан ачык кол салуу болду" деп сыпаттады. Буга чейин Абдулло коронавирус темасын, илдеттин таралышын, бийликтин жугуштуу ооруну жайылтпоо аракети солгун экенин сындап келген.

Тажикстандык белгилүү журналист Раджаби Мирзо бийликти бул окуяга олуттуу мамиле кылууга чакырды.

"Ал жакында эле азык-түлүк үчүн кезек талашып аткандарга барып, сиз эмне үчүн ашыгы менен ун алып жатасыз? Эмне үчүн беткап такпай жүрөсүз? Жакындарыңыз менен жолукканда кол алышпай учурашууга даярсызбы?", - деген суроолорду берген. Журналист элдин аң-сезимин көтөрүүгө, өзүнөн башка мекендештерине канчалык күйүмдүү экенин көрсөтүүгө аракет кылган", - деди Мирзо.

Бул материалдардан кийин Абдулло социалдык тармактарда троллдордун чабуулунда калган. Ал иштеген «Азия-Плюс» агенттиги соңку маалда журналистти коркуткандар болгонун билдирди.

Тажикстанда коронавирустун жайылып баратканы Абдулло сыяктуу журналисттер адеп коңгуроо какканчалык деңгээлде. Илдетке кабылгандардын расмий саны 13-майда 900дөн ашты. Акыркы бир суткада 106 адамдан илдет аныкталды. Каза болгондордун расмий саны 29 адам. Бирок социалдык тармактарда илдеттен каза болгондордун тизмесинде 170 адамдын аты аталат.

Вирус жуктуруп, кайтыш болгондордун арасында тажикстандык белгилүү лингвист Бахриддин Камолиддинов, илимпоз, белгилүү геолог Зухур Ёров, укук коргоочу Каромат Шарипов, ырчы Абубакр Зубайдов сыяктуу көрүнүктүү адамдар да бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG