Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Дүйшөмбү-Москва: учак билети кымбаттады


"Сомон Эйр" компаниясынын учагы
"Сомон Эйр" компаниясынын учагы

Дүйшөмбү менен Москва аба каттамдарына байланыштуу соңку чырды чечкенден бир жума өтпөй орус компаниялары авиабилеттердин баасын дээрлик эки эсе кымбаттатып жиберди. Байкоочулар бааны көтөрүү маселеси эки тараптын өткөн аптадагы сүйлөшүүлөрүндө макулдашылган болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдарын үзгүлтүккө учураткан чыр чечилгени кабарлангандан көп өтпөй жүргүнчүлөрдү кабатыр кылган жаңы маселе жаралды.

Тажикстанга каттаган орусиялык аба компаниялардын дээрлик баары билет баасын кымбаттатканы белгилүү болду.

Маселен "Урал аба жолдору" бир тараптын билетин мурдагыдай 4,5 миң рубл эмес 10 миң рублдан сата баштады. Адатта Тажикстандын мамлекеттик аба компанияларына салыштырмалуу орусиялык компаниялардын билеттери арзаныраак келет. Эми соңку кымбаттоо менен эки жактын билеттеринин баасы теңелип калды.

Эки тарап 4-5-апрелде Москвада өткөн сүйлөшүүлөрдө мунаса табышканын, токтогон аба каттамдары кайра жанданарын жарыялашкан. Бирок өткөн аптада Дүйшөмбү менен Москва кандай шартта кепке келгени ачык айтылган эмес.

Эми Орусиядагы тажикстандык мигранттардын арасында "тажик өкмөтү арзан билетке качырган кардарлар орус тарапка өтүп кетпесин деп, билеттердин баасын атайын көтөртүп жатабы?" деген күдүк суроолор жаралууда.

- Тараптар бири-бирине болушунча зыян келтирүүгө аракет кылышты. Ортодогу чыр Орусия билет баасын арзандаткандан кийин чыккан. Андыктан, соңку пикир келишпестикти "соода согушу" деп койсок болот. Анткени Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин баа ордуна келип калбадыбы, - деди тажикстандык мигрант Абдухалим Сафаров.

Москвадагы соңку сүйлөшүүлөр.
Москвадагы соңку сүйлөшүүлөр.

Дүйшөмбү менен Москванын ортосунда авиация тармагындагы соңку чыр март айынын ортосунда башталган. 12-мартта тажик бийлиги орусиялык "Урал аба жолдору" компаниясына Пермь-Дүйшөмбү сыяктуу бир нече жаңы каттамды ачууга уруксат бербей койгон.

Тажик өкмөтү мындай өзгөрүү алдын ала сүйлөшүлбөгөнүн жүйө келтирип, эки өлкө ортосундагы жүргүнчү ташууда теңдик болушу керектигин билдирген. "Урал аба жолдору" тажик бийлигин "орус аба компанияларын рыноктон сүрүп чыгууну көздөйт" деп айыптаган.

Жооп иретинде орус тарап 2-апрелден тарта тажикстандык "Тажик эйр" менен "Сомон эйрдин" Орусиянын ондой шаарындагы каттамына чектөө киргизип, тажик компанияларын узагыраак аба маршруттары менен учууга мажбур кылган. Дүйшөмбү да орусиялык беш компаниянын Тажикстанга багытталган каттамдарына карата ушуга окшош чечим кабыл алган. Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин 5-апрелден тарта бардык чектөөлөр алынганы кабарланган.

Аба каттамдар кайра калыбына келгенден көп өтпөй баалардын жогорулаганы боюнча орус тарап же орусиялык аба компаниялары түшүндүрмө берише элек. Тажикстандын транспорт министринин орун басары Шерали Ганджалзода сүйлөшүүлөрдө баа маселеси талкууланбаганын айтып жатат:

- Сүйлөшүүлөрдө баа маселесин талкуулаган эмеспиз. Бул ар бир компаниянын ички маселеси. Ар бири билеттин баасын өзү аныктайт. Биз сүйлөшүүлөрдө таптакыр башка маселелерди талкуулаганбыз.

Тажик президенти Рахмон кызы Озода менен.
Тажик президенти Рахмон кызы Озода менен.

Тажик бийлиги буга чейин эки өлкө ортосундагы каттамдар эки тарапка тең бөлүштүрүлүшү керек деп белгилеген жайы бар. Бирок Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин аба компаниялары 2017-2018-жылдагы кышкы тартип менен иштөөнү уланта берери белгилүү болгон. Бул орусиялык компаниялар каттамдардын 60 пайызын аткарат дегенди билдирет.

Буга кошумча тажик тарап орус компанияларына мурда каршы болуп келген Пермь - Дүйшөмбү, Жуковский - Куляб, Челябинск - Кожент жана Краснодар – Кожент багыты боюнча жаңы каттамдары ачууга да уруксат бергени кабарланган.

Тажикстанда кирешелүү улуттук бизнестин көбүнө президент Эмомали Рахмондун үй-бүлөсүнө жакын адамдар ээлик кылаарын айрым жергиликтүү жана эл аралык басылмалар байма-бай жазып келет. Маселен, өлкөдөгү эки негизги - "Тажик Эйр" жана "Сомон Эйр" аба компанияларын Рахмондун аялынын бир тууганы Хасан Асадуллозода көзөмөлдөөрү айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG