Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Тажикстан: балдар мечитке барбайт. Кыргызстандачы?


Тажикстанда 18 жашка чейинкилердин диний жайларга барышына тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.

Кыргызстанда да жалгыздап же ата-энесин ээрчип мечитке барган тестиерлер арбын. Айрымдар мечитти бала тарбиялоонун очогу катары санашса, бир даары баланы ата-эне, мектеп жана коом тарбиялашы керек деп эсептейт.

Мечитке каттаган балдар

14 жаштагы Арленди мектепте начар окуганы үчүн ата-энеси Бишкектеги мечиттердин бирине жайгашкан медресеге берип койгон. Арген ал жерден куран окуганды үйрөнгөнүн, бирок мектепте да билим алгысы келээрин айтат.

- Мектепте окуганда “беш” деген бааларды алып, жакшы окугам. Кайра кийин жаман окуп калып, программадан артта калып кеткем. Медресе деле жакшы. Куран окуп жатабыз, ошол бизге пайда. Эми быйыл сегизинчи класска киргизебиз деп жатат.

Кийинки кезде өспүрүмдөрдүн өз алдынча чогулуп алып, же болбосо ата-энесинин коштоосунда мечитке барганы арбыды. “Дил мүрөк” адеп-ахлак борборунун жетекчиси Өзбек ажы Чотонов балага ислам дининдей эч бир мекеме тарбия бере албайт деп эсептегендердин бири. Ал балдардын мечиттерге барышынан пайда гана болоруна токтолду.

- Кичинекейинен баштап үйрөтүш керек. Кийин кеч болуп, тарбия сиңбей калат. Бизде мектеп тарбия беримиш болуп, бирок бере албайт. Мектептерде билим гана берет. Мына азыр мектептерде, талап-тоноочулук, рэкет, уурулук болуп жатат. Ал эми жөнөкөй эле бир молдо балдарды жакшы тарбиялап койот. Ата-энесинин тилин алып, тамеки чекпей, уурдабай, арак ичпей жакшынакай жүрүп калышат.

Ошол эле кезде дин эркиндигине жамынып алып, туура эмес иш жүргүзгөндөр бар дешет айрым серепчилер. “Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова өспүрүмдөрдүн кандай мечитке барып жатканына ата-эне жана тиешелүү органдар көзөмөл жасаш керек деп эсептейт.

- Ар бир баланын ата-энеси балдарынын кайсы мечитке барып жатканын билип, такташ керек. Ошондой эле балдардын укугун коргоо уюмдары бар. Алар да бул мечиттерге көзөмөл кылыш керек. Анткени эрежелер бар да.

Тарбия мектеп менен ата-энеден болуш керек

Бишкек шаарынын тургуну Илияз Өмүралиевдин бир кыз, бир уулу бар. Ал балдардын мечитке барышына каршы.

- Адегенде ата-эненин тарбиясы болуш керек. Бала үйдөн тарбиялануусу зарыл. Андан соң мектеп тарбиялайт. Ошондой эле коомдун да таасири бар. Ал эми мечит тарбиялаш керек дегендерге мен каршымын.

Ош шаарындагы мечит
“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун төрага орун басары Данияр Мурадиловдун айтымында, Тажикстандагы өспүрүмдөрдүн мечитке баруусуна тыюу салган мыйзам саясий өңүттөгү чечим болушу ыктымал.

- Аларга түркүн диний агымдар, диндер, конфессиялар кирди. Ошолордон корунуу максатында болуп жатат. Диндердин ичиндеги агымдардан, башкача айтканда салафизм, вахабизм, "Хизб-ут Тахрирден" корунуу максатында бойго жете элек балдар мечитке барганда терс таасир, тарбия алабы деген аракетте кылышкан.

Тажикстанда өспүрүмдөрдүн диний жайларга баруусуна тыюу салган мыйзамды эл аралык уюмдар жана диний ишмерлер адам укугун чектейт деп сынга алып жатышат. Ал эми кыргызстандык байкоочулар бул жаатта эки өлкөнү салыштырууга болбойт деп эсептешет. Алардын оюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын диний жана демократиялык жетишкендиктери ар башка.
XS
SM
MD
LG