Тажик согушундагы массалык көмүүлөрдүн изи
Бул күндөрү Тажикстан жарандык согуштун (1992-1997) курмандыктарын эскерүүдө. Кандуу жаңжал басылгандан берки 15 жылда көптөгөн суроолор дагы деле жоопсуз калууда. Адамдар чогуу көмүлгөн жерлердин табышмагы чечиле элек. "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысы Aкрам Абдукахаров согуш маалындагы бейиттерге барып келди.