Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:46

Майып аялдын арманы


Файзигүл Шарипова, 5-август, 2009
Файзигүл Шарипова, 5-август, 2009

Тажикстанда догдурлардын айынан майып болуп калган аял сегиз жылдан бери акыйкаттыктын орношуна жетише албай келет. 6-августта ал ачкачылык жарыялады.

Файзигүл Шарипова 32 жашында катуу ооруп калат. Догдурлар операция жасап, алгач диагнозду натуура коюп алышканбы, айтор, операция ийгиликсиз өтөт. Файзигүл майыптын коляскасына отуруп калат. Бул окуя Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинде талкууланып, нааразылык көтөрүлүп кетпесин деп чочулаган чиновниктер Файзигүлгө чет-мамлектте дарыланууга чыгымдарын төлөп бермей болушкан. Ошондон бери сегиз жыл өттү. Эч ким убаданы аткаргысы жок...

Белинен ылдый бир да мүчөсү иштебей, паралич болуп калган Файзигүл жашоодон тойгонун айтат. Ал 5-августта министрликтин алдына митингге чыккан эле. Министрликтин расмий өкүлү Уктам Бобохожоев ага такыр кабыл алгыс жообун берип тим болду.

“Ал кайсыл жерде дарыланганы, каерден диагностикадан өтүп, ага канча төлөгөнү тууралуу толук маалымат керек, - дейт ал. - Бизге азырынча эч жерден бул айым дарыланганын далилдеген документ түзө элек”.

Бирок маселенин баары Шарипова акчасы жок болгондуктан дарылана албай жатканында экенин министрлик билсе да, билмексен болду.

Буга зээни кейиген майып-аял эртеси президент Эмомали Рахмондун резиденциясынын маңдайына келип, ачкачылык жарыялай турганын айтты.

“Мен бул жакка чыгышымдын себеби - Саламаттыкты сактоо министрлиги өзүнүн убадасын аткарышын талап кылам! Мен пикетке мыйзамдын аткарылышын талап кылып, чындыктын орношу үчүн чыктым. Милиция мени бул жерге чыгарбоого аракет кылып жатат. Бирок мен баары бир кайра келем. Министрлик убадасын аткарбаса, мен ачкачылыктан өлөм”, - деп билдирди Файзигүл Шарипова.

Чоң чуудан коркуштубу, же колдоосуз калган майып аялдын үнү президентке резиденциянын жанынан жакшыраак угулабы, иши кылып, заматта бийликтер аны алдалап-сооротуп, 10 күндүн ичинде бир жообун беребиз деп, бүт кагаздарын алып кетишти.

Файзигүлдүн окуясын “Азаттыктын” тажик редакциясы угармандарына айтып, интернеттеги сайтына да жазып чыккан эле. Угармандар, окурмандар арасында ал кызуу талкууну жаратып, майып аялга жардам бере турган адамдар да табыла баштады.

Нозиржон Солижанов – тажикстандык бизнесмен. Ал азыр Америкада жашайт. Бир эле учурда окуп, анан ишкердик менен да алектенип жүрөт экен. Файзигүл жөнүндө “Азаттыктан” угуп алып, ал бизге телефон чалган:

“Министрлик бул байкуш аялга айткан билдирүүсү, чынын айтканда, мени аябай капа кылды, - деп баштады сөзүн Нозиржон. - Алар аялдан кассанын чегин кантип талап кыла алышат? Министрликке ишенсек, эч ким бул аял сакайып кетет деп ишенимдүү айта албайт имиш. Мен Файзигүл Шарипованын бүт документтерин англисчеге которуп, анын абалын америкалык догдурларга түшүндүрүп берем. Нью-Йорктобу, Нью-Жерсидеби, Пенсильваниядагы, айтор, каерде болбосун, мүмкүн болушунча арзаныраак баада ага жардам берүүнүн жолун тапканга аракет кылам”.

Биз да Файзигүлдүн окуясы кандай өнүгө турганына назар салып турмакчыбыз. Бийликтер анын арызын карап, 16-августта жообун бериши керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG