Сузак: Шыбы түшкөн мектеп, бүтпөгөн курулуш
Сузактын Кара-Алма айлындагы тогуз жыл мурун башталган жаңы мектептин курулушу бүтпөй турат. Окуучулар ушул тапта 1975-жылы салынган эски мектепте билим алууда. Чатырынан суу таамп, дубалы көчүп жаткан мектепти буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу абалдагы имараттардын катарына киргизген.