Карантин түрдүү кесиптеги адамдарды эки айга жакын үйдө отурууга мажбур кылды. Бирок ошол эле учурда "чымыны барлардын” чыгармачылык шыгын ойготуп, атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин үлгүсүн өзүнөн кем эмес жасашына себепчи болду.
Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейи карантин учурунда искусствону сүйгөндөр үчүн өзгөчө белек кылып #aitievhome флешмобун уюштурган.
Анда кыргызстандыктар атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектерин кайталаганга аракет кылган. Алардын айрымдарына баа бериңиз.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири Сайкал Жумалиева атактуу балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын образын жаратууда. Портреттин түп нускасын чебер портретчи Алтымыш Усубалиев 1957-жылы тарткан.
Семён Чуйковдун кыл калемине таандык "Индия этюду" ("Индийский этюд") картинасы. Картинанын тирүү моделин Гүлзат Баялиева жараткан.
Эскерте кетчү жагдай, флешмобго катышкандар арасында кесипкөй сүрөтчүлөрдөн тарта ар кыл кесиптин ээлери, мугалимдер, үй кожойкелери, студенттер, мектеп окуучулары жада калса элчилер да бар.
Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин "Китеп көтөргөн бала" аттуу картинасынын тирүү моделин мектеп окуучусу Сулейман Айтматов жараткан.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин директорунун орун басары Чолпон Тентиева пандемия алар үчүн чоң сыноо, ошол эле учурда жаңыча иштөөгө мүмкүнчүлүк жаратып жатканына токтолду.
«Социалдык тармактар аркылуу үч долбоор иштеп жатат. Биринчиси - бул “Айтиев онлайн” программасы. Мында ар бир экспонаттын тарыхы жана улуу сүрөтчүлөр жөнүндө маалыматтар социалдык тармактарга жайгаштырылат. Ал эми #aitievkids окуу программасы карантинди балдар менен кантип кызыктуу өткөрүү керек деген ата-энелерге арналган.
Буга дагы катышкандар арбын. Мында балдар үчүн түрдүү сынактар уюштурулду. Өзгөчө программабыздын бири - бул #aitievhome. Бардык жарандарга челленждерди тартуулоо. Орусияда Изоизоляция деген челленж башталып, адамдар үйүндө отуруп эле атактуу картиналарга окшош сүрөт тартып жатышат. Биз дагы бул челленжди күйөрмандар арасында өткөрүп жатабыз».
Алтымыш Усубалиевдин "Орок кармаган аял" картинасы. Социалдык тармактардагы саамалыктын катышуучуларынын арасынан Тумар Акматалиева өз образын картинанын түп нускасына өтө жакын окшоштура алган.
Александр Игнатьевдин кыл калемине таандык "Учкуч Исхаковдун портрети".
Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Александр Игнатьевдин кыл калемине таандык "Учкуч Исхаковдун портрети" картинасындагы Исхаковдун образын Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет жараткан.
Кыргыз улуттук сүрөт музейинин директорунун орун басары Чолпон Тентиева элчи мырза ушул саамалыкка биринчилерден болуп катышканын билдирди.
Гапар Айтиевдин "Уз" картинасы. Белдемчиге сайма сайып жаткан аялдын образын Алмакан Найзабекова жараткан. Кыргыз көркөм өнөр ышкыбоздорунун арасында көбүнчө портрет жанрындагы сүрөттөрдү көрүүгө болот.
Саамалыкка катышкандар арасында пейзаж, натрюморт жанрларындагы эмгектерди окшоштурууга аракет кылгандарды да көрүүгө болот.
Мисалы, "Фейсбук" колдонуучусу Гүлзат Баялиева Турсунбек Койчиевдин «Эңилчек мөңгүсүндөгү көл» аттуу картинасын карантин шартында беткап, барак, желим баштыктар менен жасап, экинчи өмүр бергенге аракет кылган.
Кыргыздын туңгуч живописчиси Садырбек Акылбековдун эмгектерин канча карасаң да кумарың канбайт. Анын "Чычкан дарыясы" аттуу эмгегин Гүлзат Баялиева жашылча-жемиштер менен жасап койгон. Гүлзат Баялиеванын тапкычтыгы кимди болсо да суктандырбай койбойт.
Үч баланын энеси, учурда Германияда жашап, иштеп жаткан мугалим Гүлзат Баялиева карантинде балдары менен чогуу кыркка жакын авторлордун эмгектерин окшоштуруп жасап чыккан.
"Башында флешмобго карантинди балдар менен кызыктуу өткөрүү үчүн катышып жатканбыз. Алгач куурчактардан жасаганбыз. Анткени балдар менен ойногонго жакшы болчу. Кийинчерээк бул кызыгуубуз күчөп бир ай ичинде 38 реплика жасадык. Көпчүлүгүн Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинен алдык. Кызыгуубуз артып, балдар менен искусствону чогуу таанып, ошол эле учурда сүрөтчү Гапар Айтиевди жана анын эмгектерин элге жайылтууну максат кылдык".
Гүлзат Баялиева кызы жана баласы менен кошо Сүймөнкүл Чокморовдун "Уста" ("Старый уста") картинасынын тирүү моделдерин да жараткан. Бирок ал өзүнүн эмгегин "Изоляциядагы уста" деп атаган.
Өмүрү Кыргызстанга түбөлүк байланган С. А. Чуйковдун жумурай журтубузга белгилүү “Советтик Кыргызстандын кызы” деген сүрөтүндөгү бийкечтин образын студент Медина Солтоева түп нускасына окшоштура алган.
Үй кожойкеси Айчүрөк Кулмирзаева Сүймөнкул Чокморовдун "Эне" картинасына экинчи өмүр берген.
"Карантинде бош убакыт пайда болгондуктан, үй-бүлө менен музейдин чакыруусун көрүп, катыштык. Мен жолдошум колдобойт деп ойлогом, бирок идея аны да кызыктырды. Балдар менен чогуу кийимдерди, реквизиттерди таап, образдарды түзүүгө аракет кылдык. Процесс баарыбызга жакты, көңүл ачылды", - деди Айчүрөк Кулмирзаева.
Айчүрөк Кулмирзаева күйөөсү экөө Гапар Айтиевдин "Аскердик даярдык" картинасына жаңы өмүр берген. Карантин шартында жаралган картинадан үйдөгү чаң соргучту да байкоого болот.
Дагы бир "Фейсбук" колдонуучусу Кубат Каниметов карантиндеги жашоосун скульптор Тургунбай Садыковдун "Жолдогу эс алуу" эмгегине окшоштурганга аракет кылган. Каниметовдун эмгеги "Сыналгы менен муздаткычтын ортосундагы эс алуу" деп аталат.
СССРдин Эл сүрөтчүсү Семён Чуйковдун дагы бир белгилүү эмгеги "Чабандын кызы" аттуу картинасындагы кыздын образын жаш сүрөтчү Чолпон Мамазакирова жараткан. Чолпон картинага жаңыча образ берип, колуна дарбыз ордуна нан кармаган.
Буга чейин "Азаттык" дүйнөдө жүзүндө өтүп жаткан “Изоизоляция” саамалыгынын катышуучулары жараткан чыгармалар тууралуу макала даярдаган.
"Сиздин аракетиңиз ийгиликтүү болбогон учурда да живопись, скульптура ааламындагы сыйкырдуу дүйнөгө бир чөмүлүп, эстетикалык ырахат аларыңыз калетсиз! Бул саамалык художниктер жараткан романтикалуу, идеалдуу образдар биздин арабызда, биз менен кошо жашап жүргөнүн айкын кылды деп ойлойм. Ал үчүн оболу “Изоизоляция” саамалыгынын катышуучулары үлгү катары алган эмгектерди, алардын негизинде жаралган чыгармаларды кунт коюп бир караңыз. Анан күзгүгө барып, жүзүңүзгө, тулку боюңузга назар салыңыз же тегерегиңиздеги адамдардын кебетелерин байкап көрүңүз. Ошондо сиз да атактуу художниктердин эмгектеринен өзүңүздү, колуктуңузду, балдарыңызды же кайсы бир таанышыңызды сөзсүз табасыз..." - деп жазган жогорудагы макалынын автору Амирбек Азам уулу.
Карантин шартында жаралган эмгектер картиналардын түп нускасына окшош, бирок ошол эле учурда азыркы автордун кандай шартта жашап жатканын да ачык көрсөтөт.
Мисалы, сүрөтчү Адылбек Байтерековдун "Ойлонуу" аттуу картинасындагы кызды Эля Хасанова беткап тагынып алып туураган.
Дилором Ахмедова Алтымыш Усубалиевдин кыл калемине таандык "Ухандык кыз" картинасына жаңыча түс берген. Дилором Ахмедова жараткан образда кумурадан гүл өсүп чыкканын көрүүгө болот.
Жети жаштагы Амир Татанов белгилүү сүрөтчү Сабырбек Акылбековдун образында. Атактуу сүрөтчүнүн портретин Алтымыш Усубалиев тарткан.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейи уюштурган #aitievhome саамалыгына катышып, сиз дагы талантыңызды сынап көрсөңүз болот. Ал үчүн artmuseum.kg сайтына кирип живопись жана скульптура багытындагы 1500дөн ашык эмгетин арасынан өзүңүзгө жаккан картинаны таңдап аласыз. Калганы сиздин ой чабытыңызга жараша болот.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.