“Азаттык”: Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карай баштады. Бул процесстин мааниси канчалык деп ойлойсуз?
Жовтис: Биринчиден, бул процесс прецеденттик мааниге ээ. Жогорку Cот жаңы жагдайлар боюнча ишти биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун чечимине байланыштуу карай баштады. Экинчиден, бул – өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган, бир нече жылдан бери камакта жаткан конкреттүү бир адамга байланышкан окуя, анын акыйкатка жетүү укугу. Бардык тараптан алып караганда маанилүү.
Соттун алдында юридикалык гана эмес, саясий мүнөзгө ээ, өтө оор психологиялык-эмоционалдык фону бар олуттуу проблема турат. Сот мунун баарын эске алуусу зарыл.
Кандай чечим кабыл алынарын көрөрбүз, бирок ал сот системасынын, кылмыш процессинин, улуттук жана эл аралык укук институттарынын кызматташтыгынын өнүгүү процессине, албетте, чоң таасир тийгизет.
Эгер мамлекет нааразы да, нааразы эмес да жарандарын укукту урматтоого тарбиялагысы келсе өзү укук чегинде иштеши зарыл.
“Азаттык": Аскаровдун сотун айрым серепчилер Германия канцлери Ангела Меркелдин Бишкекке сапары менен байланыштырып жатат. Буга чейин ал Аскаров маселесин Атамбаев менен жолугушууда көтөргөн болчу...
Жовтис: Айтуу кыйын. Бирок мен ар дайым пайдалуу жагын алып караганга аракет кылам. Бул жараян Меркелдин сапары менен байланышта болуп, натыйжада Азимжан Аскаровго карата жакшы чечимге алып келсе, ооба, буюрсун. Конкреттүү бир адам үчүн бул өтө маанилүү.
Бизде тилекке каршы, укук менен саясат бири-бири менен аябай чырмалышып кеткен. Укук менен геосаясат андан да катуу чырмалышкан.
Андыктан кыргыз бийлиги, Жогорку Сот кандай турумду карманарын айтуу кыйын. Бирок көп талкуу жараткан бул процессте андай контекст Аскаров мырза үчүн жагымдуу болот деп ойлойм.
Ал эми жалпысынан алып караганда, эгер БУУнун комитетинин сунушун эске алган чечим кабыл алынса, бул жалпы сот системасын алдыга сүрөйт. Андай болбой калса, негативдүү таасирин тийгизиши ыктымал.
“Азаттык”: Реалдуу жагдайды эске алганда чечим кандай болот деп ойлоп жатасыз?
Жовтис: Алдын ала эч нерсе айта албайм. Бирок көпчүлүк учурда чуулгандуу окуяларга байланыштуу укуктук чечимдер эмоционалдык мүнөзгө ээ болот. Мындайда бийликтин жана сот системасынын алдында “силер же укук чегинде иштешиңер керек же саясий максатты көздөшүңөр зарыл” деген так маселе коюлат.
Менимче, эгер мамлекет нааразы да, нааразы эмес да жарандарын укукту урматтоого тарбиялагысы келсе өзү укук чегинде иштеши зарыл.
Эгер Жогорку Сот Аскаров үчүн негативдүү чечим чыгарса, бул Кыргызстандын кадыр-баркын, ага болгон мамилени, анын укукту сыйлоосун жакшыртат деп ойлобойм.
“Азаттык”: Жогорку Сот кабыл ала турган чечим Кыргызстандын кадыр-баркына кандай таасир тийгизиши ыктымал?
Жовтис: Көп учурда мамлекет үчүн өтө маанилүү болгон кадыр-барк, эл аралык имидж деген түшүнүктөр ички кырдаалды, элдин ички абалын эске алуу деген сыяктуу жагдайларга барып такалат. Кайсынысы жеңип чыгарын айтуу оор. Ошондуктан мен эл аралык репутация, ички саясий-эмоционалдык фон эмес, укук тууралуу көбүрөөк айтып жатам.
“Азаттык”: Эгер Жогорку Сот Аскаровду актабаса, мунун кесепети кандай болушу мүмкүн?
Жовтис: Айтуу өтө кыйын. Негизи БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушун аткарбай коюу позитивдүү имидж бербейт. Бул анык нерсе.
Эгер Жогорку Сот Аскаров үчүн негативдүү чечим чыгарса, бул Кыргызстандын кадыр-баркын, ага болгон мамилени, анын укукту сыйлоосун жакшыртат деп ойлобойм.
“Сиздер пактка, протоколго кол койгонсуңар, комитеттин компетенциясын билгенсиңер, комитеттин чечимин алдыңар, бирок аткарбай жатасыңар. Башка келишимдерге да ушундай мамиле жасабайсыңар деп ким кепилдик бере алат анда?”, - деген суроо жаралат.
Андыктан бул өлкөнүн дүйнөдөгү кадыр-баркын бекемдей турган ыкма эмес деп ойлойм.