Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

"Супер президенттик башкаруудан кетүү керек"


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда, супер президенттик башкаруу формасынан “күчтүү парламенти бар президенттик республикага” өтүү керектигин айтты. Айрым серепчилер Токаевдин бул убадалары 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого камылга экенин айтууда.

Касым-Жомарт Токаев парламентте сөз сүйлөп жатып, кандуу Январь окуяларында төңкөрүш жасоого аракет кылгандардын арасында белгилүү адамдар болгонун кыйытты.

"Төңкөрүш жасоого аракет кылгандардын арасында белгилүү адамдар болгон. Жогорку кызматтагылар мамлекетке чыккынчылык кылышты. Алар укук коргоо органдарынын мыйзам чегинде иш алып баруусуна бөгөт коюшкан. Шаарлардагы абал боюнча өкмөткө жалган маалымат берип турушкан".

Президент сөзүндө белгилүү инсандардын атын так атаган жок. Деген менен экс-президент Нурсултан Назарбаевдин эң жакын адамдарынын бири, Улуттук коопсуздук комитетин мурунку жетекчиси Карим Масимов менен анын үч орун басары камакта экени белгилүү. Алар "ыйгарым укуктарынан аша чаап, бийликти басып алууга аракет кылган" деп шектелүүдө.

Өткөн аптанын аягында Алматыда Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалды кармалган. Ага "мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген, башка кылмыштарга катыштыгы бар" деген жүйө менен айып тагылганы белгилүү болду.

Токаев ошондой эле Январь окуяларында айрым күч кызматкерлери камактагыларга тергөө учурунда кыйноолор болгонун моюнга алганын айтты. Ал мындай кыйноолорду “орто кылымдагы” ыкмалар менен салыштырды.

"Укук коргоо кызматкерлеринин кыйноо фактыларын моюнга алганбыз. Орто кылымдагы мындай жапайы көрүнүштөр прогрессивдүү коомдун принциптерине карама-каршы келет. Мындай фактыларды тез арада иликтөөгө буйрук берилген".

Казакстандагы кандуу Январь окуяларында кармалгандар кыйноого кабылып жатканы тууралуу маалыматтар соцтармактарда дале кызуу талкууда. Кармалгандардын жакындары полиция "күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн" кишилерди сабап, денесине ысык үтүк басып, ток менен кыйнашканын айтышууда. Тергөө изоляторунда кармалгандардын тиштерин жулуп, тырмактарына ийне сайган окуялар да катталганы ачыкка чыкты.

Kазак лидери саясий реформа тууралуу калкка кайрылуусунда, башкаруунун супер президенттик формасынан "күчтүү парламенти бар президенттик республикага" өтүүгө чакырды.

"Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө бардыгы президентке байланган. Бул туура эмес. Биз мындай тажрыйбадан акырындап кетишибиз керек. Мага мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктары бийликтин кошумча кыймылдаткычтарын алганга караганда маанилүү”, - деди президент Токаев 16-мартта парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында сүйлөп жатып.

Президент парламенттин жогорку палатасы - Сенатты мыйзамга өзгөртүү киргизүү укугунан ажыратып, ага мыйзам долбоорлорун четке кагуу же бекитүү укугун гана калтырып, парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилистин ролун күчөтүүнү сунуштады. Сенаттагы президенттик квотаны 15 депутаттан 10го чейин кыскартуу чечимине келгенин айтты. Ошондой эле Мажилисте Казакстан элинин ассамблеясынын (КАС) квотасын жоюуну жана ал мандаттарды Сенатка өткөрүп берүүнү жактады.

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

Касым-Жомарт Токаевдин мындай сунуштарын сындагандар жок эмес. Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев президенттин учурдагы саясаты эки жылдан кийин өтүүчү шайлоого камылга экенин Фейсбук баракчасына жазды.

"Президенттин кайрылуусу 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрүү аракетин эске салды. Анткени, январдагы окуядан кийин саясий стабилдүүлүктү сактап калуу жагынан бийликти абдан кооптондурууда. Айрым реформалык демилгелерди айтып, коомдо топтолгон бууну жарым-жартылай даярдалган билдирүүлөр аркылуу чыгарып калалы деп жатышат. Кызыгы, супер президенттик системадан күчтүү парламенти бар президенттик өлкөгө өтүү жөнүндөгү сунушун Токаев өзү 2014-жылы Сенаттын спикери болуп турганда айткан. Аны кайталап жатканы кызык. Анда ал "күчтүү президент – таасирдүү парламент – отчет берүүчү өкмөт" деген формула боюнча президенттик-парламенттик башкаруу формасына өтүү эбак эле башталганын айткан".

Жоанна Лиллис.
Жоанна Лиллис.

Журналист жана Борбор Азия боюнча эксперт Жоанна Лиллис Твиттердеги билдирүүсүндө, саясий партияларга басым жасап, өзгөчө оппозициячыл партиялардын каттоо маселесине токтолду.

"Токаевдин "улуттун абалы" боюнча баяндамасы аяктады. Саясий реформа убадалары айрымдар күткөндөй ишке ашкан жок. Саясий партиялар өзгөрөт, бирок бул оппозициячыл партиялардын каттоодон өтүшүнө байланыштуу болот".

2019-жылы мартта Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенден кийин президенттик кызматка келген Kасым-Жомарт Токаевди серепчилер ушул жылдын башына чейин дээрлик отуз жыл башкарган автократ лидердин көлөкөсүндө жүргөн “жарым жартыкай президент” катары көрүшкөн.

Январдагы калаба учурунда Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан ажырап, өзүн "жөнөкөй пенсионермин" деп атады. Анын жакын туугандары жана айрым санаалаштары ээлеген кызматтарынан ажырап, натыйжада "Токаев өз ордун кыйла бекемдеди" деген сын-пикирлер айтылган.

Казакстанда январдын башында болгон башаламандыкта кеминде 238 киши өлгөнү расмий айтылган. Алардын аты-жөнү ушул күнгө чейин жарыялана элек. Өлкө жетекчилиги муну бийликти басып алуу үчүн жасалып, чет өлкөдө даярдалган айрым “террордук топтордун чабуулу” деп жарыялаган. Бирок бул дооматты ынанымдуу далилдер менен ырастай элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG