“Абал күндөн-күнгө жакшырууда”
Бул жакта абал күндөн-күнгө оңолуп баратат. Түштүк Корея вирус менен күрөштө үлгү көрсөттү десек жаңылышпайбыз. Муну статистика жана акыркы маалыматтар айгинелеп турат. Менимче, буга заманбап технология, вирусту аныктоо системасынын даярдыгы, социалдык жана каржылык маселелер, корей коомунун кыйын учурда бир муштумга түйүлгөнү түрткү болду.
Түштүк Кореяда тартипти аябай жакшы сакташат жана бийлик да ыкчам аракеттерди көрдү. Бир адамдан коронавирус табылса, анын буга чейин баскан-турган жерлерин, качан, кайсы аймактарда болгону тууралуу маалыматты дароо телефондорго жиберип жатышат.
Изилдөө борборлорунан тарта, чакан стартаптар дагы коронавируска каршы күрөшкө аёосуз салым кошту.
Жасалма интеллекттин жардамы
Маалым болгондой, оорунун очогу Тегу шаары. Коронавирустун жайылышына 8000 мүчөсү бар диний уюмдун ишмердигин токтотпой койгону себепчи болду. Илдетке чалдыккандардын көбү ошол уюмдун мүчөлөрү менен байланышта болгон.
Тегуда коронавирус таркай баштагандан күндөн тарта бир суткада 10 миңдей адамды текшерип жатышат. Бул жагынан Түштүк Корея озду. Маалыматтарга таянсак, Кытайда, Кошмо Штаттарда күнүнө 1500 адам гана текшерилет экен.
Анализдерди текшерүүдө жасалма интеллект колдонулуп жатканы кабарланды. Ошончо көп адамдын анализи колго текшерилсе, аны аныктаганга көбүрөөк убакыт кетмек экен. Бул оңой жумуш эмес да.
Бир журналдан "Seegene" компаниясы тууралуу окуп калдым. Компания узак жылдардан бери коронавирустарды изилдеп келет экен. Кытайдын Ухань шаарында COVID-19 вирусу жаңы чыкканда “Seegene” компаниясы Түштүк Кореянын өкмөтүнө кайрылып, бир жума ичинде диагностикалык системаны сынап, каттоодон өткөрүп, дароо ишке киргизилиптир.
“Эл көп жыйналган иш-чаралар токтотулган"
Көптөгөн иш-чаралар январь айынын соңунда илдет анча жайыла электе эле токтотулган.
Атай кетсем, диплом тапшыруу аземдери, фестивалдар жылдырылган. Жумушчулардын көбү үйдөн иштеп, жыйындар онлайн - Skype, Zoom тиркемелери аркылуу өтүп жатат. Мисалы, биздин институтта кызматкерлердин отуз пайызы гана кеңсеге келип жатышат. Мындай ички мыйзамды мекеменин жетекчилиги кабыл алды. Командабыздагы он адамдын үчөө гана лабораторияга барат, калганы үйдөн иштеп жатат. Бул коронавирустун жайылышына каршы фундаменталдык кадам болду десем жаңылышпайм.
Январь айынан тарта эл көп топтолгон жайларга электрондук «теплодетекторлор» орнотулду. Ал адамдын дене табы жогоруласа, дароо аныктайт. Автоунааларды токтотуп, айдоочуларды да, жүргүнчүлөрдү да текшерип жатышат.
Өлкө боюнча ар бир районго коронавирусту тест кыла турган борборлор ачылды жана ал жакта текшерүү толугу менен бекер жүрүүдө.
“Беткап баарына жетиштүү»
Беткап тууралуу айта кетсек, эл талай баштаганда бийлик чара көрүп, жашка жараша сатып алуу системасын орнотуп койду. Азыр беткап баарына жетиштүү. Ал эми бейөкмөт компаниялардын бири аймактагы кайсы дарыканада беткап бар экенин көрсөткөн онлайн карта жасап чыгарды.
Сырттан карап туруп Түштүк Кореянын ушундай иштегенине ыраазы болосуң. Корейлер абдан түшүнүктүү эл экен. Көчөдө беткапсыз адамды учуратуу оор. Автотранспорттордун ар биринде колду дезинфекциялоочу суюктуктар орнотулган. Үйлөрүбүзгө чейин келип, антисептиктерди акысыз берип кетишти.
Расмий маалыматтарга караганда, COVID-19 вирусуна каршы күрөшкө жана экономиканы кайра калыбына келтирүүгө пландалган чыгым 4-мартта 13.6 млрд АКШ долларынан ашыптыр. Кыргызстан дагы колунан келишинче бардык чараларды көрүп, мекендештерибиз бардык эрежелерди так сактаса, ушундай эле ийгиликтерге жетише алабыз деген ойдомун. Баарына саламаттык каалайм.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.