Кыргызстанда мындан тогуз жыл мурун башталган сот реформасынын үчүнчү этабы башталганы менен жыйынтыгы көрүнбөй жатканы айтылууда.
Коррупцияга каршы алгачкы кадам
Кыргызстанда 2010-жылы 7-апрелде бийлик күч менен алмашкан соң өлкөдө Конституцияны жаңыртуу боюнча демилге көтөрүлүп, анын негизги өзөгүн сот реформасы түзөрү айтылган. Сот реформасы негизинен үч этаптан туруп, бул демилге боюнча Кыргызстан 2022-жылга карата толук реформаланган адилеттүү сот тутумуна ээ болмок.
Жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, сот бийлигин жаңылаш үчүн 2010-2014-жылдар аралыгында сот реформасынын биринчи этабы жарыяланган.
Сот адилеттигин камсыз кылыш үчүн парламент «Соттордун макамы жөнүндө», «Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Конституциялык палата жөнүндө», «Соттук өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Сотторду тандоо кеңеши жөнүндө» мыйзамдарды кабыл алган. Анда сот бийлигинин өз алдынчалыгын камсыз кылуу, сот чечимдерине сырттан таасир этүүнү чектөө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу иштери камтылган.
Ишти автоматтык бөлүштүрүүнүн аксашы
Алардын бири - карала турган соттук иштерди автоматтык негизде электрондук тутумдун жардамы менен бөлүштүрүү долбоору болчу. Бирок сот органдарынын жетекчилери көпчүлүк соттук иштерди мурдагыдай эле бөлүштүрүп, судьяларга үстөмдүк кылып, басым жасоонун элементтери сакталып калып жатканы коомчулукта сынга алынууда.
Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова сот иштерин автоматтык бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашканы менен аны андан ары өркүндөтүү маселеси колго алынбай калганын белгиледи:
«Мыйзамда «карала турган соттук иштер судьяларга автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт» деп турат. Бир нече жыл мурда ошондой пилоттук долбоор ишке киргизилгенде анын жыйынтыктары жакшы көрсөткүчтөрдү көргөзгөн. Эл аралык донорлор улам эле каржылай бербейт. Ошондуктан аны мамлекет кийин өзү улантып, каржылап кетиши керек болчу.
Азыр сот тармагына көп эле каражат бөлүнүп жатат. Бирок эмнегедир сот органдарынын жетекчилери ошол нерсени киргизүүгө ынтызар болуп, каражатты ал жакка жумшабай жатышат. Анткени сот органдарынын төрагалары иштерди бөлүштүрүү аркылуу сотторго үстөмдүк кылып, басым жасоого мүмкүнчүлүк алышкан. Ал эми соттук иштер автоматтык түрдө бөлүштүрүлө баштаса, сот органдарынын жетекчилери судьялардын ишине таасир этип, анча кийлигише албай калмак. Биз байкоо жүргүзгөндө сот органдарынын жетекчилери соттук иштерди бөлүштүрүүдө кээ бир судьяларга соттук иштердин көбүн кароого берсе, кээ бирөөлөрүнө азыраак бөлүнгөн. Бул жерде да адилетсиздик бар. Иштер калыс каралсын десек, анда биз төрагалардын судьяларга ишти бөлүп берүү укугун чектеп, алардын ишти кароого таасир этүү үстөмдүгүн жокко чыгарышыбыз зарыл.
Автоматтык түрдө иштер бөлүштүрүлө баштаса, кайсы судьяга кандай сот иши туура келерин алдын ала билүүгө, келишип алууга же судьяга таасир этүүгө мүмкүн болбой калат. Анткени төрагалардын судьяларга карата куралы - бул соттук иштерди бөлүштүрүү. Азыр төрагалар бөлүштүргөн соттук иштердин арасында «майлуу иштер» деген түшүнүк бар экен. Андай иштерди кароону төрагалар өздөрүнө жакын судьяларга тапшырып беришет экен. Саясий кызыкчылыгы бар соттук иштерди кароону бийликти колдой турган же колдоого аргасыз абалдагы судьяларга беришет. Ошондуктан ушул күнгө чейин судьялардын үстүнөн көзөмөлдү колдон чыгарбаш үчүн соттук иштерди автоматтык бөлүштүрүүгө жол берилбей келе жатат».
Ар кайсы соттук инстанциялардагы судьялардын соттук чечим кабыл алышына бийликтин же болбосо кайсы бир таасирдүү тараптын сырттан кийлигишүүсүн жокко чыгарыш үчүн соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү боюнча 2016-жылы «Электрондук сот өндүрүшү» пилоттук долбоору ишке киргизилгени жарыяланган.
Эл аралык донорлордун каржылык жардамына таянган мындай долбоорлор Бишкек район аралык сотунда, Свердлов райондук жана Аламүдүн райондук сотторунда сыноодон өтүп жатканы белгилүү болгон. Бирок ошол пилоттук долбоорлор аяктаган соң сот бийлиги аларды мамлекеттик каражаттын эсебинен андан ары өркүндөтүп, уланта турганы эмнегедир ачыкка чыккан эмес.
Автоматташтырылган маалымат тутуму же электрондук сот өндүрүшү менен Бишкек шаарындагы биринчи инстанциядагы жергиликтүү сот органдары камсыз боло турганы айтылган болчу. Бул долбоор сотко арыз кабыл алынгандан тартып, сот актылары менен материалдар архивге кеткенге чейинки документтердин баарын электрондоштурууга багытталган эле.
Иш илгерилеп жатабы?
Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Элмира Байтикова биринчи жана жогорку инстанциядагы судьялар менен аппарат кызматкерлери электрондук сот өндүрүшү боюнча окуулардан өткөнүн айтып, сот иштерин автоматтык түрдө бөлүштүрүү механизми иштеп жатканын билдирди:
«Соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү жергиликтүү соттордо жана Жогорку сотто иште кирген. Ал эми экинчи соттук инстанцияда бул долбоор иштей элек. Бизде азыр миңден ашуун адам ошол электрондук сот өндүрүшү боюнча окуудан өткөн. Анын арасында судьялар, сот органдарынын аппарат кызматкерлери, судьялардын катчылары бар. Азыр эми ошол экинчи инстанциядагы сотторду жана сот кызматкерлерин окуудан өткөрүү планга киргизилген.
Элдин сотко карата ишенимин бекемдөө, сот иштерине таасир этүүдөгү адам факторун азайтуу жана сот жараяндарын акыйкат жүргүзүү деген талаптын негизинде бул долбоор ишке киргизилген. Долбоор жакында бардык сот органдарында иштей баштайт. Азыр биз эми бул долбоордун жыйынтыктары боюнча мониторинг жүргүзө элекпиз. Аны эми жарандар жана коомдук уюмдар байкап, баа беришет. Бул сот реформасын ишке ашыруудагы эң негизги талап».
Сот реформасына кеткен каражат
Кыргызстанда сот тармагын реформалоо боюнча демилгени эл аралык уюмдар, анын ичинде Евробиримдик менен АКШнын Мамлекеттик департаменти кызуу колдогон.
Евробиримдик Кыргызстандагы сот тармагын реформалоо жана укук үстөмдүгүн бекемдөө боюнча 2014-жылдан 2020-жылга чейинки мамлекеттик программаны колдоого жалпысынан 184 млн. евро гранттык каражат бөлүүнү караштырган.
Ага чейин 2016-жылы Евробиримдик Кыргызстандагы сот реформасын жүргүзүүнүн эки этабына 13 млн. евродон, жалпысынан 26 млн. евро грант бөлгөн болчу.
Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти IDLO эл аралык уюму аркылуу Кыргызстандагы укук үстөмдүгүн жана сот реформасын колдоо долбоорун ишке ашырууга 2011-жылы беш жылдык мөөнөткө 6 млн. 600 миң доллар берген. Бул долбоор 2016-жылы жыйынтыкталып, андан соң ошондой эле гранттык каражат менен долбоорду колдоо улантылган.
Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык IDLO уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Уильям Альфред Хьюстон карала турган соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүгө байланыштуу программалык камсыздоону ишке киргизүү техникалык себептерден улам кечеңдеп жатышы мүмкүн экенин айтты:
«Тиешелүү маалыматтар менен модулдарды киргизип, соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү боюнча программалык камсыздоону толугу менен иштеп чыгып, ишке киргизиш үчүн дагы бир нече ай керек болот. Мында бир топ индикатор бар. Соттордун ишти кароо жүктөмүн, доо арыздардын татаалдыгын, көлөмүнүн деңгээлин электрондук шартта аныкташ үчүн электрондук сот өндүрүшүнө бир катар автоматтык иштелмелер керек болот.
Соттук иштерди автоматтык бөлүштүрүү учурунда ушундай жагдайлардын баары эске алынууга тийиш. Программалык камсыздоого киргизе турган ушундай бир нече деталдар бар. Ошолордун баары азыркы күнгө чейин толук иштелип чыга элек. Биздин программа бул долбоор менен иштебейт. Аны Жогорку сот Евробиримдиктин жардамы менен ишке ашырганы турат. Менимче, дагы алты айдан кийин ошол модулдар даяр болуп, бардык сот органдарында соттук иштер автоматтык түрдө бөлүштүрүлүп калат деген ишеним бар».
Кыргызстандагы сот тармагын реформалоо, соттордун өз алдынчалыгы, сот адилеттиги менен укук үстөмдүгүн камсыздоого багытталган долбоорлордун ишке киргизилгени 2011-жылдан бери байма-бай жарыяланганы менен алардын натыйжалуу ишке киргизилиши боюнча суроолор көп.
Сот тармагын реформалоонун алкагында карала турган соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү, жараяндын жүрүшүн реалдуу убакытта видео тасмага тартып, уюштурууну техникалык жактан камсыздоо жана соттук актыларды Интернетке жайгаштыруу сыяктуу иштер каралган. Бул долбоорлор соттук чечим кабыл алууга сырттан кийлигишүүнү азайтуу максатын көздөй турганы көрсөтүлгөн. Бирок жарандык активисттер далай жылдардан берки ушундай аракеттерге карабастан жакшы жыйынтык чыкпай келе жатканын айтышууда.
Сот актыларын ачыкка чыгаруунун кыйынчылыгы
Юрист Клара Сооронкулова соттук актылардын бардыгын сайтка жарыялоо боюнча милдеттенме дагы толугу менен аткарылбай жатканын сынга алды:
«Sot.act.kg деген атайын иштелип чыккан сайт бар. Мыйзам боюнча судьялар чыгарган сот актыларынын баарын ошол сайтка жайгаштыруу милдеттендирилген. Бирок бул жерде дагы бир маселе бар. Анткени мында иш боюнча сот жараянына катышуучулардын аты-жөнүн ачыкка чыгарбоо деген талап коюлуптур.
Анан ошол деперсонализация деген түшүнүк ишти караган соттордун өздөрүнө да тиешелүү болуп кетиптир. Ишти кайсы судья караганын билүүгө мүмкүн эмес. Сайтка жарыяланган сот актыларынан аны чыгарган судьялардын аты-жөнүн көрүүгө мүмкүн эмес. Анан дагы сот актыларынын көпчүлүгү сайтка жайгаштырылбайт. Анан бир катар сот актылары сабатсыз жазылган. Кылмыш иштери боюнча сот өкүмдөрүндө тергөөнүн, мамлекеттик айыптоочулардын корутундуларын эле сот чечимдерине көчүрүп алып жазган өнөкөт үстөмдүк кылат. Сот өз алдынча соттук териштирүү жүргүзүшү керек да».
Сот актыларын толугу менен сайтка жарыялоо боюнча долбоорго мониторинг жүргүзгөн укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун эксперт-кеңешчиси Дилбара Максимбекова соттор чыгарган чечимдерин интернет-сайтка жарыялоо көрсөткүчү мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйүп жатканын белгиледи:
«Долбоордун алкагында биз тиешелүү сот актыларын карап, изилдей турган жумушчу топторду түзгөнбүз. Ошол сот актылары сайтка жайгаштырылып турат. Анан ошол чыгарылган сот актылары боюнча изилдөөнүн негизинде, андагы айрым бир соттук колдонуудагы мыйзамдардын чечмелениши тууралуу талкуулар жүрүп жатат. Жарандык иштер жана кылмыш иштери боюнча чыккан соттук актылардагы колдонулган же жетекчиликке алынган укуктук ченемдерди карап чыгып, талдап, тиешелүү изилдөөлөр болуп жатат.
Мисал үчүн күрөө боюнча милдеттерге байланышкан соттук талаштардан улам соттук актыларга жасалган анализдердин баяндамасы басып чыгарылды. Анан соттор, адвокаттар, прокурорлор катышкан жыйындарда андагы жагдайларды талкууга алып, соттук практика боюнча пикир алмашуу азыркы учурда өз жемишин бере баштады».
Финансы министрлигинин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, сот тутумуна 2016-жылы 1 миллиард 213 миллион сом, 2017-жылы 1 миллиард 260 миллион сом, 2018-жылы 1 миллиард 555 миллион сом жана 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн.
Буга сот тармагына сот реформасын жана укук үстөмдүгүн колдоого багытталып, эл аралык донор уюмдардан келген гранттык каражаттар кошулган эмес. Сот имараттарын оңдоого, капиталдык курулушка жана техникалык камсыздоого ири өлчөмдө каражат бөлүнгөнү менен санариптештирүү долбоорунун алкагында «Электрондук сот өндүрүшүн камсыздоо» долбоорун андан ары улантууга мамлекеттик бюджеттин эсебинен канча каражат бөлүнгөнүн Жогорку соттун расмий сайтынан таба алган жокпуз.
Акталбай жаткан акча
Былтыр Бишкекте өткөн соттордун курултайында президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагына бюджеттен жыл сайын өтө чоң каражат бөлүнгөнү менен соттордун ишмердигинин жыйынтыгы көрүнбөй жатканын сынга алган болчу:
«2018-жылы май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында «Реформа жасаш үчүн эмне керек?» деген суроомо сот системасынын өкүлү «саясий эрк жана акча» деп жооп берген. Саясий эрк бар, каражат да бар. Биз эң оор реформаны баштап жатабыз. Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүп жатат.
Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өнүккөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз артыкчылыктуу багыт кылып отурабыз. Бирок силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат».
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы судья Курманкул Зулушев соттордун мыйзамсыз иштери бийликтин сот реформасы тууралуу айткандарын жокко чыгарып, реформанын ордунан жылбай жатышына өбөлгө түздү деп эсептейт.
Сот реформасынын жүрүшү жай 10.12.2019
Кумга сиңген каражат
Сот адилеттигин камсыздай турган сот реформасынын толук ишке ашпай жатканын жана бөлүнгөн каражат өзүн актабай жатканын депутат Курманкул Зулушев тармактагы тутумдашкан коррупциянын жыйынтыгы катары мүнөздөдү:
«Сот реформасы жүрүп жатканына сегиз жыл болду. Сот бийлиги «мына, ушундай реформа жүрдү. Ушул иш аягына чыкты» деп айтып бериши керек. Бирок маалыматтарды угуп отурсак азыр деле «мындай кылышыбыз керек, тигил ишти кылышыбыз керек» деп көп ишти эми баштаганы жатат. Өлкө башчысы айткандай, бөлүнгөн 2 миллиард сомдон ашык каражатты туура пайдаланыш керек. Ал акчага салынган имараттардын сапаты кандай болуп жатат? Бул чоң маселе. Каражат кумга сиңген суудай эле жок болуп кетип атабы же максаттуу пайдаланылып жатабы?».
Ал эми Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева былтыр «Азаттыктагы» маегинде сот реформасынын жыйынтыгы күтүлгөн натыйжа бербей жатканын белгилеген. Ошондой эле ал сот адилеттигин камсыздоо жана соттордун өз алдынчалыгын чыңдоо ар бир судьянын мыйзамдуулукту сактоого байланыштуу аракетинен көз каранды экенин баса белгилеген:
«Азыр элдин сотко карата ишенимин кайтаруу - ар бирибиздин милдетибиз. Ишеним кандай жолдор менен кайтарылат? Биз ошого байланыштуу азыр элге чыгышыбыз зарыл. Анда ар бир сот иши боюнча биз адамдарга кеңеш бере албайбыз. Бирок мыйзамдуулук маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк болот. Биздин иштин бир өзгөчөлүгү - соттун чечими чыккандан кийин тараптардын бири сөзсүз ага нааразы болуп чыгат. Бул жерде кептин баары судьянын өзүнүн жоопкерчилигине жана ишке карата мамилесине байланыштуу. Кандай гана басым болбосун, судья өзү коркпой мыйзам чегинде чечим чыгарса, анда ал ага ким чалып, ким суранып, ким талап кылса да кийин чыгарган чечими боюнча өзүн мыйзам астында коргой алат».
Кыргызстанда сот тармагын реформалоо 2010-жылы парламентке келген саясий күчтөрдүн шайлоо платформасынын негизги өзөгүн түзгөн болчу. Андан кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жана 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкерлер сот реформасын аягына чыгарып, натыйжалуу жүргүзүү боюнча убадаларды беришкени белгилүү.