Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:21

"Соодага ыңгайсыз". Салык системасына каршы акция уланды


Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы акцияга чыккан соодагерлер. 12-июнь, 2024-жыл.
Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы акцияга чыккан соодагерлер. 12-июнь, 2024-жыл.

Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы чыккан “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери 12-июнда Бишкектеги Горький гүл багында нааразычылык акциясына чыгышты.

"Сооданы солгундатып жатат".

Үч базардагы 500гө жакын соодагер чогулуп, өкмөттөн жөнөкөй салык системасын түзүп берүүнү суранышты. Нааразылык акциясына келгендердин бири ар бир товарга электрондук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактура жазып берүү убакытты аларын айтып, сооданы солгундатат деп тынчсызданууда.

Cоодагер. Журналисттерге аты жөнүн айтууну каалаган жок.
Cоодагер. Журналисттерге аты жөнүн айтууну каалаган жок.

"Бир нече кардар келет, “эртерээк соода кылбайсыңарбы” деп. Ага жооп бергенче бул жактан суроо берет “бул канча, тигил канча” дегедей. Биз ошол учурда компьютер басабызбы, ЭТТН чыгарабызбы же ЭЭФ басабызбы? Тигил айдоочуну кетиребизби же жүк жөнөтөбүзбү? Биз жетишпей жатабыз”, - деди соодагер.

Жаңы салык системасы менен иштеп көрдүм деген Максат аттуу соодагер анын татаал экенин, соодага ыңгайсыз, кошумча бухгалтер алууга аргасыз болорун айтты:

Максат.
Максат.

"Салык төлөгөндөн качан жокпуз. Биз дагы мамлекет өнүксүн деп жатабыз. Алдыга кеткенге даярбыз. Бирок, бизге жөнөкөй системаны алып келгиле. Биз эмес ошол жаткагы салыкчылар дагы түшүнбөй жатат. Бухгалтерлер айтып жатат. Кыйын эсепчи болгон күндө дагы ЭТНН туура эмес чыгып калат деп. Туура эмес чыкканда коррупция кылып салыкчыга акча бериш керек”, - деди.

Чогулгандардын арасында ККМдин ордуна мурдагыдай эле патент системасын калтырууну талап кылгандар да болду.

Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Исабеков патент жоюларын айтып, бул талап кабыл алынгыс экенин белгиледи.

Ал эми Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны колдонуу боюнча жеңилдетилген система иштелип чыкканын, жакында базарларда атайын түшүндүрүү бөлүмдөрү ачыларын маалымдалды.

“Тиркеме ишке ашырылды. Ошол тиркемени азыр базарларга түшүндүрөбүз. Бул жеңилдетилген система. Ошону менен ЭТТК жана эсеп-фактураны жасаса болот”.

10-11-июнь күндөрү дагы “Дордой Дыйкан” менен “Ош базарынын” соодагерлери ЭТТК жана ЭЭФны колдонууга каршы чыгып иш таштаган.

Бишкекте үч базардын соодагерлери митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00

Мамлекеттик салык кызматы өлкөдөгү базарлардын ишкерлерин текшерүү жүргүзүү 1-январга чейин токтотулганын кабарлады. Бул электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонбогон соодагерлер үчүн да тиешелүү.

Ишкер Нурбек Шайбылдаев жаңы салык системасын киргизүүгө өткөөл мезгил керек экенин жана баскыч-баскыч менен ишке ашырууну сунуштайт.

“Салык реформасынын багыттары туура. Бирок, механизм жана мөөнөттөрү туура эмес болуп жатат. Дароо ишке ашыруу таттаал. Ошондуктан өткөөл мезгил аябай керек”, - деди ишкер.

Кыргызстанда 1-июлдан баштап бардык соода иштеринде милдеттүү түрдө ККМ колдонулушу керек. Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ), электрондук коштомо кагазды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөргөн.

Мамлекет башчы салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү көмүскө экономиканы азайтууга, мамлекет менен ишкерлер ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айткан.

Жыйында электрондук товардык коштомо кагазды колдонбогондорго айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганы белгилүү болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG