- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Сөзгө келүү үчүн дүйнөлүк согушту күтүү керекпи?
Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардан кийинки эл аралык келишимдер, макулдашуулар глобалдык аренада негизги эрежелердин көбүн калыптандырганы менен, дүйнөлүк мамилелерди кандайдыр бир тартипке салууга жетишсиз боло баштады.
Тагыраагы, алардын аткарылышы өтө кыйын. Албетте, ар бир процесске, тенденцияга, реалдуулукка жана чакырыкка карата дүйнөдө жалпы глобалдык, регионалдык жана улуттук (мамлекеттик) мамиле бар. Биз буга чейинки тажрыйбага кайрылып, айрым эл аралык окуялардын мисалында маселени чечмелеп көрөлү.
Суверенитет жана адам укуктарын сыйлоо, күч колдонбоо, мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө, милдеттенмелерин абийирдүүлүк менен аткаруу, мамлекеттердин чек араларынын бузулбастыгы, өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүнө доо келтирбөө, талаш маселелерди тынчтык жол менен чечүү деген сыяктуу принциптердин айрымдары мындан бир нече кылым мурда, калгандары Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардан кийин, далай талаштан улам кабыл алынган.
Маселен, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана суверенитет принциптери 30 жылдык согуштан кийин 1648-жылы Вестфалиядагы тынчтык конференциясында макулдашылган. 1928-жылы декабрда Улуттук саясаттын куралы катары согушту колдонуудан баш тартуу тууралуу келишимге кол коюлган. Тарыхта Бриан-Келлог пактысы деген ат менен белгилүү. Ушул шартнаманы демилгелеген француз тышкы иштер министри жана анын сунушун колдогон АКШ дипломатынын ысымдары менен аталган бул келишим үч эле беренеден турат.
Биринчи жана экинчи беренелерде макулдашкан тараптар эл аралык талаштарды жана өз ара мамилелерди жөнгө салууда согуш аракеттеринен баш тартат, ар кандай чыр-чатакты чечүүдө тынчтык жолдорун издөөгө тийиш деген жөнөкөй жана түшүнүктүү милдеттенмелер жазылган.
Жогоруда саналган принциптер адамзатты азапка салган согуштардан улам келип чыккан укуктук, саясий, ыймандык муктаждыкты чагылдырат. Кан менен жазылган, терге жуурулган, көз жашка сугарылган баалуулуктар. Бирок аймактык жана эл аралык жаңжалдар, ар кандай чырлар куралдуу кагылыш нугуна өтө баштаганын байкоо кыйын эмес.
Украинадагы согуш деп аталбаган согуш, Израил/ХАМАС кандуу кармашы, Азербайжан/Армения жаңжалы, Сирия, Ливан, Йемен, Ирак - деги ондогон мамлекеттердеги куралдуу кармаштар буга мисал.
Жанжалдашкан тараптарды элдештирүү аракеттеринен азырынча майнап чыга элек. Каршылаш тараптарга курал-жарак берүү он эселеп өстү. Акылгөйлөр экинчи кансыз согуш тууралуу, ал эми саясатчылар менен аскер башчылары өзөктүк согуш тууралуу кадимкидей кеп кыла баштады. Кансыз согуш демекчи, биринчи кансыз согушта ири державалар куралдуу жаңжалга жеткен эмес.
Эми "casus belli" (согушка шылтоо) сөзү жаңыра баштады. Кубаттуу державалардын башчылары бул терминди оозана элек, бирок алардын аракеттерин талдаган учурларда жалпыга маалымдоо каражаттары активдүү колдоно баштады.
Сasus belli – согушка формалдуу шылтоо Бриан-Келлог пактысы, кийин БУУ Уставы кабыл алынганга чейинки мезгилде эң кеңири колдонулуп келген. Маселен, 1914-жылы Сараеводо эрцгерцог Фердинанддын өлтүрүлүшү Биринчи дүйнөлүк согушка шылтоо болсо, 1939-жылы Глейвиц шаарындагы радиостанцияга жасалган провокация Германия үчүн шылтоо болгон. БУУнун Уставында согушту биротоло саясаттын каражаты катары жокко чыгарганы менен, аны токтото албады. Мисалы, Вьетнамдагы согушка 1964-жылы Тонкин булуңундагы инцидент шылтоо болгону маалым.
Эми “согуш жарыялоо” термини да бүдөмүк бойдон калууда. Согуш жарыялоо - бул юридикалык акт, демек бир мамлекет эл аралык мамилелердин башка субъектисине карата согуш абалына өткөнүн жарыялоону билдирет. 1907-жылдагы Гаага конвенциясында каршылаш тарапка так ультиматум формасында эскертилмейин жана негизделген согуш жарыяланмайын, согуш аракеттерин баштоого болбойт деген жобо кабыл алынган.
Бирок БУУнун Уставында “согуш укугу” жокко чыгарылган соң, “согуш жарыялоо” институту да түшүнүксүз бойдон калды. Азыркы учурда бул көп мамлекеттердин конституцияларында жана мыйзамдар жыйнагында кездешпеген жобо. “Согуш жарыялоо” термининин ордуна “согуш абалы” термини колдонулат да өлкөгө агрессия болгон учурда же тыштан куралдуу кол салганда жарыялана турган абал катары чечмеленет.
Израилдин мисалына келсек, бул өлкөнүн мыйзамдарында согуш жарыялоо укугу өкмөткө таандык, бирок ХАМАСтын террордук акцияларына каршы операциясы “өзүн коргоо” максатындагы “согуш” аталды, чечимди Кнессети (парламенти) кабыл алды.
Чындыгында БУУнун Уставы боюнча “өзүн коргоо” аракеттери ошол өлкөгө башка мамлекет кол салса гана жооп катары ишке аша турган аракет, ХАМАС мамлекет эмес, демек Израил бул уюмду мамлекет даражасына чыгарды. Ар кандай аныктама ошол нерсеге карата мамилени туюндурат. Философ Рене Декарт жана Нобель сыйлыгынын лауреаты Альбер Камю айткандай, кептин баары окуянын же кубулуштун аталышында.
Эки дүйнөлүк согуштун азабын көргөн өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюмун негиздегенде болочок муундарды согуш азабынан азат кылуу максатын көздөгөн. Бириккен Улуттар Уюмун Уставында тынчтыкты орнотуу башкы максат катары белгиленген жана согушту болтурбоо милдет деп жарыяланган. Эң сонун максат. Бирок Африканын, Жакынкы Чыгыштын, Азиянын айрым аймактарында жана өлкөлөрүндө куралдуу жаңжалдар басылбай келе жатканын жогоруда белгиледик. Чыгыш Европада куралдуу конфликттер басылды го дегиче, эми минтип орус-украин жаңжалы башталганына эки жылдан ашты.
Миңдеген адамдын каны төгүлүп, он миңдегени качкын-бозгун болду. Кызыгы, ошол трагедиялуу процесстер “согуш” аталбайт, “конфликт”, “локалдык жаңжал”, этникалык, диний “кагылыш”, “куралдуу кармаш зоналары” же башкача аталат. Согуш - жапырт зордук-зомбулук формасында максаттуу ишке ашуучу феномен.
Жогоруда айтылгандай, эл аралык гуманитардык укук мамлекеттер ортосундагы мамиледе согушту колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Ушул укук кандай гана максатты көздөбөсүн, мамлекеттер ар кандай конфликттерде массалык кыргынга алып келүүчү, тынч жарандарга запкы көрсөтүүчү күчтү колдонууга болбой турганын белгилейт.
Куралдуу конфликттерди жөнгө салуучу мыйзамдар кылымдар бою иштелип чыгып, такталып, акыры эл аралык келишимдердин, конвенциялардын, макулдашуулардын предметине айланган, так жоболор менен белгиленген жана аныкталган. Ошол эл аралык келишимдерге ылайык, мамлекеттер агрессиядан коргонууда гана куралдуу күчтөрдү колдонууга тийиш. Калган учурларда куралдуу күчтөрдү колдонууга тыюу салынат.
Бул эрежелер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дагы өркүндөтүлүп, бардык өлкөлөр өз ара талаш-тартыштарын тынчтык жол менен чечүүгө тийиш, тынчтык жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк түгөнгөндө, эл аралык коопсуздукка шек келгенде, тынчтыкты орнотуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун уставына ылайык эл аралык куралдуу күчтөрдү колдонууга болот деген эрежелер кабыл алынган. Ушул келишимдерди дээрлик бардык өлкөлөр ратификациялаган.
Иш жүзүндө эл аралык мыйзамдар иштебейт же кай бир учурларда (ad hoc) гана иштейт. Бирок эл аралык мамилелердин субъекттери, ошол конфликттердин акторлору аталган мыйзамдарды сактабагандыктан, согуш аталбаса да согуштар токтогон жок, жаңжалдар басылбады, куралдуу күчтөр негизги каражатка айланды, жарандар запкы жеп, азабын тартууда.
Тигил же бул аймактагы согуштардын кесепети ошол аймак менен чектелбейт экен. Башка өлкөлөргө түрдүү деңгээлдеги жана масштабдагы залакасы тийүүдө. Ал эми азыр Украинада болуп жаткан трагедиялуу окуяларды АКШ, Европа “агрессия”, “аннексия”, “адамзатка каршы кылмыш” десе, Орусия “атайын аскер операциясы”, “денацификация”, “демилитаризация“, “контртеррордук операция”, “орус аймактарын ыктыярдуу түрдө Орусияга кайра бириктирүү” деп эсептейт. Бир эле иш-аракетке карама-каршы аныктамалар берилип жатат.
Баарынан кызыгы, “согуш” азыркы кездеги эл аралык укукта юридикалык термин болуп эсептелбейт. Себеби эл аралык мыйзам башка мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз карандысыздыгына каршы күч колдонууга тыюу салынгандыктан, согуш жарыялоого болбойт.
Ошентип “согуш” деген түшүнүк эл аралык мыйзамдарда жок нерсе, бирок ал иш жүзүндө дегеле токтой элек. 20-кылымдын башында актуалдуу тема катары талкууланып келген “коопсуздук архитектурасы” термини да азыр айтылбай калды.
Демек, жаңы дүйнөлүк тартип болушу абзел.
Дүйнөлүк тартип – бул дүйнөлүк саясаттагы эрежелер топтому гана эмес, баалуулук да болушу абзел. Бирок өздөрү кабыл алган жана макулдашкан эл аралык келишимдердеги жоболорду сактабай жаткан мамлекеттер баалуулукту барктамак беле. Мындан ары да чыр-чатактар ырбаса, кайсы бир чоң мамлекет же мамлекеттер тобу “согуш” дебей туруп согуш ачса, анысын “контр баланча операция” деп атаса, анда не болот?
Демек, диалог талап кылынат. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө барууга сунуштарды да жектеп турушат. Маселен, Рим папасынын орус-украин жанжалы боюнча “ак желек” көтөрүп, элдешкиле маанисиндеги кайрылуусун “украиндерди” багынууга чакырып жатат деп ири алдыда католиктер басымдуулук кылган Батыш ызы-чуу салууда. Тынчтык орнотуу демилгелерин да кабылдабай турган деңгээлге жетип калышты каршылаш тараптар. Мунун аягы жакшы болбойт.
Эл аралык укуктун проблемаларын талкуулаш керек. Идеологиялык жана саясий догмалардан башы бош, илимий негиздүү күн тартибин түзүп, ошол тартипте топтолгон проблемаларды талдоо керек. Адегенде эл аралык укуктук конференцияларда талкууланып, орток пикирге келген соң, жаңы дүйнөлүк тартиптин башкы принциптери жана эрежелери БУУнун чоң жыйынында кабыл алынышы керек. Эл аралык укуктун, анын ичинен БУУнун бардык системалары эгемен мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн.
Мамлекеттер гана - ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша болот. БУУ суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң, ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алышы абзел.
“Эл аралык (дүйнөлүк) тартип” термини, эл аралык мыйзамдардын аткарылышы ошол тартипти орноткусу жана жашагысы келген мамлекеттер тарабынан терең талдоого алынып, акыл калчап, кеңешип алганы туура. Адамзатка эң керектүү чечимдердин көбүнө адамзат Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин келген. Бирок бул ирет да орток чечимдерге келиш үчүн дүйнөлүк согушту күтүү - бери болгондо акылсыздык же жоопкерсиздик.