Эл аралык медиада жума ичинде жарык көргөн макала, баяндарга сереп.
"Беларус - агрессордун жардамчысы"
“Америка добушу” радиосу Беларустун согуштагы ролуна арналган макала чыгарды. Анда айтылгандай, Беларустун стратегиялык изилдөөлөр институту “Агрессордун союздашы” деген аналитикалык доклад жарыялаган.
Авторлор өлкөнүн Орусиянын Украинага каршы согушуна тартылышы саясий жана эл аралык укуктук жактан терс кесепеттерге алып келиши ыктымал деген ойду карманат.
Докладда айрыкча авторитардык лидер Александр Лукашенконун эл аралык изоляцияда калганы, ички рейтинги түшүп баратканы айтылат. Ошондой эле экономиканын жагымсыз абалы талданат. Аналитиктер "Лукашенконун позициялары чабал болгондуктан, анын Путиндин геосаясий оюндарына катышуудан башка аргасы калган жок" деген жыйынтыкка келишти.
Андан ары айтылгандай, былтыркы сентябрдан бери беларус лидери өлкөнүн урушка катышпаганын белгилебей калды, пропагандачылар Украинага мурдагыдан көбүрөөк чабуул жасап келет. Авторлор Беларустун “агрессияга жардам бергени эл аралык коомчулук тарабынан чечилерин”, “айрым аткаминерлердин жоопкерчилиги эл аралык трибуналда же украин сотторунда караларын” белгилешет.
“Америка добушу” радиосунун кабарчысы бир катар беларус эксперттерин сөзгө тарткан.
Беларустун стратегиялык изилдөөлөр институтунун академиялык директору Петр Рудковскийдин айтымында, Лукашенко дагы деле ойноп жатат. Ал кээ бир маселелерде компромисске барганы менен кийин аларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып кетиши мүмкүн.
Сөз болгон докладда Беларустун “ЖККУга мүчөлүгү келечекте жакшы эч нерсе алып келбейт, өлкөнүн максаттарына жат” деп айтылган жери бар.
Саясий анализ жана прогноздор борборунун жетекчиси Павел Усов Орусия менен шериктеш мамлекет түзүү демилгесин беларус эли көтөрбөгөнүн, ал чечим 1994-жылкы өлкө Конституциясына каршы келерин айткан.
Анын пикиринде, интеграция процесстери 1996-жылкы конституциялык төңкөрүштөн кийин башталган. Демек, легитимдүү болуп эсептелбейт. Усов ошондой эле Лукашенконун режими кулап, Орусияда өзгөрүүлөр башталганда “Союздук мамлекет” Беларустун демократиялык бийлигинин чечими менен таркап кетет деп эсептейт.
“Ушундай эле жол менен ЖККУ жана башка уюмдар жок болот”, - деген эксперт.
Усовдун айтымында, Орусия согуш жарыяласа гана, беларус аскерлери Украинага кириши мүмкүн, азыр болсо “аскердик атайын операция” деген формулировка Лукашенкону куткарган жагдай болуп калды. “Беларус Орусиянын стратегиялык кызыкчылыктарынын көзөмөлүндө калды”, - деп эсептейт беларустук эксперт.
Машиналар цивилизацияны көзөмөлдөп калабы?
Жасалма интеллект технологияларынын үстүнөн иштеп жаткан көрүнүктүү адамдар ишенимдүү коопсуздук протоколдору иштелип чыккыча бул жаатта тыныгуу жарыялоого үндөштү.
The New York Times гезитинин жазганына караганда, Илон Маск баш болгон технология тармагындагы белгилүү адамдар, изилдөөчүлөр, бардыгы болуп миңден ашуун киши кол койгон ачык кат “Жашоонун келечеги институту” тарабынан жарыяланды. Алар жасалма интеллекттин инструменттери “коомго жана адамзатка олуттуу тобокелдик жаратышы мүмкүн” деп санашат.
Америкалык OpenAI изилдөө лабораториясы эки жума мурун эң өнүккөн GPT-4 чат-ботун сунуш кылган. Google компаниясы да өзүнүн Bard чат-ботун сыноого киришти.
Кайрылуунун авторлору күчтүү системаларды окутууга жарым жылга мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Алардын айтымында, кубаттуу жасалма интеллект системаларды колдонуунун арты оң жыйынтыктарга гана алып келери, аларга байланышкан тобокелдиктерди башкаруу мүмкүн болот деген ишеним болгондо гана өнүктүрүлүшү керек.
Катта цивилизацияга кандай коркунуч жаралып жатканы сүрөттөлгөн. Мисалы, жасалма интеллекттин негизиндеги система адам баласы менен атаандаша башташы мүмкүн. Бул өз кезегинде экономикалык жана саясий жарылууга алып келет.
2021-жылы Евробиримдиктин саяатчылары зыян тийгизиши мүмкүн деген жасалма интеллект технологияларын, анын ичинде адамды жүзүнөн таануу системаларын тескөө мыйзамын сунуш кылышкан. Ал долбоор быйыл кабыл алынышы ыктымал. Жаңы чаранын алкагында тиешелүү компаниялар тобокелдиктерди, адамдын ден соолугуна, коопсуздугуна жана укуктарына ыктымал коркунучтарды баалап чыгууга милдеттендирилет.
2018-жылдары Google жана и OpenAI компаниялары көлөмдүү тексттерди, китептерди, Википедиядан макалаларды, интернеттен алынган башка маалыматтарды жаттаган нейротутумдун үстүнөн иштей баштаган.
Кайрылуу авторлорун машиналар маалымат каналдарын калпка жана пропагандага толтурушу, эмгек рыногунан адам баласын сүрүп чыгышы, келечекте саны жана интеллект жагынан адамдан озуп кетиши жана цивилизацияны көзөмөлдөп калышы ажеп эмес деп чочулашат.
Орусиялыктар согуштун фонунда көбүрөөк ичип калды
Deutsche Welle 31-мартта Украинадагы согуштун фонунда орусиялыктар алкоголду көбүрөөк ичип калганын жазды.
Маалыматка караганда, былтыр өлкөдө күчтүү спирт ичимдиктерин сатуу 2021-жылга салыштырганда 7,5% өскөн. Орусия алкоголь ичүүгө байланышкан өлүм жагынан дүйнөдө алдыңкы саптарда турат.
Андан тышкары андай ичимдиктерге уулануу көп катталган 10 өлкөнүн жетөө мурдагы советтик жумурияттар экен. Макалада айтылгандай, Орусияда акыркы 20 жылда спирт ичимдиктерин керектөө структурасы өзгөргөн. Атап айтканда, күчтүү ичимдиктер ордуна шарап же сыраны (пиво-ред.) көбүрөөк иче баштаган. 2003-жылдан 2019-жылга чейин алкоголго байланышкан өлүмдөр эки эсе азайган. Ушу тапта сыра алкоголь рыногунун лидери.
Адистер экономикалык кризис учурунда жана калктын кирешеси төмөндөгөндө ар бир өлкөдө алкоголду ичкендер көбөйөрүн белгилешет.
Мисалы, Орусияда 1998, 2008 жана 2015-жылдары ушундай сценарий байкалган.
Макалада айтылгандай, былтыркы жылы өлкөдө рынок өзгөргөн. Доллар менен евронун курсунун жогорулашы импорттук продукцияга баалардын көтөрүлүшүнө, анын аркасы менен жергиликтүү ичимдиктердин көбүрөөк өндүрүлүшүнө алып келди, андан тышкары калктын психологияык бакубаттыгынын деңгээли төмөндөдү.
"Пандемия, андан кийин Украинадагы согушка байланыштуу пайда болгон стресс, санаркоо сезимин басуу үчүн алкоголь ичкендер көбөйдү", - деп айтты адистердин бири.
Дагы бир эксперттер алкоголь көп керектелгенде зордук-зомбулук учурлары да көбөйгөнүн белгилешет.