Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Аталар декретке чыккандан уялбашы керек


Симоне Бонески баласы менен.
Симоне Бонески баласы менен.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери эмгектенип келген эки балалуу Симоне Бонески балдары төрөлгөндө декретке (өргүүгө) чыккан тажрыйбасы менен бөлүшүп, анын артыкчылыктарын тизмектеп берди.

2015-жылы биринчи балабыз менен төрөтканадан үйгө кайтып келген түн көз алдыман кетпейт. Бир нече күндөн кийин биздин үйдө жалаяктар, кийим-кече, тамак-аш, жуулбаган идиш-аяк, эмеректер аралаша баштады.

Эң негизгиси - биздин ымыркайга мунун баары ыңгайсыздык жаратып, жакпай жаткандай сезим калтырды.

Мен бир жолу ушунчалык чарчагандыктан ваннадагы сууну жапканы унутуп, уктап кеткен экенмин. Үйдүн жарымын "топон суу" каптаганда ойгонгонум эсимде.

Ымыркайлар өз муктаждыктары менен төрөлөт. Бул тууралуу алар жарыкка келген мүнөттөн баштап кабар беришет. Бала багуу, аны тарбиялап чоңойтуу айрым жаш ата-энелер үчүн чоң сыноо болушу мүмкүн.

Быйыл экинчи балабыз төрөлдү. Бул жолу биз мурдагыдай чаалыккан жокпуз, себеби ата-энелик тажрыйбабыз бар. Мындай кыйынчылыкка күн мурунтан даяр элек.

Мен Бириккен Улуттар Уюмунун курамында иштейм. Мен бактылуумун десем болот, анткени мага ата катары баланы багуу үчүн бөлүнгөн бир айлык өргүүмдү коркпой алам.

Байкасам, биздин башка досторубуз баласы төрөлгөндөн кийин төрт же беш күндүк гана өргүү алышат. Алып жатканда да өзүн ыңгайсыз сезишет. "Кесиптештер же жетекчилик мени ишине анча көңүлү чаппаган кызматкер катары ойлоп калабы" деп кооптонушат.

Жумуш ордундагы жүрүм-туруму, социалдык өгөйлөө жана «эркек сөзсүз үй-бүлө багуучу, табышкер болушу керек» деген түшүнүк психологиялык ыңгайсыздык жаратат.

Жогорудагы себептерден улам бала төрөлгөнүнө байланыштуу аталар эмгек өргүүгө көбүрөөк көңүл бурушу керек экенин баяндап бергим келди.

  1. Бул азырынча өтө сейрек көрүнүш. Эркектердин бала багууга байланышкан өргүүнү пайдаланганы дүйнө жүзүндө кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Анткен менен 12 айга чейинки бардык ымыркайлардын үчтөн экиси (болжол менен 90 миллион адам) алардын аталарына бала төрөлгөнүнө байланыштуу акы төлөнүүчү өргүү алууга мыйзам жол бербеген өлкөлөрдө жашайт. Мен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында иштейм, Кыргызстанда жашайм. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык баланы багууга байланышкан өргүүнү атасы, энеси же ымыркайдын камын көрүп, аны баккан башка тууганы же жакыны алса болот. Бирок эркектер үй-бүлөдө башкы багуучу социалдык статусуна ээ болгондуктан алардын декретке чыгууга мүмкүнчүлүгү чектелүү, анткени өргүүнүн андай түрү төлөнбөйт.
  2. Маданий кош стандарттуулук. Аталар өзүлөрү адаттагы ишин жасоого көнгөн, ал эми эненин милдети өзүнөн-өзү эле келип бала багууга такалат да, баланы кароо милдети энелердин мойнуна жүктөлөт. Мени досторум жана ата-энем уулум төрөлгөндө аны багыш үчүн төрт жума өргүү алганымды макташты. Ошондо мен үчүн кадыресе болгон көрүнүш башкалар үчүн нормага айлана элек экенин түшүндүм.
  3. Жаңы төрөлгөн ымыркайды тарбиялоо – бул эбегейсиз стресс. Ал обочолонгон жана жаңы төрөгөн аялды жалгызсыратат. Декретке чыккан ата баланы караган негизги адам болуп калат. Эркек киши мында аялдын кыйынчылыктарын өз башынан өткөрүп, анын эмгегин баалап калат. Мындай түйшүктөргө жалгыз дуушар болуп жаткандай сезишкен жаш энелердин стрессин басаңдатат.
  4. Баланы кароо - арийне, атанын да, эненин да милдети. Акы төлөнүүчү өргүү иштеген аялдарга жөлөкпул катары гана таризделбестен, иштеген үй-бүлөлөрдүн бакубат жашоосу үчүн өтө маанилүү көмөк болот. Аталардын декретке чыгышы үй-бүлөнүн ынтымагын бекемдеп, бала багууга аталардын да кол кабыл кылышына шарт түзөт. Мындай стандарттарды орнотуу менен аларды келечекте бара-бара нормага айлантса болот.
  5. Бала багуудан качпаган жигердүү аталар аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине шарт түзөт. Жоопкерчиликтүү аталар өргүүгө кетет, аялдарына кызматтык даражасынын өсүшүнө шарт түзөт. Өз баласын карап жаткан аталарды көрүү кубанычтуу, ал эмгек рыногундагы гендердик теңсиздикти азайтат. Декретке чыккан аялдар эмгек акысынан убактылуу айрылат.

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы биздин ишибизде гендердик теңдик принцибин күчөтүп жатабыз. Биздин эркек кызматкерлерибизди баланын төрөлгөнүнө байланыштуу өргүү алышын жана багуу милдетин бөлүштүрүүнү колдойбуз.

Аталардын декретке чыгышы жынысына карабастан жумушта да, жеке жашоодо да теңдикти орнотот.

Симоне Бонески

Англисчеден которгон Касым Рахманкулов

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG