Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Ашыкча иштөө ден соолукка зыян


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Канада менен АКШнын окумуштуулары жумасына 40 сааттан ашыкча иштөө кант диабети сыяктуу өнөкөт ооруларды чакырарын аныкташты. Кыргызстанда күнүнө 10 сааттан ашык иштеп, жаны тынбаган адамдар ого бетер көбөйүүдө. Ашыкча иштөөнүн саламаттыкка кесепети кандай?

Тышта жумасына 40 сааттан ашык иштегендердин саламаттыгы иликтенип, айрыкча аялдар кант диабетине, жүрөк, кан тамыр ооруларына чалдыгары аныкталды.

Кыргызстандык дарыгерлер акыркы учурда медицинада "жумуш гигиенасы" деген ат менен белгилүү болгон нормалар аткарылбай жатканын, ушундан улам өнөкөт оорулар көп кездешерин эскертишет.

"Жылы бою эс албайм"

Кыргызстандык дарыгерлер азыркы тапта жумуш убактысы жана "иштөө гигиенасы" сакталбай, адамдар толук эс албай, ден соолугунан бир топ жабыркап жатканын эскертишет. Гүлнур каржылык өз алдынчалыкка жетем деген тилек менен үч жумушта иштейт. Ал акчаны көп тапканы менен ден соолугу барган сайын начарлап баратканын айтты:

Мен үч жумушта иштейм. Үчөөнүн эмгек өргүүсү бири-бирине дал келбегендиктен жылы бою тыным албайм.

- Ашыкча иштөө учурдун талабы деп ойлоймун. Жакшы жашоону эңсеп бир эле эмес, андан көп иштерге кирип алып жатабыз. Ушинтип тынымсыз иштеп жүрүп, саламаттыгым начарлаганын сезе баштадым. Мисалы, мен үч жумушта иштейм. Үчөөнүн эмгек өргүүсү бири-бирине дал келбегендиктен жылы бою тыным албайм. Убакыт аябай аз болгондуктан тез татымдан эле азыктанып калдым. Акыркы убакта ашказаным ооруп жатат. Буга кошумча стресс болуп, ачуум аябай бат келет. Жумушта тынбай чуркап иштегендиктен бутум да ооруй баштады.

Өмүр кыскарат...

Жумасына 45 сааттан көп иштеген адамдардын жалаң эле эндокриндик системасы бузулбай, сөөктөрүнө, ички органдарына да доо кетет. Айрыкча адамдын боюн кармап турган омурткага катуу күч келет.

Хирург-дарыгер Эсен Абдышев тынымсыз иштөөдөн адамдын өмүрү кыскарат деген пикирде:

Эсен Абдышев, хирург.
Эсен Абдышев, хирург.

- Тыным албай иштөө адамдын мээсине, жүрөгүнө, булчуң эттерине, айрыкча омуртка сөөктөрүнө аябай чоң зыян алып келет. Адам күнүнө кеминде 8 сааттан уктап, организмин эс алдырышы керек. Антпесе ар бир ички орган бузула баштайт. Анткени алар деле бир механизмдей да. Маселен, жакында эле Москвада 20 сааттай уктабай такси айдап, кырсыкка учураган мекендешибизди деле алсак, ашыкча иштегендин кесепети да. Келечекте бул адамдын саламаттыгын улам начарлатып отуруп, эртелеп өлүмгө алып барышы толук мүмкүн деп ойлойм.

Терапевт-дарыгер Талант Жакыпов "эмгек гигиенасы" деген атайын норманы сактабагандардын эндокриндик органдары жана жүрөк, кан тамыр системасы бузуларын эскертет:

Эс албай иштөө нерв системасына, эндокриндик органдарга тескери таасирин тийгизет.

- Эс албай иштөө нерв системасына, эндокриндик органдарга тескери таасирин тийгизет. Бир эле мисал: ашказандагы суюктук аз бөлүнүп чыгып, тамактын сиңимдүүлүгү начарлайт. Бул жүрөк, кан тамыр, кант диабети ооруларына алып барат. Кан басымы көтөрүлүп, жүрөктүн ритми бузулат. Алгач жөнөкөй эле ачуулануудан башталып олтуруп, бара-бара өнөкөт жүрөк ооруларына, жүрөк талмасына чейин алып барышы ыктымал. Союз маалында медициналык окуу жайларында "эмгек гигиенасы" деген сабак өтүлчү. Балким азыр деле бардыр, бирок акыркы учурда көп адамдар иш коопсуздугуна көңүл бурбай, саламаттыгын тобокелге салганын көрүп жатабыз. Айрыкча азыркы жаштар арасында өтө популярдуу болуп жаткан кошумча күч-кубат берүүчү энергетикалык суусундуктарды ичип алып иштөө кишинин саламаттыгына оңбогондой чоң сокку урат. Анткени мындай ичимдиктер адамдагы болгон энергияны тез-тез чыгарып, ички органдарды, мээни болушунча чарчатат.

Тынымсыз иштөө алкоголизмге барабар

Психологияда адистер тынымсыз иштеп, жумуш менен гана жашап калгандарды алкоголизм оорусуна тете акыбалда деп баалашат. Алкоголизм сыяктуу эле ашыкча иштей берүү адамды социалдык чөйрөдөн алыстатып, жакындарына жек көрүндү кылып, буга кошумча нерв ооруларына, депрессияга жана өнөкөт стресс дартына жол ачышы ыктымал.

Психолог Илдар Акбутин ашыкча иштегендерге төмөндөгүдөй кеңештерин берди:

Илдар Акбутин.
Илдар Акбутин.

- Сергек жашоонун төрт негизги түркүгү бар. Алар - азыктануу, уктоо, иштөө жана эс алуу режимдери. Эгерде иштөө режими бузулса, анда адамда жөнү жок чочулоо пайда болуп, уйкусу бузулушу мүмкүн же ачуусу тез келе баштайт. Депрессия да башталышы ыктымал. Андыктан мындай симптомдор байкалса иш тартибиңизди ойлонуп көрүңүз. Ал тургай медицинада "кароши" деген түшүнүк бар. Ал ашыкча иштегенден улам организм начарлап, өлүп калуу дегенди билдирет. Көбүн эсе Жапонияда "кароши" болгондор кездешет. Сиз да мындайга учурабаш үчүн эл оозундагы төмөнкү макалды ар дайым эстеп жүрүңүз. Эгер сиз күнү бою аарыдай тынымсыз, букадай күчтүү, жылкыдай тынбай иштеп жүрүп, кечинде үйгө иттей чарчап келсеңиз - ветеринарга кайрылышыңыз керек. Бул албетте, тамаша сөз. Ашыкча иштөөдөн жабыркабаш үчүн саламаттыгыңызга тынымсыз кам көрүңүз.

1974-жылы америкалык психолог Жорж Фрейденберг өмүрүн ишке арнап коюп, жеке жашоосун унутуп, акча табуу жана карьерасын гана ойлогон адамдарды психикалык оорукчан адамдар катары сыпаттаган. Ал мындай адамдардын өзү эле эмес, жакындары да жабыркап, кыйналарын эскерткен.​

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG