Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүүгө багытталган референдумдун жүрүшүнө көз салган «Клооп» медиасынын байкоочусуна жана журналистине Ош шаарында кол салуу болгону кабарланды. «Клооп» сайтынын өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиришкендей, аларга үч киши кол салып, телефонун тартып алган.
Маалыматка караганда, байкоочу менен журналист учурда милицияда арыз жазып жатышат.
Кол салганы айтылган үч киши да аларга каршы арыз менен милицияга кайрылганы белгилүү болду.