Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

23:09 4.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 23:00гө карата маалыматы боюнча, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду.

Бул маалыматка караганда, бүгүнкү парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясы добуштардын 24,53%, “Мекеним Кыргызстан” 23,9%, “Кыргызстан” 8,74%, “Бүтүн Кыргызстан” 7,09% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

“Мекенчил” партиясында добуштардын 6,85%, “Республикада” 5,81%, “Ата-Мекенде” 4,04%, “Ыйман нурунда” 3,35%, “Бир Болдо” 3,03%, “Чоң казатта” 2,33%, “Замандашта” 2,15%, “Социал-демократтарда” 2,12%, “Реформада” 1,63%, “Мекен ынтымагында” 0,63%, “Ордодо” 0,22% жана “Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында” 0,17%.

Добуш бергендердин 1,8% баарына каршы добуш беришти.

23:11 4.10.2020

23:28 4.10.2020

"Республика" партиясынын кайрылуусу

"Республика" партиясынын өкүлдөрү 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы күмөндүү деп эсептейт. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин аталган партия лидери Мирлан Жээнчороев, талапкерлер Алтынай Өмүрбекова жана Руслан Казакбаев журналисттерге маалымат беришти.

Алар шайлоодо мыйзам бузуулар орун алганын айтышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы күмөндүү экенин, партия аны тааныйбы же жокпу бардык добушканалардан протоколдор келип, акыркы маалымат чыккандан кийин жарыялай турганын билдиришти.

Партия лидери Мирлан Жээнчороев бүткүл республика боюнча добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу, шайлоочуларды ташуу, добуш берүү эрежесинин бузулганы боюнча фактылар тиешелүү органдарга жибериле турганын айтты.

"Эбегейсиз, массалык түрдө акча таратуу боюнча фактыларды айтып атышат. Алардын баарын БШК менен укук коргоо органдарына жиберебиз", - деди Жээнчороев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, бүгүнкү парламенттик шайлоодо ат салышкан 16 партиянын төртөө гана босого чектен өтүштү.

“Биримдик” партиясы добуштардын 24,53%, “Мекеним Кыргызстан” 23,9%, “Кыргызстан” 8,74%, “Бүтүн Кыргызстан” 7,09% алып, жети пайыздык босогодон өттү. “Мекенчил” партиясында добуштардын 6,85%, “Республикада” 5,81%, “Ата-Мекенде” 4,04%, “Ыйман нурунда” 3,35%, “Бир Болдо” 3,03%, “Чоң казатта” 2,33%, “Замандашта” 2,15%, “Социал-демократтарда” 2,12%, “Реформада” 1,63%, “Мекен ынтымагында” 0,63%, “Ордодо” 0,22% жана “Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында” 0,17%. Добуш бергендердин 1,8% баарына каршы добуш беришкен.

23:29 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG