Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:59
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

21:48 4.10.2020

Өкмөт Үйүнүн алдында «Социал-демократтар» партиясынын бир нече мүчөсү шайлоонун жыйынтыктарына каршы чыгып, мөөнөтсүз тынчтык митингин баштады.

Партиянын мүчөсү, парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон Темирлан Султанбеков «Бүгүнтөн тартып бийликти уюшкан кылмыштуу топ деп атаса туура. Алар бийликти күч менен пара берип, жасалма жол аркылуу сатып алды. Бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырабыз. Биз эми тынчтык митингин уланта беребиз», - деди.

«Социал-демократтар» партиясы Бишкек шаарында гана 7,01% добуш алып, башка аймактардан жетиштүү добуш ала алган эмес.

21:54 4.10.2020

«Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Рыскелди Момбеков, Жанарбек Акаев жана Тилек Токтогазиев парламенттик шайлоонун баштапкы эсеби жарыялангандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Рыскелди Момбеков бул шайлоо тарыхындагы эң ыпылас шайлоо болду деген оюн билдирди.

«Муну шайлоо деп айтканга ооз барбайт. Шайлоо эмес, жайлоо болду. Шайлоо боло электе эле билинип калган. Оппозициялык партияларга, элге мүмкүнчүлүк берилген жок. Социалдык тармактарда, «Азаттыкта» эмне деген гана мыйзам бузуу көрсөтүлбөдү? Бирок бирөөнө да чара көрүлгөн жок», - деген Момбеков БШКга мыйзам бузуу жөнүндө фактылар далили менен бериле турганын жана партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кыларын кошумчалады.

Талапкер Жанарбек Акаев да шайлоо адилетсиз өткөнүн жана оппозициялык чоң блок түзүлө турганын билдирди.

«Шайлоонун жыйынтыгы күмөндүү» , - деген Акаев «үч партия добуштарды жапырт сатып алды» деп айтты.

21:56 4.10.2020

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча саат 21:30га карата «Биримдик» партиясы 24%, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24,01% менен алдыда келе жатат.

Үчүнчү болуп «Кыргызстан» партиясына добуш бергендер саналууда, алар 8, 78% түздү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7, 04% добуш алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, алдын ала эсептөөлөр шайлоо тилкелеринин 82% алынды.

22:02 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG