Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:21
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

17:02 4.10.2020

Шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп отурушкан саясий партиялардын өкүлдөрүн участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы чыгарып жиберген. Бул тууралуу алар «Азаттыктын» Оштогу кабарчыларына даттанышкан. Журналист Эрнист Нурматов төрайымдан анын себебин сураганы кирүүгө аракет кылганда, эшик тоскон милиция кызматкерлери аны түртүп, имаратка киргизбей коюшкан. Кабарчы менен оператордун алар шайлоо жараянын чагылдырууга толук укугу бар экенин, милиция мындай аракети менен кызмат абалынан ашыкча пайдаланып жатышканын эскерткенден кийин, төрайым журналисттерди кабыл алууга макул болгон.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы шайлоого көз салып турган саясий партиялардын өкүлдөрү улам чыр чыгара бергенине байланыштуу алар участоктон чыгарып жибергенин «Азаттыкка» билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков бүгүнкү күнү шайлоо участокторунда тартипке көз салып турган милиция кызматкерлери участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчиси кабыл алган чечимдерге ылайык, журналисттерди имаратка киргизбей коюуга укугу бар экенин «Азаттыкка» билдирди.

Ошто Kloop.kg сайтынын кабарчысына да милиция кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган. Ош ШИИБ бул маалыматты четке кагып, милиционер анын телефонун гана алып койгонун, түшүндүрүү иштеринен кийин кайтарып бергенин маалымдады.

«Азаттыктын» кабарчысына асылып, кол салуу аракети бүгүн Таласта да катталды. «Азаттык» радиосунун «Youtube» менен «Фейсбуктагы» шайлоону чагылдырган түз эфири учурунда Таластагы шайлоону чагылдырып жүргөн кабарчы Айгерим Акылбековага шайлоо тилкесине кирип, добуш берүүнү күтүп жаткан шайлоочу кол салды. Ал камераны чаап, видео тартпоону талап кылды. Окуя Талас шаарындагы №6108 участогунда болду. Бул окуяны жергиликтүү милиция иликтөөдө.

17:12 4.10.2020

17:16 4.10.2020

17:19 4.10.2020

Кечки саат 16.00гө карата Талас облусу боюнча 58 883 адам добуш берди. Күндүн биринчи жарымында Талас шаардык добушканаларда узун кезек пайда болду. Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 149 058 шайлоочу бар. №2 форма менен 17 151 адам катталган.

Алардын жети миңден ашыгы Талас шаарынын он участогунда каттоого турган. Ал арада Баткен облусунда 33,1%, 94 110 шайлоочу добуш бергени маалым болду. 4-октябрь парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган.

Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Он шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG