Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

16:16 4.10.2020

Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүүдө кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн, спортчулардан турган топтордун басымы иликтенип, чара көрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди. Ал «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, криминалдын таасири боюнча фактылар болсо БШКга берүүгө чакырды.

«Биздин жарандарга криминалдын басым көрсөтүп, укугун бузушуна мамлекет жол бербейт. Бул боюнча арыздар иликтенет», - деди Шайназаров.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Жанарбек Акаев добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу көп болуп жатканын, анын ичинде спортчуларды айылдарга жөнөтүп, шайлоочуларга басым кылган учурлар катталып жатканын билдирген болчу. Социалдык медиада дагы жарандар жер-жерлерден белгисиз топтордун шайлоочуларга басым жасап жатканын көрсөткөн видео-сүрөттөрдү жүктөп жатышат.

16:16 4.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясынын Алай, Чоң-Алай райондорундагы шайлоого көз салуучу өкүлү Мамыт Молдобаев бул аймакта жашабаган улуттардын өкүлдөрүн ташып келип добуш салдыруу болгон жок деп "Азаттыкка" билдирди:

"Алайга антип массалык түрдө башка улуттардын өкүлдөрүн алып келип, добуш бердирүү учуру катталган жок. 2-форма менен да массалык түрдө каттоо болгон эмес. Алай районунун карамагында Ош шаарынын четиндеги Жаңы-Алай айылы бар, ал жакта өзбектер жашайт. Партиялар балким ошону айтып жатышкандыр".

Социалдык тармактарга айрым саясий партиялар Алай, Чоң-Алай райондорунун айрым шайлоо участокторуна кичи автобустар менен башка улуттагы адамдарды ташып келип жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Алай районунун акими Замир Молдокуловдун билдиргенине караганда бул аймактагы калктын 90 пайызын кыргыз улутундагылар түзөт.

16:17 4.10.2020

Ошто шайлоо күнү “Клооп” интернет-басылмасынын кабарчысына кол салуу болду. Басылманын маалыматына караганда, шаардагы №5316 шайлоо участогунда «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго белгисиз бирөөлөр кол салып, ал түз эфирге чыгып жаткан учурда телефонун тартып алышкан.

Журналисттердин айтымында, окуяга күбө болгон милиционерлер оператор сабалып жатканда эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Шаардык милиция бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кабарчылардын белгилешинче, алар добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу туз эфирде айтып берип жатышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүнкү добуш берүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу маалыматтар бар экенин, алардын баары тийиштүү жактарга жөнөтүлүп жатканын «Азаттыкка» 4-октябрда билдирди.

16:23 4.10.2020

Талас шаарындагы шайлоо участокторунун бири.

Ошол эле Талас шаарындагы дагы бир көрүнүш

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG