Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

11:48 4.10.2020

11:54 4.10.2020

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарындагы өкүлү Бакыт Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, саат 10:00гө карата Нарын шаары боюнча шайлоочулардын 5% Нарын району боюнча 8% шайлоочу добуш берүүгө үлгүргөн. Ал эми облус боюнча 10% жакын шайлоочу катышты. Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 4-октябрда мыйзам бузуу фактысы катталган жок. Нарын облусу боюнча 171 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны - 189 114.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2 430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда.

11:55 4.10.2020

“Твиттер” жана “Фейсбук” социалдык тармагынын айрым колдонуучулары “Мегакомдун” жетекчилиги өз кызматкерлерин Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы, Люксембург айылындагы шайлоо тилкелерине ташып барып, “Биримдик” партиясына күчтөп добуш бердирип жатканын жазы жатышат. Аталган компаниянын басма сөз катчысы Жумгалбек Өмүракунов бул маалыматтарды төгүндөп, “Мегакомдун” мурдагы директору, “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангуловду каралоо үчүн атайын уюштурулган кырдаал болушу мүмкүн деди.

4-октябрь - Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнүндө №2 форма менен добуш берүү атуулдарды атайын автоунаалар менен ташыган учурлар катталууда. Бир топ шайлоо тилкелеринде ушундай кырдаал түзүлүп жатканын “Азаттык” радиосунун жер-жерлерде добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдырып жаткан кабарчылары да маалымдоодо.

11:56 4.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат.

Алар 33 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн келишкен. Мындан тышкары 77 жарандык коомдун жана шайлоодо ат салышып жаткан 16 саясий партиянын байкоочулары да добушканаларда жараянга байкоо салышууда. Байкоочулар БШКнын каттоосунан өтүшкөн.

Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда. Соңку тактоолор боюнча Кыргызстанда добуш берүүгө укуктуу 3 523 554 шайлоочу бар.

Добуш берүү участокторунда 31 483 адам иштей турганы кабарланган. Жалпы өлкөдө 2 430 добуш берүү участогу уюштурулган. Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар үчүн 45 шайлоо тилкеси иштеп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG