Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

10:40 4.10.2020

Ак-Ордо жаңы конушундагы #1057 шайлоо участкасы. Видеодогу адам кээ бир шайлоочуларга кол койдуруп, медициналык беткап таратып жатат.

10:42 4.10.2020

10:44 4.10.2020

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы №5268 шайлоо участогунун сыртында добуш берүү үчүн кезек күткөндөр көбөйдү. “Азаттык” радиосунун кабарчысынын маалыматына ылайык, ар бир добуш берүүчүнү бирден текшерип киргизип жаткандыктан кишилердин саны улам көбөйүп жатат. Участоктун төрайымы Замирахан Амирбекова “Азаттыкка” “бир да мүнөт эс албай иштеп жатабыз”, - деди.

Бул добушканада каттоодо 1915 шайлоочу турат. Кара-Суу шаары боюнча жалпы 6 добушкана иштеп жатат.

Шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Он шаарларында кошумча добушканалар ачылды.

10:48 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG