Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:08
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

22:45 4.10.2020

22:39 4.10.2020

Матраимов нааразы

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын штаб жетекчиси Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна парламенттик шайлоо айрыкча Ош шаарында өзгөчө ыплас өткөнүн айтты.

«Биринчиден, азырынча биз шайлоонун жыйынтыгына кубана элекпиз. Себеби, санак дагы эле уланууда. Протоколдор толук чыга элек. Ал эми шайлоо учурунда социалдык медиада деле күбө болдук, Ош шаарында өзгөчө ыплас учурлар катталды. Мунун баарын ким кылганын айта албайм. Биз айрым участоктордо алдын ала божомолубузга караганда көбүрөөк добуш алмакпыз», - деди ал.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча саат 21:30га карата «Биримдик» партиясы 24%, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24,01% менен алдыда келе жатат. Үчүнчү болуп «Кыргызстан» партиясына добуш бергендер саналууда, алар 8,78% түздү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7,04% добуш алды.

22:38 4.10.2020

Ош шаарында шайлоо бекетинде «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкуловага кол салуу болду. Бул тууралуу ал 4-октябрда «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, окуя Ош шаарынын Он-Адыр конушунда болду.

Сооронкулова шайлоо участокторунда кылмыштуу топтордун өкүлдөрү турганын белгилеп, «бул жерде бийлик да, мамлекет да, милиция да жок экен» деген тыянакка келгенин, акча айдан ачык эле таратылганына күбө болгонун кошумчалады:

«Байкоочулар менен сүйлөшүп турсам Умарова деген аял келип калды. Комиссиянын катчысы окшойт. Мен талапкер экенимди айтып, күбөлүгүмдү көрсөттүм. «Акыңыз жок» дей баштады. Камерага тартып жатсам бирөө келип, колго чапты. Бирок телефонумду эптеп кармап калдым. «Сен кимсиң?» десем, эч кандай документ көрсөтө алган жок. Баарын ошол көзөмөлдөп жатты, ары-бери басып. Иши кылып, телефонумду тартып алууга аракет кылды. Баары мени кысымга алып, участоктон сүрүп чыгышты. Тепкичтен кулап кете жаздап, калганын тарта албай калдым. Милиция карап турду, бирөө кайра «Айдагыла муну!» деп кыйкырып жатты».

Сооронкулова окуянын видеосун тиркеп, милицияга арыз жазарын билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Баштапкы маалыматтарга караганда, «Реформа» партиясы парламентке өтө алган жок.

22:04 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG