Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

18:34 4.10.2020

Ысык-Көлдө жалпы шайлоочулардын саны 290 749 адамды түзөт, аймакта 246 шайлоо тилкеси иштеп жатат. №2 форма менен шайлоого катышууга арыз жазган шайлоочулардын саны 13 951 шайлоочуну түзөт.

Кечки саат 18:00 карата Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 118410 адам добуш берди. Анын ичинен Ак-Суу району боюнча 16135, Жети-Өгүз району боюнча 20678, Ысык-Көл району боюнча 20748, Тоң району боюнча 14006, Түп району боюнча 15140, Балыкчы шаары боюнча 15471, Каракол шаары боюнча 16232 киши шайлоого катышты.

Кыргызстанда №2 форма менен добуш берүү үчүн 500 миңге чукул адам арыз жазган.

Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирген эле. 32 504 адам эки жолу, 5810у үч, 1967си төрт, 872си беш, үч адам 22 жолу №2 формасы менен добуш берүүгө арыз таштаган. Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган.

Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда.

18:32 4.10.2020

Таласта "Биримдик" партиясы миң сомдон таратып жатат деген видеону Кундуз Самарбекова (Ажибекова) аттуу колдонуучу жүктөгөн.

18:21 4.10.2020

"Чоң Казаттын" лидери Сыймык Жапыкеев шайлоо участогунда президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү илинип турганына ачууланды.

18:18 4.10.2020

Базар-Коргон районунун Акман айылындагы №2127 шайлоо тилкесинде №2 форма менен шайлоодо добуш берүүгө барган 300дөй адамды жергиликтүү тургундар добушканага киргизбей чыр чыккан. Айыл өкмөт башчысы Марсел Көкөнов «Азаттыкка» азыркы тапта чыр жөнгө салынып, шайлоочулардын бардыгы добуш берүүгө киргизилгенин маалымдады.

Чыр чыккан участокко өкмөттүн райондогу ыйгарым укуктуу өкүлү да барды. Жалал-Абад облусу боюнча кечки саат 17:00гө карата шайлоочулардын 38, 84% добуш берди.

Кыргызстанда №2 форма менен добуш бериш үчүн 500 миңдей адам арыз жазган. Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирген эле. 32 504 адам эки жолу, 5810у үч, 1967си төрт, 872си беш, үч адам 22 жолу №2 формасы менен добуш берүүгө арыз таштаган.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Он шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG