Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:38
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

17:33 4.10.2020

17:31 4.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүн, 4-октябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодогу түрдүү мыйзам бузуу фактылары менен кабардар экенин билдирди. Ал бул тууралуу «Азаттыктын» түз эфирдеги берүүсүндө айтты:

«Кабарыбыз бар. Бирок социалдык тармактарга тарап жаткан видео, фото фактылар көп болгону менен расмий кайрылгандар, арыздар аз болуп жатат».

Атыр Абдрахматованын айтымында, добуш берүү күнү саат 16:00гө карай БШКга 100дөн ашуун арыз түштү. Анын ичинде негизинен шайлоого келип, өздөрүн тизмеден таппай калгандар кайрылышкан. БШК бул маселени участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары менен чогуу чечип жатат.

Ал эми добуш үчүн акча берүү, шайлоочуларды топ-тобу менен ташуу, журналисттерге кол салуу жана башка маселелер боюнча фактыларды БШК укук коргоо органдарына өткөрүп берүүдө.

Бүгүн, 4-октябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо түрдүү мыйзам бузуу катталып жатканы кабарланууда. Социалдык тармактарда добуш сатып алуу, берген добушун телефонго тартуу аракети, шайлоочуларды массалык түрдө добушканаларга ташып келүү жана башка мыйзам бузуу фактылары тууралуу маалыматтар чыгып жатат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Ага 16 саясий партия катышууда.

17:29 4.10.2020

Ысык-Ата районундагы Новопавловка айылында жайгашкан №1003 шайлоо тилкесинде добуш берген бюллетенин сүрөткө тартып жаткан жеринен актер Бектемир Мамаюсупов байкоочулар тарабынан кармалды.

Ал сүрөттү “өзү үчүн” тартып жатканын айтканы менен бюллетени жараксыз болуп, шайлоо мыйзамын бузгандыгы тууралуу акт түзүлдү. Анда актердун “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бергени жазылды. Бюллетенди сүрөткө тарткандарга 10 миң сом айып пул салынат.

4-октябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө бюллетендерди сүрөткө тарткан бир нече учур катталды.

Буга чейин мынадй учурлар Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Ош облустарында да видеого тартылып, социалдык медиага тараган.

Бектемир Мамаюсупов “Салам Нью-Йорк”, “Мекен” тасмаларында башкы ролдо ойногон.

17:25 4.10.2020

Саат 16:00гө карата Кыргызстанда бир миллион 296 миң шайлоочу добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, бул каттоого алынган жалпы шайлоочулардын 36,81% түзөт.

Эң жогорку активдүүлүк Ош шаарында катталууда – 45%, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл жана Баткен облустарында - 33%.

Бишкек шаарында шайлоочулардын 36% добуш берди.

Чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын арасынан шайлоого 16% катышты.

Орусияда Южно-Сахалинск жана Владивосток шаарларында добуш берүү аяктады.

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Саат 22:00дө кайсы партия канча добуш алганы тууралуу алгачкы расмий маалыматтар чыга баштайт. Азырынча канча шайлоочу добуш бергени гана эсептелүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG