Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

115 жылдан кийин ажырашкан түгөйлөр


Байбичеси Биби жана абышкасы Полди. 2012-жыл.
Байбичеси Биби жана абышкасы Полди. 2012-жыл.

Дөө ташбакалардын эркеги менен ургаачысы 115 жыл «ак никеде» жашады. Ооганстандагы америкалык жоокерлер торгойдой чалгынчы дрондуу болушту. Эстонияда жасалма интеллект жарандарга кеңешчи болот. Балдардын тиши оорубашы үчүн таттууга көндүрбөңүз.

Биби жана Полди 115 жылдан кийин ажырашты

Эрди-катын дөө ташбакалар чогуу жашабай калганын Австриянын Клагенфурт шаарындагы «Happ Reptile» зоопаркы тастыктады. Дөө ташбакалар 1897-туулуп, ошол жылы чогуу жашай баштаган. Алардын Клагенфуртка 40 жыл мурда келгенге чейинки өмүрү Швецариянын Базел айбанатканасында өткөн.

Эки ташбаканын оту капылеттен эле 2012-жылы күйүшпөй, байбичеси Биби абышкасы Полдинин капкагын тиштеп, топчудай жерин жулуп алган. (Дөө ташбакалар бир кылымдан узак жашаган кезде да тиштери курч, жаактары жаш кезиндегидей күчтүү болот).

Ургаачысы бул кылыгын дагы бир нече жолу кайталагандан кийин, айбанаткананын кызматкерлери ташбакалардын жубун сактап калыш үчүн аларга түрдүү оюндарды уюштуруп, бейиштин тамактарын жасап беришет. Алардын аракетинен натыйжа чыкпаган соң Полдини башка жайга көчүрүшкөн.

«Happ Reptile» зоопаркынын администрациясынын быйыл маалымдаганына караганда, Биби ханумда карт Полдини көрөйүн деген көзү жок болгондуктан, ушу тапта түгөйлөр эки башка жайда жашап жатышат.

Дөө ташбакалардын чоңдорунун салмагы 4 центнерден оор, узундугу 1,3 метр болгон учурлар бар. Алар 30 жаш курагында жетилет. Табиятынан алардын эркек-ургаачылары көпкө чогуу жашабай, улам төшөк жаңыртып турушат. Кээ бир дөө ташбакалар 250 жылдан узак өмүр сүргөнү белгилүү. Бирок алар негизи 80-120 жыл жашайт.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.mnn.com)

Эстония: жасалма интеллект жарандарга кеңешчи болот

Эстонияда жасалма интеллект (AI) букараларга зарыл иштерин биринчи кезекте бүткөргөнгө жардамдашат. Бул милдетти жаңы жасалып жаткан жасалма интеллект аткарат.

«Максат - өкмөттү адамдардын жашоосу үчүн маанилүү иштерге жигердүү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылганга үйрөтүү», - дейт программанын маалыматтар боюнча башкы адиси, 28 жаштагы Отт Велсберг (Оtt Velsberg).

Жаңы интеллектуалдык система түзүлсө, жарандар мурдагыдай айдоочунун лицензиясын алуу же мектепке баласын берүү үчүн арыз жазып, босого кагып отурушпайт. Себеби, тийиштүү өкмөттүк мекемелер жарандардын жашына карай муктаждыгын аныктап, алар үчүн кам көрөт.

Мисалы, бакчага жана мектепке барчу балдарды муниципалдык билим берүү мекемеси бала төрөлгөндө ооруканадан берилген маалыматтын негизинде билип турат. О. Велсбердин айтымында, мындай автоматташтырылган система жыл соңунда иштей баштайт жана ага жасалма интеллекттин кереги жок.

Жасалма интеллект адамдарга дарыгерге кайра качан көрүнүш керек экенин эсептегенге жардамдашат. Ал үчүн Эстония «Microsoft» жана Дүйнөлүк банк менен пациенттердин медициналык жазууларын скандаштыруунун программасын иштеп чыккан. Бул дарыгерге өз пациенттерин медициналык текшерүүгө качан чакыруу зарыл экенин билүүгө жардам берет. Мисалы, майып, ошондой эле жүрөк оорулуу пациент ай сайын текшерилсе, диабет оорулуу адам алты айда бир текшерилет. Натыйжада дарыгер пациенттерди жана убакытты туура башкарууга мүмкүндүк алат, дейт О. Велсбер.

1,3 миллион киши жашаган Эстония дүйнөдө эң алдыңкы электрондук өкмөткө ээ. 2002-жылы бардык букаралары санариптик идентификаторго (ID) өткөрүлгөн, 2005-жылдан бери шайлоолор онлайн режимде өтөт. Жарандардын медициналык жазуулары санариптештирилип, 10 жыл мурда блокчейнге киргизилген.

Велсбергдин айтымында, ушу тапта өкмөттүк 16 процесс жасалма интеллектти пайдаланылып автоматташтырылган. Жасалма интеллект системасынын сунушу боюнча жумушка орношкондордун 72% алты айдан кийин ошол жумушунда иштеп калган. Аткаминердин кеңешин уккандардын арасында бул көрсөткүч 58% гана түзөт.

Өкмөт фермерлерге субсидия берүүдө жасалма интеллектти жана сателлиттен тартылган сүрөттөрдү пайдаланып, 665 миң евро үнөмдөгөн. Мурда чабынды жерлер кандай орулганын билиш үчүн инспектор ар бир чабындыны кыдырып чыкчу жана алар өлкөдөгү чабындылардын 10% гана текшергенге жетишчү.

Жасалма интеллектуалдык системанын тактыгы 85% жогору. Бирок, Велсберг айткандай, жарык өзгөрсө же жамгырдан чөптөр жатып калса, программа маң болуп, кишинин жардамына муктаж болуп калат.

(Булагы: https://sifted.eu, https://e-estonia.com)

Баланы кичинесинен таттууга үйрөтпөңүз!

Балдардын тамак-ашында канттын үлүшү азайтылууга тийиш. Алар таттууга байланбашы үчүн кичинесинен жашылча-жемишти көп жеши абзел. Мындай сунуш Британиянын Педиатрия жана балдардын ден соолугу боюнча Падышалык коллеждин эксперттери даярдаган соңку баяндамада айтылат.

Анда белгиленгендей, балдар үчүн тамак-ашта «кант кошулган эмес» деген жазуу болгону менен, курамына балдын же жемиштин ширесинин канты кошулган учурлар көп.

Ата-энелер даамы ачуу азыктарды, анын ичинде брокколи менен шпинатты баланы эмчектен жаңыдан чыгарып жаткан кезинен баштап эле жедириши керек. Бул аларды тиш кариесинен, пайдасыз диетадан жана семиздиктен сактайт. Себеби, беш жашка чейинки балдардын 23% тиш кариесинен кыйналат. Ушундан келип, британ эксперттери өкмөттү балдардын тамак-ашындагы бекер кантты чектөөгө чакырды.

Англия менен Шотландия 2030-жылга чейин балдар арасындагы семиздикти эки эсе азайтууга бел байлаган.

«Балдарга ширелүү суусундуктар берилбесин. Анын ордуна курамында табигый кант бар мөмө-жемиштер, сүт жана таттуу кошулбаган сүт азыктары берилсин» деп айтылат баяндамада.

«Пюре же балдардын баштыктагы суюк тамак-ашы асыресе күчтүү жана канты көп болот. Кантты баштыктан соруп алса, наристе канттын даамын билбей калат», - дейт проф. Мэри Февтрелл (Mary Fewtrell).

Изилдөөлөргө ылайык, бүгүн Британияда бир жаштан үч жашка чейинки балдар күнүмдүк кубатынын 11,3% канттан алат. Бул Британиянын тамак-аш боюнча илимий-консультативдик комитети сунуш кылгандан 2,2 эсе көп.

Кантты ашыкча жегендер жүрөк ооруларына, кан басымынын туруксуздугуна же диабеттин 2 тибине жакын болушат.

Балдар арасындагы семиздик бүгүн дүйнөдөгү чоң мүшкүл. Бул көрсөткүч боюнча Кытай жана Индия алдыда турат.

(Булагы: https://www.bbc.com, https://indianexpress.com)

Аамерикалык жоокерлер торгойдой дрон менен куралданат

Ушул айда АКШнын №82 аба-десант дивизиясынын аскерлери Ооганстанда тик учак түрүндөгү дрондорду пайдалана башташат. Кошмо Штаттарда жасалган «Black Hornet» («Эшек аары») дрону жоокерлерге айланасын чалгындоого, уруштун жүрүшүн жана душмандын аскерлеринин абалын билүүгө ылайыкталган. Ар бир дрон күндүз жана түндө көрчү видеокамера менен жабдылган.

Узундугу 15 см, салмагы 33 граммдык дрон үн чыгарбай учат. Ал 2 чакырымга чейинки аралыкты реалдуу убакыт режиминде чалгындайт, анын бир дүрмөтү 25 мүнөткө жетет. Максималдуу ылдамдыгы саатына 35,4 чакырым. Катуу үн чыгарбай учкан «Эшек аары» дрону автоматтык жана мануалдык режимде башкарылат, жаан-чачын учурунда да уча берет. Имараттын ичинде навигаторсуз уча алат.

Дрон аскерлерге фото жана видеоматериалдын негизинде тегерегиндеги кырдаалды көрүп турууга, душманды табууга жана туура чечим кабыл алганга жардамдашат.

Пентагон менен «FLIR Systems» компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, быйыл 42 миллион долларга чоңдугу торгойдой «Эшек аары» дрону сатылып алынат.

«Breaking Defense» агенттиги билдиргендей, 2019-жылы АКШ армиясы 9 миң даана «Black Hornet» системасын алат. Ар бир системада бир түндө учуучу жана бир күндүз учуучу дрону бар. Анын пультунун чоңдугу чоң дептердей болот.

Торгойдой дрондор АКШ армиясында 2016-жылы сынала баштаган. Быйыл жазда Ооганстандагы №3 Күжүрмөн бригаданын бөлүктөрүндө аскерлер «Black Hornet» дронун пайдаланууну үйрөнө башташкан. №508 парашюттук полктун №1 батальону дронду келерки айда колдонуп көрмөкчү.

«Бул сыяктуу технологиялар биз үчүн өмүрдүн сакчысы болот. Себеби, согуш учурундагы ар кандай тапшырманы аткаруу мүмкүнчүлүгүбүз жакшырат», - дейт сержант Райан Саберс (Sgt. Ryan Subers) АКШ армиясынын атайын билдирүүсүндө.

«The Wall Street Journal» гезитинин жазганы боюнча, келерки жылы дрондорго каршы куралдар 1,2 миллиард доллардан көп суммага, ал эми 2021-жылы 1,5 миллиард долларга сатылат.

(Булагы: https://www.stripes.com, https://www.dailymail.co.uk, https://bigthink.com, https://www.wsj.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG