Акыркы беш жылда дүйнөдөгү эң тез иштеген компьютер Кытайга таандык эле. АКШга жеңишти Ок-Риждеги Улуттук лабораторияда (Oak Ridge National Laboratory, Tennessee) курулган “Summit” суперкомпьютери алып берди.
8-июнда маалымдалгандай, суперкомпьютер математикалык эсептөөлөрдү секундасына 200 квадриллион же 200 петафлоп ылдамдык менен аткарат. 37000 процессору ысып кетпес үчүн анын циркуляциялык системасы аркылуу минутасына 18 000 литр суу өтүп турат.
Киши секундасына бир эсеп чыгарат. Ошого “Summit” 1 секундада бүткөргөн тапшырманы бир киши 6,3 миллиард жылда араң аткарат. Аны менен күч сынашуу үчүн жаңы үлгүдөгү ноутбугу бар 2 миллион киши керек. Мынча адамды бир жерге чогултуу үчүн 100 000 адам сыйчу 20 стадион болушу абзел.
Гуанчжоудогу Улуттук суперкомпьютер борборундагы "Sunway Taihu Light" системасы 93 петафлоп ылдамдык менен иштейт. Дүйнөдөгү үчүнчү тез иштеген компьютер да Кытайга таандык. Анын ылдамдыгы 33,8 петафлоп. Жаңы компьютер Кытайдын рекордсмен лөк компьютеринен эки эсе ылдам иштейт.
200 миллион долларлык бул система чоңдугу эки теннис аянтындай кампаны ээлейт. Ал астрофизикадан тартып, ракты изилдөөгө чейин пайдаланылмакчы.
Ок-Риждеги Улуттук лабораториянын мүдүрү Томас Захариянын (Thomas Zacharia) айтымында, IBM жана "Nvidia" компаниялары компьютерди тез иштетүүнүн жолун тапкан, бирок анын кубаты мурдагыдан 30% эле чоң. Ага карабай, “Summit” чакан шаардай электр кубатын керектейт. “Бир учурда мындай калибрдеги машинени иштетүү үчүн жанында ядролук реактор болушу керек деп ойлочубуз”,-деди Т. Захария.
"Summit” 28 000 графикалык процессор жана IBM компаниясында жасалган 9 миңден ашык кадимки процессорлор менен жабдылган.
Былтыр Ак Үйдүн докладында АКШ ядролук курал, үндөн ылдам учуучу учактар сыяктуу стратегиялык долбоорлордо, ошондой эле космостогу коммерциялык инновациялар, мунай өндүрүү жана фармацевтикада Кытайдан артта калбас үчүн суперкомпьютерди өнүктүрүүгө каражат салуу керектиги белгиленген.
АКШ, Кытай, Жапония жана Евробиримдик эмгек өндүрүмдүүлүгү 1000 петафлопстон чоң компьютерди жасоону ири масштабдагы эсептөөлөрдү аткаруудагы маанилүү чек деп аташты.
Кытай мындай компьютерди 2020-жылга карай түзсө, АКШ 2021-жылы түзүшү ыктымал экенин АКШнын Маалымат технологиясы жана инновация фондунун вице-президенти Стивен Эзелл (Stephen Ezell) билдирди. "Эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорку эсептөө системалары өлкөнүн улуттук коопсуздугун, экономикалык атаандаштыгын камсыздоо жана илимий чакырыктарды чечүү жөндөмү үчүн абдан маанилүү",-деди Эзелл.
(Булагы: https://www.bloomberg.com, https://www.nytimes.com,
https://www.wired.com, https://www.sciencenews.org)
Рапа Нуидеги айкелдердин баштарына таш тебетейлер кантип кийгизилген?
Рапа Нуи (англисче Easter Island, орусча Пасха) аралындагы таш айкелдердин башына цилиндр формасындагы тебетейлер кантип орнотулганы аныкталды. Пенсилвания мамлекеттик университетинин археолог-аалымы Шон Хиксондун (Sean Hixon of Penn State University) билдиришинче, ордунан бир аз жантайтылган айкел топуракка көмүлүп, рампа же эңкейиш жасалган. Анан 15 киши таш цилиндрлерди эңкейиштен өйдө тоголотуп, аркан менен дөңгө тартып алып, айкелдин башына орноткон соң жасалма жантайманын топурагын шилеп салышкан. Тактап айтканда, өйдөрөөктө турган бир топ тебетей ташка оролгон жуп арканды кармап турса, алардан пасыраакта турган экинчи топ арканды тартып, ташты өйдө карай тоголотушкан. Тебетей айкелдин төбөсүнө кондурулгандан кийин ал вертикаль абалына келтирген. Цилиндр-тебетейдин түбүндө калтырылган сопойгон киндиктер аны айкелдин төбөсүнө кынаптап орнотууну мүмкүн кылган. Муну таш кесип алынган аскада калган чуңкурлар күбөлөйт.
Салмагы 12 тоннага жакын соку формасындагы кызгымтыл аскадан кесип алынып, орнотулчу жайына чейин тоголотулуп келген. Анан ташты кесип отуруп, цилиндрге окшош тебетейге айлантышканын бүгүн да айкелдердин атрабында жаткан сынык таштар ырастайт дейт илимпоздор.
Мурда цилиндр тебетейлерди айкелдердин башына “кийгизүү” үчүн таш цилиндрлер чанадай жылбышкак кылып жасалган, жыгачтан эңкейиш жасалган деген гипотезалар сунуш кылынган.
Рапа Нуи аралы Тынч океанда орун алган, Чилиден 3700 км батышта. Аянты 164 чарчы км. Полинезиялык саякатчылар аралга алгач 1200-жылдары жетишкен жана жанар таштан 1000 чакты кишинин айкелин жасашкан. Айкелдердин бийиктиги 10 метрге чейин, ар биринин салмагы 74 тоннага чейин болот. Алар орнотулчу жерге, илимпоздордун айтымында, жалпак таштардын бети менен кулатылып барган.
(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.journals.elsevier.com)
Баланын ара төрөлүүсүн аныктоонун жаңы усулу
Окумуштуулар боюнда бар аялдын канынын анализинин негизинде ал мөөнөтүнөн эрте төрөп-төрөбөсүн айта алышат. "Science" журналына жарыяланган макалада береги усулду эрте көз жаруу ыктымалдыгы чоң кош бойлуу аялдардын 80% үчүн колдонуу мүмкүн экени белгиленет.
АКШнын Стэнфорд университетинин окумуштууларынын айтымында, жаңы ыкма төрөт мөөнөтүн аныктоодо ультра-үндүү сканерлөөдөй эле абдан так. Анткен менен, жаңы ыкманы кеңири колдоно баштаганга чейин дагы көп иштер жасалууга тийиш.
Ара төрөлүү беш жашка чейинки балдардын өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат.
Кооптуу топтогу аялдардын төрөт мөөнөтү кандын анализи жасалган учурда түйүлдүк, күмөн же түйүлдүк жаткан тон (плацент) жана энеден алынган генетикалык материал - РНКнын (рибонуклеин кислотасы) активдүүлүгү аныкталат.
Окумуштуулар бул изилдөөнү кош кабат аялдардын канынын үлгүсүн жума сайын алып, боюна бала бүткөндөн тарта РНКсы кандай өзгөргөнүн текшерүүдөн башташкан. РНКнын анализи курсактагы наристенин гестация жашын* же мөөнөтүнөн эрте төрөлүүсүн прогноздоо үчүн колдонулган.
48 аял менен өткөрүлгөн эксперимент учурунда наристенин гестация жашы канды анализдөөдө 45% так, ал эми ультра-үндүү сканерлөө 48% так аныкталган.
Мөөнөтүнөн эрте төрөлүү менен коштолгон көйгөйлөр, проф. Баски Тилаганатхандын (Basky Thilaganathan, a Royal College of Obstetricians and Gynaecologists) билдиришинче, Британияда бөбөктөр арасындагы өлүмдүн негизги себепчиси саналат жана буга жалпы төрөлгөн балдардын 7-8% кириптер болот.
------------------
*Гестация жашы - бул аял этек кир болгон акыркы күндөн же бойго бүткөн күндөн төрөткө чейинки толук күндөрдүн (толук жумалардын) саны.
(Булагы: https://www.bbc.com, http://science.sciencemag.org)
Ысыкта салкын, түндө жарык кылчу кийим
Азыркы түстүү кездемелер: күндөн денени коргоочу түркүн түстөгү сүрөттүү майкалар кишинин айланасындагы жарыкты өзгөртөт же денеңиздин ысыганына таасир этет.
Эми окумуштуулар өңүн смартфондун экранынын жардамы менен өзгөртчү кийимди ойлоп табышты. АКШнын Финикс шаарында (Materials Research Society) көрсөтүлгөн кийимдер кишинин чачындай жоон бир нече жиптен жасалган. Ар бир эриштин жана аркактын ортосунда полимер түтүк менен капталган жез бар. Береги полимер сиз каалаган кездемеге жараша полиэфир, нейлон же башка материалдан болушу мүмкүн экенин айтат Борбордук Флорида университетинин оптика жана фотоника боюнча изилдөөчүсү Жошуа Кауфман (Joshua Kaufman, University of Central Florida in Orlando).
Полимер түтүк түсүн температура менен кошо өзгөрөт жана температура өзгөргөнүн киши жон териси менен сезет. Үстүндө мындай кийими бар киши кийиминин сырткы көрүнүшүн этегине жабыштырылган аккумуляторго смартфондон тийиштүү сигналды жиберип өзгөртөт же контролдоп турат.
Батарея эриштин (аркактын) жез зымына ток жиберип, өңдү өзгөртчү пигментти кызытып, ишке салат.
"Сыланкороздор", жаштар жана эртең менен кийим тандай албай кыйналган аял-эркектерге берегидей жаңы технология менен тигилген кийимдер “сары майдай” жагышы мүмкүн.
Берегидей кийимге май же анардын ширесин тамып калса, же майлуу көө сыйпалып же булганып калса, аны көргөзбөө үчүн үстүңүздөгү кийимдин түсүн өзгөртүп алсаңыз болот.
Түнкүсүн жөө же велосипед менен баратканда акылдуу кийимиңизге жарык нур берип, жолду көрүп кете бересиз.
Борбордук Флорида университетинин илимпозу Айман Абурадинин (Ayman Abouraddy) айтышынча, алдагыдай кездемеден буюм-кечек же азык-түлүк салчу баштык, автомобилдин орундугуна, үй эмеректерге кап жана парда тиксе болот. “Бир – эки жыл арасында мындай кездемеден жасалган кайсы бир буюмдарды дүкөндөн сатып аласыз”,-дейт ал.
https://www.sciencenews.org, http://www.parallelstate.com