Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынганын анын адвокаты Айым Камчыбекова айтып чыкты.
Улуттук коопсуздук комитети Калмаматовго "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айып такканы айтылууда.
"Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин баары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашууну козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук", - деди адвокаты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалганын ырастады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, атайын кызмат өлкөнүн жарандарынын ортосунда кастыкты козуткан, тынчтыкты жана ынтымакты бузган адамдарды аныктоо максатында интернетке мониторинг жүргүзгөн.
“Аткарылган иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөөнүн жүрүшүндө Калмаматовго карата алынган маалыматтар тастыкталды”, - деп жазылган билдирүүдө.
Жаңы кабыл алынган Кылмыш жаза кодекси боюнча “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” - 330-берене оор айыптардын бири болуп эсептелет.
Калмаматов 22-декабрдын түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган. Анда 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык кичи ажылык зыяратка баратканда чек арачылар ага “өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин” айтышканын билдирген. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, "күбө катары суракка чакырылганы" тууралуу кагаз беришкен.
Ал сегиз сааттан ашык Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) суракта отурганы айтылды. Адвокаты Айым Камчыбекова алгач коопсуздук кызматкерлери Калмаматовдун жалпы жарандык паспорту жасалма болушу мүмкүн деп текшерип жатканын маалымдаган.
"Бактыбек Калмаматов учуу алдында Сот департаментинен, Чек ара кызматынан өлкөдөн чыгууга чектөө жокпу деп текшергенбиз. Эч кандай тоскоолдук жок деген. Аэропорттон каттоодон өтүп, Чек ара кызматына жеткенде чек арачылар рейстен алып калышты. Эмне себептен кармап жатасыңар десек, атайын кызматтын "Калмаматовду кармап өткөрүп бергиле" деген оперативдик буйругу бар дешти. Бир сааттан кийин УКМКнын кызматкерлери келип, чакыруу кагазын беришти. Эмне маселе десек, паспортуңар жасалма дейт. Бул паспорт менен Украинага, Түркияга, Өзбекстанга барып келген".
Бийликти кескин сындап жүргөн саясатчы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес.
Ал видео кайрылуу жана маектеринде президент Садыр Жапаров, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди катуу сындап келгени менен белгилүү. Ал ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон.
Аны менен чогуу 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен барган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева муну саясий куугунтук деп баалады.
“Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев дагы мурдагы бийликтегилерге тайманбастан сын айтып келгени үчүн запкы көргөн. Мен эки инимди кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, мурунку бийликтеги терс көрүнүштөрдү, ыплас ыкмаларды колдонбойт деген ишеним менен колдогом. Азыркы болуп жаткандар саясий куугунтук. Кечээ болуп өткөн окуя, бүгүн кайра кайталанып жатканы аябай өкүндүрөт”, - деди Жолдошева.
Президенттик аппарат жана УКМК Калмаматовдун айыптоосу боюнча комментарий бере элек. Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаевдин пикиринде, өлкөдө саясий куугунтук жүрүүдө дегенге негиз жок. Тескерисинче, бийликке карата сын-пикир жөнү жок айтылууда дейт.
“Бизге тартип керек, азыр социалдык тармактарда эмне деген гана сөздөр айтылып жатат. Саясатты билгени дагы, билбегени дагы ар кандай сөздөрү айтууда. Саясий маданият деген жок болуп калды. Саясатчы жөн жерден камакка алынбайт. Сүйлөгөндө адамдын кадыр-баркына шек келтирбей, абайлап сүйлөш керек. Ошондуктан эч кандай куугунтук эмес, муну тартиптин киргизилиши деп айтам”.
22-декабрдын кечинде Калмаматовдун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнүн адвокат Айым Камчыбекова жарыялады.
Атайын кызмат тинтүү тууралуу маалыматты ырастай элек.
Саясатчы 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болгон. Андан кийин өлкөнүн саясий айдыңында көп аты чыкпай калган Калмаматов экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда бийликтин кескин сындаган билдирүүлөр менен чыккан.
“Эки тараптын тең жүйөлөрүн тыкыр иликтеш керек”
Калмаматов жана анан адвокаттары саясий ишмердиктен улам куугунтукка кабылып, кармалганын айтууда. Чынында эле соңку чечимге саясий ишмердүүлүгү себеп болду деп айтсак болобу? Бул суроо менен Жогорку соттун мурдагы төрагасы, парламенттин экс-депутаты Курманбек Осмоновго кайрылдык.
-Калмаматов өтө курч сүйлөгөн жигит экен. Анын бийликке, бийликте жүргөн айрым адамдарга кескин сын айтканын укканмын. Ошол эле учурда расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутканын байкаганым жок. Ошол эле учурда саясий куугунтук боюнча ишенимдүү айтыш үчүн күч органдарынын расмий документин көрүшүбүз керек.
- Президент Садыр Жапаров “Мындан ары Кыргызстанда саясий куугунтук болбойт” деп бир нече жолу айткан. Ошол эле учурда камактагы бир топ саясатчылар саясий жүйө менен камалганын айтып келишет. Буларды эске алуу менен мамлекет башчынын айткандары иш жүзүндө канчалык аткарылып жатат?
- Эми бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук жасоо жакшы көрүнүш эмес. Муну дароо айтышыбыз керек. Бирок “сын пикир үчүн куугунтукталып жатат” деп кесе айтыш да кыйын болуп жатат да. Кандайдыр бир себептери барбы деген ойлор да кетет. Ошол эле учурда буга чейин болуп келген саясий куугунтук уланып жатабы деген пикирге да орун берсе болот. Мына ушундай нерселердин айынан бизде үч революция болду. Эгерде бийлик элдин мүдөөсүн укпаса, анда мунун аягы жакшы нерсе менен бүтпөйт. Эки тараптын тең жүйөлөрүн тыкыр иликтеш керек. Керек болсо мамлекеттик деңгээлдеги комиссия түзүп, кимдин кандай негизде камалганына баа берүү туура болобу деп турам.
- Бирок ошол эле учурда саясатчылар арасында конструктивдүү сын айтуу маданияты барбы? Себеби, айрым учурда эч далилсиз, жеке сапаттарга асылган, эмоционалдуу пикирлер, билдирүүлөр айтылып жатканын да бийлик жүйө келтирип жатпайбы?
- Буга мен макулмун. Саясий сын айтууда конструктивдүүлүк бир гана оппозицияга эмес, бийлик өкүлдөрүнө дагы жетишпей жатат. Саясий маданиятка муктаж болуп турабыз. Эки тарап тең сынды өз ыгы менен айтышы керек да.
- Бийлик камоолор боюнча бардыгын сот чечерин айтып келет. Ошол эле учурда биздеги сот системасына канчалык ишенсе болот? Алар канчалык деңгээлде көз карандысыз?
- Сот, укук коргоо органдары мамлекеттин бир бөлүгү да. Адатта алар мамлекеттин кызыкчылыгын көп коргойт. Жарандын укугуна жана эркиндигине салкын мамиле жасап коет. Негизи бийликтин бардык органдары эл үчүн иштеши керек. Алардын укугу бийик коюлушу керек. Адам укугун, анан мыйзамдын үстөмдүгүн эң жогорку деңгээлге көтөрүш керек. Ал бийликке жагабы же жакпайбы айырмасы жок. Демократиялык өлкөлөрдүн мүнөздүү жактары, принциптери ушундай болушу керек.