Асман шаарынын курулушу боюнча: Биз ал шаарды бюджеттин эсебинен курбайбыз. Биз жерлерди гектарлар инвесторлорго беребиз. Биз ал жерге суу чыгарып беребиз, свет тартып беребиз. Мамлекетке 5-10% квартира түрүндө бергиле. Аны биз ипотека түрүндө жарандарга бөлүп беребиз деп. Түндүк-түштүк жолу бүткөнү турат, чет өлкөлүк жарандар келет. Квартираны чет өлкөлүк жарандар да сатып алса болот.
Садыр Жапаровго жакында эле Фейсбук баракчасына экс-президент Роза Отунбаева тууралуу чыккан билдирүүгө байланыштуу суроо берилди.
"Мен Фейсбукту дайыма карап отурбайм. Жардамчыларым кээде ушундай нерселерди кылып жиберет окшойт. Мен аларга менин баракчаларымды колдонбогула деп айттым", - деп жооп берди Садыр Жапаров.
Орозайым Нарматова боюнча: Чычкандай кызга эрегишпейм, аны камабагыла деп ИИМден сурандым. Бирок ар бир журналист болобу, блогер болобу сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек. "Сенде канча мылтык бар, канча адам чыгара аласың" десе УКМК менен ИИМ карап отурушу керекпи? Сурайт, күнөөсү жок болсо кое берет.
Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр болгон эмес. Элдин талабы болгон. Көчөдө турган элдин гана талабы аткарылды. Президент бойдон калсын, мени премьер бол, эки айдан кийин кайра шайлоо өтсүн деген сүйлөшүү болгон. Бирок мен ага макул болгон эмесмин. Система өзгөрүшү керек дегем.