Садыр Жапаров: Социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен электр энергияга тарифти өзгөртпөө чечимин кабыл алдык. Учурда жаңы кубаттуулукту иштеп чыгуу учун жогорудагы долбоорлор ишке ашууда. Мындан сырткары кайра калыбына келүүчү энергия булактарына маани берилет.
Парламентке шайлоодо мындан ары “алтын мандат”, “биринчи ондук” же “биринчи жыйырмалык” деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт. Бул тууралуу 23-октябрда Бишкекте өткөн жылдык жыйында президент Садыр Жапаров билдирди. Ал партия лидерлеринин тизмедеги алдыңкы орундарды жүз миңдеген долларга баалаган өнөкөтү токтой турганын айтты:
“Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан, акча жасоонун жана коррупциянын булагына айландырган эски, алдымчыл системаны жойдук”.
Быйыл 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Бир жыл мурдагы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Быйыл Кыргызстанда Конституция жана бир катар мыйзамдар өзгөртүлдү.
Садыр Жапаров: Ооганстандагы акыркы окуяларга кайдыгер караган жокпуз. Эки жолу гуманитардык жардам жеткирдик. Биринчи жолу жардам жеткиргенде Ооганстандын азыркы жетекчилери менен сүйлөшүү болгон. Экинчи жолу этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди.
Садыр Жапаров: 2021-жылы коронавируска каршы күрөшкө 3 млрд. сом жумшалды. 1700 кишиге ылайыкташкан 9 стационар даярдалды. Жаңы мобилдик клиникалар, дары-дармектер алынды.
"900 эмдөө пункту ачылып, калктын 40 пайызы вакцинанын биринчи дозасын алды. 30 пайызы экинчи дозасын алды. 30 пайызы эки дозаны бирдей алышты. 20 млн долларга вакцина сатып алдык", - деди Жапаров.