Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Палоо-пикет: Өзбекстан, жүзүңдү ач!


Өзбекстандын элчилиги алдындагы митинг, Москва, 2-апрель.
Өзбекстандын элчилиги алдындагы митинг, Москва, 2-апрель.

Москвалык бир нече фотосүрөтчү Өзбекстандан себепсиз чыгарылган журналист Виктория Ивлеваны жактап, Өзбекстандын Москвадагы элчилигинин алдына “палоо-пикет” уюштурду.

Бул достук пикетин алар “Москва – Ташкент: достук казаны” деп аташты. “Өзбекстанга сүйүүсүн билдирген” пикетчилер президент Каримовду тамаша аралаштыра катуу сынга алды.

Өзбек элчилигинин алдында пикет өтүп атыптыр деген кабарды угуп жетип келген журналисттер таңкалыштуу окуяга күбө болду. Саясий ураандарды айтып кыйкырган пикетчилердин ордуна “меймандос, кичипейил” пикетчилерди көрүштү. Алар өзбектин улуттук кийимдерин кийип, Өзбекстанга, өзбек элине сүйүүсүн арнашты.

- Биз Өзбекстанды жана өзбектерди жакшы көрөбүз. Бирок негедир өзбек өкмөтү бизге аларды сүйүүгө уруксат бербей жатат”, - дейт тамашакөй пикетчилердин бири, фотожурналист Светлана Свистунова.

- Биз бул жерге өз сүйүүбүздү билдиргени келдик. Бул иш-чараны элчилик алдындагы Өзбекстан менен биздин “сүйүү жолугушуубуз” десек болот. Тилекке каршы, бул сүйүү бир тараптуу, жоопсуз экендигине карабай, мына угуп турасыз, пикеттегилер “Өзбекстан, биз сени сүйөбүз”,- деп жатышат. Биз бул жерге бекеринен палоо жасап келген жокпуз. Биздин пикетибиз – “Палоо-пикет” же “Достук казаны” деп аталат. Бул жерде палоодон сырткары, акыныбыз Анна Ахматованын Ташкент жөнүндөгү ырларын окуйбуз,- деди Свистунова.

Светлана кесиптеши Виктория Ивлеванын Өзбекстанга киргизилбегенине Москвада 2010-жылдын февралында өзбек фотожурналисти Умида Ахмедованы жактап, өзбек элчилигинин алдында уюштурган “Өзбекстан, Умида менен сыймыктан!” деген аталыштагы нааразылык акциясы себеп болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

- Ушул пикеттен соң мени дагы Өзбекстанга киргизбей коюшса, бул менде чоң өкүнүч болот. Себеби, мен Ташкентти көргөнүм менен Самарканд жана Бухарага барган эмесмин. Эмне, эми биз Бухара менен Самарканд шаарларын көрбөй калабызбы? Өзбекстан биз менен тууган өлкө болуп саналат. Бирок өзбек тараптан бизге карата достукка туура келбеген аракеттердин болушу өкүнүчтүү,- дейт Светлана Свистунова.

Пикеттин катышуучуларына жана аны чагылдырып жаткан журналисттерге палоо таратылды. Чаар ала чапан, Фергана тонун кийип алган пикетчилер, алардын катарында Виктория Ивлеванын, Анна Ахматованын Ташкентке атап жазган ырларын окушту.

Ара-арада акцияга катышып жаткан он пикетчи Өзбек элчилигине карап “Сөз эркиндиги палоодон жаман эмес!”, “Өзбекстан жүзүңдү ач” деп кыйкырып жатышты.

Акциянын катышуучулары Өзбекстан элчилигинин төртүнчү кабатындагы пардалары жабык терезеден ар дайымкыдай жашыруун видеого тартып жаткан элчиликтин кызматкерин аш жегени чакырышты.

-Биз сизди сүйөбүз, келиңиз, чогуу аш жейли,- деди пикеттин негизги уюштуруучусу, фотожурналист Виктория Ивлева.

Өзбекстан жөнүндөгү сын макалалары менен таанылган “Новая газетанын” кабарчысы Виктория Ивлева 23-март күнү Ташкент аэропортунан депортация кылынган болчу. Ал өзбекстандык журналисттерге заманбап фотожурналистика боюнча тренинг өткөрүү максатында барган эле.

Ивлева 2006-жылы “Новая газета” басылмасына Өзбекстанды “Балыктар мамлекети” деп катуу сындаган. Ал ”Азаттыктын” өзбек кызматына берген маегинде Ташкенттин кара тизмесине киргенине нааразы болгон жок, болгону расмий Ташкентке Орусия менен Өзбекстандын жакынкы тарыхы бир экенин эстетип коюу үчүн келгенин айтты:

- Бул биздин пикир-максаттарыбыздын бир экендигин айгинелейт. Биз Ташкентке рахмат айтабыз, анткени согуш мезгилиндеги Ташкентти унута элекпиз. Ошондуктан өзбек өкмөтүнө, Ислам Каримовго шериктеш болуп жашап жатканыбызды эстетип коюу үчүн бул жерге чогулдук.

Виктория Ивлева бир айдын ичинде Өзбекстанга киргизилбеген экинчи чет элдик журналист. 29-февралда Ташкентке келген Би-Би-Синин кабарчысы Наталья Антелава да Өзбекстанга кире албай, депортация болгон.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG