Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Владимир Войнович: Зулумдукту сатира менен куйкалаган калемгер


Владимир Войнович.
Владимир Войнович.

Орустун көрүнүктүү жазуучусу, бир кездеги диссидент Владимир Войновичтин (1932—2018) жаркын элесине.

Катардагы жоокер Иван Чонкиндин баштан кечирген укмуштуу окуяларын жазуу менен Совет империясынын жетекчилигинин каарына калган чыгаан орус жазуучусу Владимир Войнович теке (июль) айынын 27синде Маскөөдө дүйнөдөн кайтты.

Ал азыркы Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 1932-жылы аяк оона (сентябрь) айынын 26сында туулган. Ал кезде бул шаар Сталинабад деп аталган (1929—1061-жж).

Владимирдин атасы Николай Павлович Войнович (1905—1987) орус тилдүү “Коммунист Таджикистана” (“Тажикстан коммунисти”) гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеп жаткан. Анын теги — орусташкан серб болгон. Жазуучунун өзүнүн боолголоосунда, ал сербдердин даңазалуу Войнович деген ак сөөк уруусунан бутактанган орусиялык кол башчылардын урпагы болгон.

Жазуучунун энеси Розалия Климентьевна (Ревекка Колмановна) Гойхман (1908—1978) болсо азыркы Украинага караштуу Кировоград облусунан — мурдагы падышалык доордогу Херсон губерниясына караштуу Гайворон үйөзүнүн Хащеватое кыштагынан чыккан.

Сталиндик жазыксыз жазалоолор маалында, 1936-жылы, Владимирдин атасы ак жеринен ГУЛагга айдалат. Абактан келген соң Улуу Ата мекендик согушка кетип, 1941-жылы жаракат алат да, майыптыгына байланыштуу уруштан бошотулат.

Балким, үй-бүлөсүндөгү оорчулуктар, сталиндик доордогу көз бойомочулук, эки жүздүүлүк Владимирдин жүрөгүндө таштай катып калган тоталитаризмге карата жек көрүүнү акырындап пайда кылган болуу керек.

Тагдырында аныкына жакын мүшкүл болгон кыргыздын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматов (1928—2008) оболу совет коомун, совет системасын мактаган чыгармалар жаратты. Бараандуу жана кеңири таанылган калемгнер болуп калган кезинде Айтматов кээде түз, кээде Эзоп тили менен тоталитардык коомдун мүчүлүштөрүн ача баштады. Анын манкурттукка каршы урааны да ошондой ыкмалардын бири болду.

Владимир Войнович 1951—55-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, Польша аймагында да жүрдү. Жоокер кезинен ырлар жазып, анын айрымдарын “Керченский рабочий” (“Керч жумушчусу”) гезитине “Граков” адабий ысымы менен жарыялаган. (Анын ата-энеси 1951-жылдан тартып Керч шаарында туруп калышкан да, атасы алиги дергиликтүү гезитте иштей баштаган).

Владимир Войнович М.Горький атындагы адаьият институтуна эки ирет тапшырып өтө албай калып, анан Н.К.Крупская атындагы Педагогикалык институттун тарых факультетинде (1957—1959-ж.) эки жылдай окуган.

1960-жылы үналгыга редактор болуп орношот. Дал ошол 1960-жж. башында анын “Стартка чейин он төрт мүнөт” деп аталган ырына мыкты обон жаратылып, бул обондуу ыр советтик космонавттардын сүймөнчүктүү ырына айланган.

Советтик мамлекеттин лидери Никита Хрущев космонавттар менен жолугушуусу маалында анын ырынын саптарына шилтеме кылып айткан жери бар:

“Ишенем, достор, жылдыздан жылдызга

Алып учат бизди ракета кербендери.

Алыскы планеталардын чаң жолдору

Сакташат бизден калган издерди...”

(“Я верю, друзья, караваны ракет

Помчат нас вперёд от звезды до звезды.

На пыльных тропинках далёких планет

Останутся наши следы…”)

Албетте, Биринчи катчы шилтеме кылган соң, ырдын автору көз ачып-жумгуча советтик жылдызга айланат.

Бирок бул жаңы кырдаал калемгер Войновичтин көксөгөн оюн өчүргөн эмес.

Ал советтик тоталитардык коомдогу турмушту шакаба аркылуу чагылдырган сатиралык ири чыгарманы жазуу тууралуу алгач 1958-жылы беленденет.

Үчилтикке айланган бул роман-шакаба “Катардагы жоокер Иван Чонкиндин өмүрү жана укмуштуудай жоруктары” («Жизнь и необычайные приключения солдата Ивана Чонкина») деп аталат.

Анын алгачкы бөлүмү 1963—1969-жж. жазылган. Бул бөлүм кийинчерээк “Кол тийе элек жүз (бет)” деп аталып калды.

1979-жылы үчилтиктин “Тактыга талапкер” деген бөлүгү, 2007-жылы “Ордунан жылдырылган жүз” деп аталган акыркы бөлүгү жазылды.

Бул чыгарманын биринчи бөлүгү оболу СССРде эркин басылмалар (“самиздат”) аркылуу көбөйтүлүп таркатылган жана СССРде авторго карата расмий жек көрүүнү пайда кылган. 1969-жылы автордун уруксаты жок эле бул биринчи бөлүк Германиянын Франкфурт-Майн шаарында жарык көргөн. Андан соң 1975-жылы Парижде жарыяланган.

Романдын алгачкы бөлүмүнүн сүжетине кыскача көз жүгүртсөк, мында 1941-жылы улуу уруш башталаар алдында жана ал башталган соң Красное кыштагында орун алган фантастикалык окуялар баяндалат. Бул кыштактын жанында У-2 деген аскердик учак аргасыз конот да, аны кайтаруу ишин буга чейин Кызыл армияда аткананын кыгын тазалоо менен кызмат кылып келген жөнөкөй кишиге – катардагы жоокер Иван Чонкинге тапшырышат.

Айтылуу чех сатириги Ярослав Гашектин каарман, бирок жүрөгү таза, апенди чалыш жоокер Швейк тууралуу чыгармасындагы элдик юмор сыяктуу эле, Чонкин жөнүндөгү чыгармада да согуш менен иши жок жөнөкөй пенденин тагдыры аркылуу орус, украин юморлорунун бермети топтолгон.

Иван Чонкин жөн жүрбөй, жергиликтүү почтоочу келин Нюра менен көңүлү табышат. Саат басып, Нюранын ую жергиликтүү мичуринчи Гладышев өстүрө баштаган “помидор менен картөшкөнүн илимий жактан баалуу аралашмасын” жеп салып, андан кийин балаа башталат. Гладышев НКВДга арыз менен кайрылат. Анан бүтүндөй полк келип Чонкинди кармоого аракет кылат. Акыры эптеп жаракат алган Чонкин колго түшкөндө кол баштап келген генералдын көзү чанагынан чыга түшөт: бүтүндөй полкко эки гана киши – Нюра менен Иван Чонкин гана такаат кылып жаткан экен...

Оболу Чонкиндин баатырдыгына ыраазы болуп, генерал өз төшүндөгү медаодардын бирин ага тага салат. Бирок чекисттер Чонкинди камашы керектигин угаар замат, алиги медалды кайра тартып алат...

Ал эми Осоавиахим деп аталган бир жылкынын окуясы эле эмнеге турат? Бул жылкы иштей берип, иштей берип, акыры Фридрих Энгельстин “эмгек кишини жараткан” деген илимий жобосуна ылайык кишиге айланган экен, бирок колхоздо иштөөдөн баш тартыптыр. Акыры ал жанган окко кабылып, набыт болгондо карашса, туягынын астына “Мени коммунист деп эсептеп коюуңарды өтүнөм!” деген куш тилиндей кат табылыптыр.

Советтик системаны мазактаган бул чыгарманын авторунун өзү болсо 1960-жж. соңунан тартып СССРдеги укук коргоочулардын катарына кошулган. 1974-жылы СССР Жазуучулар Биримдигинин мүчөлүгүнөн чыгарылган.

1975-жылы чекисттер аны менен “Метрополь” конок үйүндө жолугушкан маалда аны психотроптук дары менен ууландырышкан.

1980-жылы аны СССРден Батыш Германияга чыгарып жиберишкен жана 1981-жылы Леонид Брежнев кол койгон жарлыкка ылайык аны СССРдин атуулдугунан бир тараптуу ажыратышкан.

1980-92-жылдары бозгунда жүргөн автордун чыгармалары Кайра куруулар доорунда СССРде жаңы дем менен таркатыла баштаган. 1990-жылы ага советтик атуулдук кайтарылган.

Пост-советтик Орусияда да Войнович көз карандысыз калемгер катары жашап келди.

Чеченстандагы согушту айыптады.

Президент В.Путин жазуучу В.Войновичке Мамлекеттик сыйлык ыйгарууда. 12.6.2007.
Президент В.Путин жазуучу В.Войновичке Мамлекеттик сыйлык ыйгарууда. 12.6.2007.

2015-жылы февралда (бирдин айында) президент В.Путинге жолдогон катында Надежда Савченкону абактан бошотуу талабын билдирди. Ошол жылы күздө “Путиндин мээси айланып калды” деген сын пикирин айтты.

В.Войновичтин Иван Чонкин тууралуу роман-шакабасы украин тилине да которулду. Киев. 29.8.2014.
В.Войновичтин Иван Чонкин тууралуу роман-шакабасы украин тилине да которулду. Киев. 29.8.2014.

Өзү славян болгон менен, Войнович жүрөгү планеталык эркин сөз үчүн соккон эр көкүрөк калемгер катары эл эсинде калат.

XS
SM
MD
LG