Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

«Телеграм» үчүн күрөш башталды


"Телеграмды" колдогон митинг
"Телеграмды" колдогон митинг

Москвада «Телеграм» каналына Орусияда бөгөт коюлушуна каршы митингге он эки миңдей адам катышты.

«Телеграм» каналына Орусияда бөгөт коюлушуна каршы митингди 10-апрелде расмий катталбаган Либертариандык партия Интернетти коргоо коомчулугу менен бирге уюштурду.

«Телеграмдын» негиздөөчүсү Павел Дуров митингди «тарыхый мүмкүнчүлүк» катары сыпаттап, Рунтеттин келечектеги эркиндиги орусиялык колдонуучулардан көз каранды экенин эскерткен.

- Орусия ара жолдо турат – жалпы цензура азырынча ишке аша элек. Эгер кол куушуруп отура берсек, Орусия «Telegram» жана башка таанымал кызматтарды жоготот, - деген Дуров.

Мессенжерди Москванын Таганск райондук соту Орусияда толук жабууну быйыл 13-апрелде чечкен. Орусиянын атайын кызматы түйүндү «террористтер кабарлашуу үчүн колдонот» деген негизде компаниядан колдонуучулардын каттарына ачкычтарды берүүнү талап кылган.

Бирок адамдардын жеке маалымат купуялуулугун сактоону убада кылып келген «Телеграм» мындай талапты аткаруудан баш тарткан.

30-апрелде Москвадагы Сахарово көчөсүндө чогулгандардын алдында сүйлөгөн уюштуруучулардын бири Григорий Баженов «Телеграмга» тыюу салуу менен «Путин орусиялыктардан сөз эркиндигин уурдап жатат» деди.

- Биз эркинбиз. Биз эркиндикти баалайбыз. Мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги бир ажыдардын үч башы болуп калды. Эми ал төртүнчү бийликке - сөз эркиндигине, маалымат эркиндигине жана биздин эркин ой жүгүртүүбүзгө кол салып жатат. Биз буга жол бербешибиз керек.

Митингге катышкан оппозициячы Алексей Навальный жүрүштү «санариптик каршылык көрсөтүү» деп атады.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

- Менин каттарымды бирөөлөрдүн окушун каалабайм. Мен Интернетте "жакты" деген белгини койгону үчүн бирөөнүн камакка алынышын каалабайм. Интернет биздин өлкөдө өз алдынча өнүгүп келаткан жалгыз тармак. Эми өйдөдө тургандар аны да чектеп жатат. Мен буга чыдабайм. Силер чыдайсыңарбы?!

Навальный Москвада 5-майга пландалган «Путин бизге падыша эмес» деген митинг жөнүндө да айта кетти. Полиция кызматкерлери саясатчыга миттингге элди чакырбоону эскерткен.

Роскомнадзор «Телеграм» каналын 16-апрелден бери Орусиянын аймагында блоктоого аракет кылып келет. Башкы көзөмөлдөөчү орган андан бери 20 миллиондой IP-даректерди жаап, мындан өлкөдөгү банктар, Интернет дүкөндөр жана башка онлайн кызмат көрсөткөн сайттар жабыркаган.

25-апрелде Илимий кызматкерлердин коомчулугу Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге «Роскомнадзордун зыяндуу ишмердигин токтотууну» талап кылып кайрылышкан. Окумуштуулар Роскомнадзордун аракеттеринен илимий интернет ресурстары да блоктолуп калганын билдиришкен.

Орус бийлигинин «Телеграм» каналын жабуу аракетинен IT компаниялар 2 миллиард долларга чейин чыгым тартканы болжолдолууда. «Яндекс» компаниясы Роскомнадзордун аракетин «жалпы Рунетке сокку» деп, айрым сайттарынын «кара тизмеге» алынышына түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

Mail.ru Group компаниясына таандык «ВКонтакте» социалдык түйүнүнүн өкүлү көзөмөлдөөчү мекеме Интернеттин ишин түшүнбөстөн, залака келтирип жатканын белгилеген.

Анткен менен «Телеграм» каналы Орусияда толук жабыла элек. Иши чектелгенине карабай аны колдонгондордун саны көбөйүп жатканы кабарланып келет. Мессенжер блоктолгон күнү telegram.org сайтына Орусиядан 1,2 миллион адам кирген.

Мурдатан Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Телеграмдын» жабылышынан "трагедия жасабоого" чакырган. Песков мессенжердин блоктолушун мыйзамдын талабы менен түшүндүргөн.

Орусия 2016-жылы «Яровая пакети» деген атка конгон мыйзам топтомун кабыл алган. Бул «теороризмге каршы» мыйзамдарга ылайык уюлдук операторлор жана Интернет ресурстар Орусиянын атайын кызматынын талабы боюнча колдонуучулар тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG