Молдова өкмөтү эмне үчүн мындай кадамга барганын расмий билдирген жок. "Персона нон грата" деп жарыялаган беш дипломаттын аттарын да расмий атабайт.
Маалыматтарга караганда, алардын арасында Орусиянын Молдовадагы элчилигинин аскер атташесинин жардамчысы Александр Грудин бар. Аны 2017-жылдын мартында атайын кызмат мурдагы молдован депутаты Юрий Болбочануну азгырып, сыр маалыматтарды алып турган деп шектеген. Болбочану азыр камакта. Ал маалымат жеткирип турганы үчүн орусиялык өкүлдөн 100 миң доллар алган деп шектелип, "мамлекеттик чыккынчылык" жана "тыңчылык" үчүн айыпталууда.
Бул окуядан кийин өлкөдөгү орусиялык дипломаттардын ишмердиги чоң талкуу жараткан болчу.
Беш дипломаттын өлкөдөн чыгарылышына Орусия сөзсүз жана катаал жооп болот деп эскертүүдө. Орус тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин:
"Бул абдан олдоксон чагым. Муну Кишинев менен Москванын алакасын жандандыруу багытына, анын ичинде Молдова президенти Игорь Додондун позицияларына карата ойлонуп урулган сокку деп баалайбыз" - деди ТАСС агенттигине берген комментарийинде. Бирок катаал жооп эмнени түшүндүрөрүн тактаган жок.
Өлкөнүн орусиячыл президенти Игорь Додон да Фейсбук баракчасына Тышкы иштер министрлигинин чечимин "Батыштын тапшырмасы" деп атады.
"Өкмөт орусиялык элчиликке карата кыжырды келтирген чечим кабыл алды. Молдова дипломатиялык корпусунун өкүлдөрүнүн достукка жатпаган бул кадамдарына аябай ачуум келип жатат жана муну кескин айыптайм", деп жазат ал.
Марттын башында Молдова Орусиядагы элчисин да себебин айтпастан чакыртып алган. Кийин ордуна башка кишини дайындаган болчу.
Коомдук саясат институтунун директору Аркадий Барбэрошие Кишиневдун дипломаттарга байланыштуу кадамдарын өлкө үчүн өтө маанилүү деп эсептейт:
- Бул кадамга баруу менен өкмөт Молдованын кызыкчылыгын коргоо боюнча жоопкерчилик алды. Бул биринчи кезекте газ менен камсыздоого байланыштуу. Электрге Орусия таасир эте албайт. Анткени азыр аны украиналык станциялар өндүрөт. Бул жерде Украина менен сүйлөшүү керек. Канткен күндө да бир жыл бою электр өчпөйт. Бул жерде газ маселеси бар. Бул Молдова Республикасы кадамдарын абдан кылдат эсептеп, орусиялык чиновниктердин билдирүүлөрүнө дыкат көңүл бурушу керек дегенди билдирет. Мисалы, газ берүүнү токтотуп койсо Молдова эмне деп жооп берерин билбейм. Орусия ушундайга барышы да мүмкүн.
Орусия-Молдованын башка тармактагы соода алакалары деле дурус эмес. Кишинев 2014-жылы Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол койгондон кийин Орусия бул өлкөнүн мөмө-жемиштерин алуудан баш тарткан. Он жыл мурда молдован винолорун албай койгондо да дипломатиялык жаңжал чыккан. 3,5 миллиондон көбүрөөк калкы бар постсоветтик чакан өлкө үчүн бул маанилүү тармактар.
Азыр өлкөнүн ичинде да өкмөт-президентура тиреши басаңдай элек. Өкмөтү Евробиримдикке жана НАТОго кошулууну жактап келет. Ал эми өткөн жылдын аягында президенттикке шайланган Додон болсо буга каршы. Ал ошондой эле Евробиримдик менен жакындашуу келишимин да жокко чыгаруу керектигин билдирген. Додон Орусияга ыктаганынын белгиси катары жакында эле Евразия Экономикалык биримдигинин жыйындарына катышып, Молдова уюмга байкоочу катары кирген. Буга өкмөт башчысы Павел Филипп каршы болгон.