Апасы Гүлсара Эркулова Орусияга ишке кеткенде Зейнеп тогуз жашта болгон. Эки бөбөгү менен таенесинин колунда калган экен. Андан бери 13 жыл өтүп, бойго жетишти. Зейнеп жакында эле өзү да эне болгон.
- Апам үчөөбүздү тайларга калтырып кеткен. Быйыл 22ге чыктым, менден кичүүлөрү азыр 20, анан 15 жашка чыкты. Апам биз менен байланышып жүргөн, кийин чалбай калды. Эми минтип өзүм эне болдум. Кыз бала үчүн апанын орду башкача болот экен. Мен аны дайыма издеп келем. Документтери туура болбой, кыйналып жүрөбү же башка турмуш куруп алганбы деп ойлойм. Кандай болгон күндө да бир көргүм келет, дайынын билүүгө зармын. Кайсы жакта эмне жумуш кылганын деле билбейм. Күтүп эле жүрөбүз. Апамдын тагдыры өтө оор болгон, аны түшүнгөн деле адам болгон эмес.
Гүлсара Эркулова 1974-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан болот. Орусияга 2004-жылы кетип, кайрылып келген эмес.
Миграцияда жүргөн жакындарын айлап - жылдап күткөндөр Кыргызстанда миңдеп саналат. Орусиянын кең коюнунда журтташтар ар түркүн тагдырга кабылат. Алардын арасында ичимдикке берилип селсаяк болуп кеткендер, башка үй-бүлө күтүп, туугандарынан кол үзгөндөр, кырсыкка учурап, дайынсыз жоголгондор бар.
Гүлипа агасы Абдирашит Салиевди төрт айдан бери издеп келет. 45 жаштагы Абдирашит Салиев мурда үй-бүлөсү менен тез-тез байланышып, ал-акыбалын билдирип турган. Эми дайынын билгизбей жатканы туугандарын санаага салууда.
- Москвага былтыр августта барган. Анан курулушта иштегенби же башка жакка орношконбу, билбейбиз. Акыркы жолу атасына чалып сүйлөшүптүр. Карыган киши телефонун дагы сактап калбаптыр. Андан бери төрт ай болду, дайыны жок. Ичимдикке, кылмышка такыр жолобочу. Эмне болгонун билбейбиз. Кимдер менен иштегенин деле билбейбиз. Үйүндө 80 жаштагы энеси жол карап күтүп жатат. Аялы, эки баласы бар.
Орусияга кеткен уулунун кайрылып келишин Жалал-Абадда дагы бир эне зар какшап, тилеп келет. Аксы районундагы Кызыл-Жар айылынын тургуну 1977-жылы туулган Замирбек Атамкулов төрт жыл мурун Орусияга аттанып, ошол бойдон кайда экени белгисиз.
- Замко, кел. Үйлөнгөн болсоң, жетелеп келе бер. Бул жакка келип, бала-чака күт, үй-жайыңды кара. Жаман болуп кеттим. Сагындым. Таң атса кеч кирбейт, кеч кирсе таң атпайт. Атаң салган тамда отурам. Замко, кел!, - деген эненин видеосун көрүүгө болот.
Орусияда дайынсыз кеткендерди туугандары интернет аркылуу издешет. Одноклассники, Фейсбук социалдык тармактарындагы мекендештердин топторунда айлап-жылдап дайыны чыкпагандардын сүрөттөрүн көрүүгө болот.
Орусияда жоголгон туугандарын издегендерге Москвадан Зулпидин Нурматов курбусу Шайлообек Курбаналиев менен жардамдашууну чечкен.
- Фейсбукта досторум көп. Кээ бирлер үмүт кылып, мага жазышат. Мен эч качан буларга жооп бербей койбойм. Убакыт таап, байланышып, соцтармакка билдирүү жазып коем. Реалдуу жардам болуп жатат. Эки адамды таптык. Эл деген эл экен. Кайдыгер болбосок башкысы. Бирөө болбосо, бирөө көрүп же билип калган болот. Маматбек деген байке ушул Москвада селсаяк болуп кетиптир. Аны селсаяктарга тамак берген жерден таптык. Экинчисин дагы таптык. Аны негизи айылдаштар жазышкан. «Ушул байке дайынсыз экен, карап койгулачы» деп. Аны дагы таап, туугандарына байланыштырып койдук. Атын атабай эле коеюн, өзү суранган.
Орусияга эмгек миграциясына келип, 25 жылдын ичинде канча жаран дайынсыз жоголгону белгисиз. Тек гана аларды күткөндөрдүн үнүн угууга болот.