Үч айдан бери Москва четиндеги Сахароводо мигранттарды убактылуу камоочу жайда отурганын айтып “Азаттыкка” телефон чалган Канат Уразбек уулу соттон кийин он күн ичинде Кыргызстанга чыгарылышы керек эле. Бирок ал адвокат жалдап укугун коргой албай же элчиликтен жардам ала албай камакта отурат:
- Москвадан Сахарово деген камоочу жайдан телефон чалып жатабыз. Бул жакта кыргыздар көп болуп жатат. Документ үчүн бир жылдан ашык отурган балдар бар. Мыйзамдуу документтери менен деле камалгандар кездешет. Менин отурганыма үч ай болду. Элчиликке чалсак, “акчаңарды төлөп чыгып кеткиле” деп коюшту. Кимге эмне акча төлөп чыгышты түшүнгөн жокпуз.
Канаттын айтуусунда, ушул тапта Сахароводогу абакта 500дөй кыргыз жараны жатат. Алардын ичинде Москвада каралашар жакын тааныш-туугандары жок, аялы-күйөөсү менен кошо камалып, отургандар бар. Акыркы убакта орус камагындагы кыргыз кыз-келиндердин саны да көбөйгөн:
- Аял кишилерди биринчи чыгарып кетишсе жакшы болот эле, биз болсо эптеп чыдайбыз. Бул жактагы шарттар түрмөдөн жаман. Бир бөлмөдө он киши отурабыз. Бул жакта ооруп жатабыз, дары беришпейт. Туугандарыбыз тамак-аш алып келсе, аларды киргизбейт же жарымын алып калышат. Тамекилерибизди алып калып, кайра өзүбүзгө эки жүз рублдан сатып жатышат. Урушат, согушат, телефон беришпейт.
Канат Уразбек уулу миграциялык документтерин убагында узартпаганы үчүн камакка алынып, сот чечими боюнча депортацияга туш болгон. Өз маалында адвокат жалдай албай же юридикалык көмөк ала албай ушул тапта камакта зарыгып отурган кези.
Сот иштеринде котормочу болуп иштеген Жанна Сабаеванын айтуусунда, Москвада кыргыз тилин билген, мигранттардын таламын талашкан юрист, адвокаттардын жетишсиздиги да камакта отургандардын абалын оорлотууда.
- Москвада жогорку деңгээлде билими бар кыргыз тилдүү юристтер жетишпей жатат. Мигранттар сот иштеринде юридикалык терминдерди түшүнбөй эле кагаздарга кол коюшуп, өз тагдырларын чечишүүдө. Сотто ар бир үтүр, чекит маанилүү. Кыргыз өкүлчүлүгү тынбай эле иштеп жатат. Иштеген менен алар жетишпей калууда. Анткени, азыр Орусияда миграциялык кызмат жоюлуп, күч органдарында реформа болуп жатат. Административдик мыйзам бузуулар боюнча иштер аябай көбөйдү. Анан чындыкты талап кылган акыйкат адвокаттар болсо анча-мынча акчага иштешпейт. 15-20 миң рубль сураган адвокаттар дагы бар, бирок, алар мигранттардын ишине көңүлкош мамиле кылышууда.
Сот иштеринде административдик мыйзам бузуулар боюнча мигранттардын укугун коргоо үчүн москвалык адвокаттардын кызматы адатта 30-50 миң рублга чейин жетет. Мындай каражатты мигранттардын басымдуу бөлүгү көтөрө албай, тобокелге барган учурлар дагы кездешет.
Ал эми орус калаасында иштөөнү каалаган юристтер Москва шаардык адвокаттардын коллегиясына документ тапшырып, адвокаттык ишмердүүлүккө уруксат алышы керек.
Элчиликтин атташеси Гүлбарчын Байымбетова билдиргендей, Кыргызстандын Москвадагы консулдугунда мыйзам бузуулар жана кылмыш иштери боюнча үч кызматкер жарандарга юридикалык көмөк көрсөтүп келет. Мындай иштерден тышкары консулдуктун кызматкерлери паспорт алмаштыруу, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, визалык суроолор жана башка расмий милдеттери менен алек.
- Сахарово боюнча консулдуктун юристи февраль-март айларында акыркы жолу барыптыр. Апрель айынан тарта Орусиянын мамлекеттик органдарындагы реформаларга байланыштуу барыша элек. Анан бул органдарда кызматкерлеринин аздыгынанбы же башка себептенби мигранттардын документтеринин мыйзамдуулугун текшерүү узак мөөнөткө созулуп, кезек көбөйдү. Ошондуктан, жарандарыбыз көпкө күтүп калып жатышат. Анан Орусиядагы жарандарыбыздан бул текшерүүлөр күчөгөнүнө байланыштуу бардык документтерди тактап, мыйзамдаштырып, дайыма жанында алып жүрүүнү суранып кетер элек,- дейт Байымбетова.
Консулдуктун юристтеринин соттук иштерде мигранттардын укуктарын коргоого мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, элчилик бир нече жеке юристтер менен кызматташып келет. Бирок аз акыга мигранттар менен иштешүүгө бардык эле юридикалык мекемелер макул эмес.
Учурда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 600 миңге жетсе, алардын дээрлик жарымы Москва жана Москва облусунда иштейт.
Орус калаасында элчиликтен тышкары мигранттарга бекер юридикалык кызмат көрсөтүүчү “Миграция жана мыйзам”, “Жарандык көмөк комитети” сыяктуу бир нече көз карандысыз коомдук уюмдар бар. Бирок мындай уюмдарга жардам сурап кайрылгандардын саны көп болгондуктан, алар өзгөчө оор адам укуктарын бузуулар боюнча гана иш алып барышат.