Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Көкбөрү Москваны да дүрбөлөңгө салды


Москвадагы көкбөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00

Москвадагы көкбөрү

Өткөн дем алышта Москванын борбордук ипподромунда көкбөрү оюну өткөнү жергиликтүү элди нааразы кылган.

24-февралда Москванын борборундагы чоң ат майданда көкбөрү оюну уюштурулуп, ага 3,5 миңдей кыргызстандык чогулганына айрым шаар тургундары нааразы болду.

Оюндан кийин Интернетке оюн учурунда аттардын жыгылганы, кээ биринин жаагы айрылып кеткени тартылган сүрөт, видеолор таркап кеткен.

Мындан улам Москвадагы жан-жаныбарларды коргоо боюнча активисттер change.org сайтында петиция түзүп, мындай мелдештин шаардык ипподромдо өтүшүнө тыюу салууну талап кылып, москвалыктардын колун топтой баштаган.

Кайрылууда «Спорттун бир түрү деп алар жаныбарларды кыйнап, майып кылып жатышат. Биз цивилизациялуу дүйнөдө жашайбыз, анда жан-жаныбарларга зомбулук көрсөтүү - улуттук жетишкендик эмес, улуттук шерменделик» деп жазылган. Петицияны 28-февралга чейин эле 7,5 миң адам колдогон.

Ошондой эле социалдык тармактарда «Бул Москвабы? 2019-жылбы?», «Жапайычылык» деп ачууланган орусиялыктардын пикирлерин көрүүгө болот.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин тапшырмасы менен «жаныбарларга зомбулук көрсөтүлдү» деген жарандардын кайрылуусу боюнча текшерүү иштери башталганы кабарланды.

Мындай текшерүү жүргүзүүнү Мамдумада Экология менен айлана-чөйрөнү коргоо комитетин жетектеген депутат Владимир Бурматов да талап кылып чыккан.

Бурматов оюнда жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси боюнча иш козгоого негиз бар экенин текшерүү керек.

«Мындан биринчи кезекте оюнду уюштургандар сабак алышы керек. Мындай резонанс жараткан иш-чаралар менен адамдар өзүнүн кадыр- баркын биротоло көөмп салышы мүмкүн. Мен бул иш-чараны мелдеш деп да айта албайм», - деген Бурматов «Парламентская газета» басылмасындагы маегинде.

Оюнду Орусияда жайылтуу максатында көкбөрүнү кыргызстандык мигрант Нурбек Курбаналиев уюштурган.

Курбаналиев былтыр февралда Кыргызстандан Москвага аттарды алып келген. Учурда жаныбарларды Москванын чет жагында багып келет. Анын айтымында, көкбөрүдө чабылган аттардын баары аман-соо, ветеринарлардын көзөмөлүндө.

- Оюнга 21 ат алып барганбыз, - деди уюштуруучу. - Бир эле аттын оозу канап кеткен. Эми Москванын ветеринарлары келип, текшерип кетишти. Аттардын баарынын абалы жакшы. Мал доктурлар журналисттерге «ызы-чуу кылбагыла, аттар эсен-соо» деп айтып жатышат.

Нурбек Курбаналиев.
Нурбек Курбаналиев.

​Нурбек Курбаналиев белгилегендей, Москвада оюн көрсөтүүгө шаар четиндеги Раменское шаарындагы ипподромдун жетекчилиги көмөктөшкөн.

Көкбөрү күнү ат майданда «Росипподром» мекемесинин башчысы Николай Исаков оюнду уюштурууга катышканына сыймыктанып, мындан ары да жардамдашууга убада берген.

- Келген адамдардын саны бизди таң калтырды, - деди ал. - Албетте, оюн кызыктуу. Кызыктуу болсо, аны дайыма өткөрүш керек. Бизде аянтчалар бар. Көкбөрүнү Орусияда жайылтса болот. Мен буга жардам берүүгө даярмын.

«Росипподром» бирикмесинин башчысы Николай Исаков.
«Росипподром» бирикмесинин башчысы Николай Исаков.

​Бирок, москвалыктардын арасында нааразылык күчөгөндө Москва ипподромунун жетекчилиги иш-чара өткөрүүгө аянтча гана бергенин, өзү уюштуруучу болбогонун кабарлап расмий кат таркаткан.

«Росипподром» мекемеси таркаткан кат.
«Росипподром» мекемеси таркаткан кат.

​Оюндун ачылышына чакырылган жергиликтүү коноктордун ичинде Орусия элдеринин ассамблеясынын башчысы, Орусиянын президентине караштуу улуттук маселелер боюнча кеңештин мүчөсү Светлана Смирнова да болгон.

Москвадагы борбордук ипподромдо көкбөрү оюну 24-февралда биринчи жолу уюштурулган. Оюнду Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустары боюнча түзүлгөн мигрант улакчылардын төрт командасы көрсөткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG