Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Пара берген мигрантты абак күтөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиядагы мекендештер арасында полиция кызматкерлеринин мигранттардан акча өндүргөнү тууралуу ачык айтылып келет.

Кыргызстандык Акимбек Дыйканов полиция кызматкерине пара берген деп алты ай мурда Москвада камакка алынган. Келинчеги Айсалкын участкалык бөлүмдө жолдошун алгач пара берүүгө кысташып, кийин айыптуу кылып койгонун баяндап отурду.

- Апрелдин аяк чени болчу, эртең менен жумушка кетип бара жаткан кызды жолдон токтотуп, аны батирди ачтыртып, үйгө полиция кирип келген. Батирде он үч адам бар элек, экөөнүн документтери туура эмес чыгып, калганыбызды кое берген. Анан кечинде мага телефон чалып, «батирде дагы жашайм десеңер, күйөөң мага келсин» деди. Күйөөм «айып пул салабы» деп кабатырланып кеткен. Барса, берки жагына күбөлөрдү жашырып коюп, жолдошумду акча берүүгө кыстаптыр. Биринчи алты миң рубль берсе, кагазга «добавь» деп жазып көрсөтүп, 15 миң рублга жеткенде берки жактагы күбөлөр чыгып, дароо протокол түзүп, жолдошумду камакка алышкан.

Акимбек Дыйканов
Акимбек Дыйканов

Дыйкановдун иши беш айдан бери каралбай, соту улам жылып, тергөө бүтпөй келет. Ага карата Орусиянын Кылмыш кодексинин 291- беренеси («паракорчулук») боюнча кылмыш иши козголгон. Жеке адвокат жалдоодон эч кандай майнап болбогон.

- Элүү миңге адвокат жалдаганбыз, андан жыйынтык болбоду. Ушунчадан бери соту болбой, улам жылдырышып, камакта жатканына алты ай болду. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Элчиликке өзүм бардым, туугандарыбыз да барды. «Иши сотко өтүп кетиптир» дегенден башка эч жардам бере алышпады. Үч балабыз бар. Эми эмне болорун билбейбиз.

Орусияда мыйзам чегинде аз өлчөмдөгү паракорчулук үчүн айып пул төлөө жазасы каралган. Бирок мамлекеттик кызматерлерге пара берген чет өлкөлүктөр эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Орусияда полиция жана миграция кызматкерлери менен келгиндердин ортосунда коррупциялык схемалар кеңири жайылган көрүнүш. Кээде мыйзамсыз жүргөн мигранттар параны тартип сакчыларына өздөрү сунуштаса, көпчүлүк убакта чет өлкөлүк жарандарды атайлап кыстап акча өндүргөн кызматкерлер дагы чыгары айтылып келет.

Москвада иштеген Эркинай ​полиция кызматкерлерин жемкорлукка мигранттар өздөрү көндүргөн деген ойдо.

- Мигранттар баштап жатат ушунун баарын. Биринчиден, «менин батиримди полицияга көрсөтүп койбосун, кынтык таап, депортация кылып жибербесин» деп өздөрү чуркап барып сүйлөшүп, айына 3-5 миң рубль пара берип жатпайбы. Экинчиден, батир алганда көпчүлүк болуп жашоого кожоюндар макул болбойт. Үч-төрт адамга эле уруксат берилет. Үчүнчүдөн, мигранттардын документтери туура болбой чыгат. Коркуп, чочулагандыктан эле акча берип жатышат. Анан полиция ич ара бири-бирине айтат, ошентип, акыры көнүмүш болуп калбадыбы. Батирди деле, миграциялык документтерди деле мыйзамдуу алууга болот. Бир аз машакаттуу иш. Мигранттар ошондон качып полицияны жемкорлукка көндүрүп койду.

Мирбек Токтошев
Мирбек Токтошев

Адвокат Мирбек Токтошев миграциялык документ жана батир маселесинен тышкары жол коопсуздугун сактабаган мигранттар дагы паракорчулукка барып жатканын кошумчалады. Ал эми полиция кызматкерлеринин мигранттарды кыстап акча алуусун сотто далилдеп берүү дээрлик мүмкүн эмес.

- Акыркы кезде жол эрежесин сактабаганы үчүн полиция токтотсо, пара бере коюп жаза тартып жаткан мекендештер көп болуп жатат. Жол коопсуздугун бузгандыгы үчүн протокол түзүп, айып пул жазса, ошону банкка барып төлөөдөн качып пара беришет. Анан Орусиянын Кылмыш кодекси боюнча ошол паранын көлөмүнөн 15-20 эсеге көп айып пул төлөп жатышат сотто, бир-эки жылга эркинен ажыратылгандар дагы кездешет. Полиция кызматкери же бийлик өкүлдөрү пара берүүгө кыстаган учурда алардын күнөөсүн далилдөө кыйын. Мигранттар аны аудио-видеого жазып калышпайт. Сотто пара берүүгө түрткөн тараптын айыбын аныктап берүү өтө оор.

Орусия Transparency International эл аралык уюмунун коррупция боюнча соңку баяндамасында 176 мамлекеттин ичинен 131-орунда жайгашкан, ал эми Кыргызстан 136-орунда.

Орусиянын Башкы прокуратурасы мурунку жылы коррупциялык багытта 28,4 миң кылмыш катталганын, алардын 10 миңге чукулу паракорчулукка байланыштуу болгонун маалымдаган. Ал эми миграция жаатында паракорчулук боюнча жаза тарткан чет өлкөлүктөрдүн жана мамлекеттик кызматкерлердин саны ачык айтылган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG