Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Орусия: жума күнкү текшерүү кайра башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жума намаз учурунда полициянын текшерүүсү кайрадан башталды. Сентябрдын аягынан тартып бир нече шаарда ушундай рейддер болгону кабарланууда. Бирок полиция эмне себептен намазга жыгылгандардын, алардын ичинде мигранттардын тынчын алып жатканын түшүндүргөн эмес.

"Өткөн аптада 5-октябрда, Владивостокто жума намаз учурунда ОМОН мусулман борборун курчап, намаз окуганы келгендерди сүрөткө тартып, текшерди", – деп жазды Орусиянын муфтийлеринин бири Нафигулла Аширов "Фейсбуктагы" барагына.

Ал эми андан мурдараак Москвадан тартылган видеодон тартип сакчылары адамдарды текшерип эле тим болбой, кармап кетишкенин көрүүгө болот. Видеонун автору: "Биз жума намазга келгенбиз. Бирок алар метронун, мечиттин жанынан кармап жатышат. Бул жерде бир сааттан ашык отурабыз", - деп, баарынын документи жайында болгонуна карашпаганын кошумчалады.

Тартип сакчылары текшерүүгө дуушар болгондорду автобуста бир нече саат кармап, анан бөлүмгө алып барышкан. Эч кандай протокол түзүшкөн эмес, эч бир кагазга кол койдурушпаптыр. Сүрөткө тартып, манжа тагын алган соң эч нерсе болбогондой коё беришкен. Ошондо кармалгандардын бири, мигрант Рустам жүзүн көрсөтпөй сүйлөп берди.

- Мен аларга документимди бердим. Алар "маалыматтар базасынан текшеребиз" дешти. Мен мечитке, намазга кечигип жатканымды айтсам, "текшерип эле кое беребиз" дешти. Анан автобуска тыгып коюшту. Отуздай киши бар болчу.

Мечиттердин жанында мигранттар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:45 0:00

Юристтер мындай текшерүүлөр мигрант тууралуу маалымат алып, документинин аныктыгын тактоо максатында болуп жатканын белгилешет. Ал үчүн алынган манжа тагы атайын маалыматтар базасында салыштырылат. Бирок адвокат Рахман Агайгелдиев мындай капыс кармоо, текшерүү мыйзамсыз дейп эсептейт:

- Эгер ал адам шек туудурбаса же издөөдө болбосо, анда жөн гана жанына басып барып документин текшерүүгө, албетте, алардын укуктары жок. Ал эми аймактык бөлүмгө алып барышса, алар протокол түзүүгө милдеттүү болчу.

Жума күндөрү мечиттердин жанындагы удаама-удаа рейддер көп жылдан бери өткөрүлбөй калган эле. Алар эмне үчүн азыр жанданып жатканы боюнча түшүндүрмө бериле элек. Мындай текшерүүлөр дагы канча болору азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG