... Бир аздан соң Москванын метросунда кубарып, кумсаргандардын арасында Ала-Тоомдун тээ алыскы айылдарынан кара тору тарткан, беттери күнгө күйүп, шамалга туурулган жүздөр кезиге баштайт. Көчөдөн кыргыз көргөн сайын жоодурай карап, айылдагы апасын, бир тууганын көргөндөй кубанып калышат.
Же болбосо жүрөгүңдү эзип, «Эжеке, кыргызсызбы?», «Бул метрого кантип барам, орусча түшүнбөй жатам?», «Телефон чалып алсам болобу? Адашып кеттим...» же «Жумуш барбы?» деп жалооруй карайт. Көздөрү баёо, жүрөгү таза, али адамды чүкөдөй калчаган Москваны да, кыргыздар арасындагы москвачылыкты да толук сезип, туюп, баштан өткөрө элек.
Эми бели катый электе турмуштун арабасына чегилип, Орусияга ишке жөнөөр бекенсиң, иним? Же турмуш сени дагы биртке аячудай болобу? Эмитен кыялдар талкаланып, демиң сууп турабы же дегдеңдеп Орусияга эбак оюн салып жөнөдүңбү?
Эми сенин тагдырың кандай болоор экен, сиңдим? Москванын чоң тегирменинде ары-бери урунуп-согулуп, акырында аппак ундай мелтиреп улук болуп чыгасыңбы же чайналып, талкаланып каласыңбы?
Тил билбей келсең, оюңду кенен жеткире албай, дүйнөң бир заматта тарып, чет жакта тумшуктууларга чокуласың. Билимиң тайкы болуп, билгениң аз болсо, өз укугуңду коргой албай, алдуулардын алдында айыптууга айланасың.
Ишенчээк болсоң, амалдуу түлкүлөргө жем болосуң, бөбөгүм. Же кечээ мен кезиктирген Зоядай «мен чыдабай калдым, айлыгымды алсам эле кетем» деп, ак эмгегиң үчүн акы төлөнбөгөнүнө ызаланып, өпкөң көөп ыйлайсың.
Өргө чапчу өнөрүң болбосо, колуңдан бир иш келбесе, бир жумуштан экинчи жумушка айдалып, күнү-түнү жалданып, Москвада кара курсак үчүн гана жашайсың. Жалкоо болсоң, эч жарыбайсың чет жакта дагы.
Жеңил акча издебе, бөбөгүм. "Акчаны алдап, уурдап, абийириңди сатып табамын" десең, кара тордун артында куурайсың. Жеңил ойлуулукка барбагын. Тапканың талаага кетип, жолуңдан таалайың качат.
Эсиңде болсун, Москва келгиндерди чүкөдөй калчайт. Бири таа түшсө, бири бөк түшөт, бири кыйноодон өтүп курчуса, бири ачууланып, мокойт. Жалтылдап жалтырактары, баш айлантып азгырыктары, байлык менен бакытты оңой эле убада кылат, бирок, убадасын так аткарбайт. Москва чоочундарды жерийт, өзүңө өзүңдү өгөйлөтөт.
Ата-баба журтунда ээн-эркин басып, эркин сүйлөп, эркиндикти сүйүп өскөн бөбөк, жергиликтүүлөргө кебетең же кийимиң жакпай калса, ачуу сөздөн, кадалган көздөн чүнчүп, өзүңдү өзүң жемелечү болбогун.
Бир жаңылып мүдүрүлсөң, кайра туруп кеткидей бекем бол. "Ата-энеси барбы мунун?" дедирбей, тартиптүү жүр чет жерде. Акыл калчап кадам таштап, эмгек менен бирге окууну да сүйө бил, бөбөгүм!