Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Кайгысы бүтпөгөн "кара тизме"


Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.
Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.

Орусиядагы айрым мигранттар учурда миграциялык мунапыс ишке ашпай жатканына нааразы.

16-октябрда кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнөн кийин орус бийлиги «кара тизмедеги» айрым кыргызстандыктарга кайрадан Орусияга кирүүгө уруксат берип, андан тышкары азыркы кезде орус жергесинде миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн мигранттарга мунапыс бергени маалымдалган.

Андан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «кара тизмедеги» 70 миң мигранттын 50 миңи соттун чечими менен Орусиядан чыгарылганын, бул жеңилдиктерди калган 20 миңдей жаран колдоно алаарын билдирген.

Азыр Москвада иштеп жүргөн Нурия Нарматова кыргызстандыктарга миграциялык мунапыс үч жума мурун жарыяланса да эки бир тууганы «кара тизмеден» чыгарылбай, Орусияга кире албай жатышканына таң калды:

- Сахалинде жүрүп, өз убагында миграциялык каттоону узартпай калышыптыр. Анан чек арага чыкканда кайра киргизбей, «кара тизмеге» түшүп калышкан. Сот аркылуу чыгарылган эмес, айыппулдары жок, Орусияда кылмыш жообуна тартылган эмес. Анан мунапыс берилгенден кийин алар кубанып мага кайрылышты. Орусиянын ИИМинин сайтына кирип текшерсем, дагы эле “Орусияга кирүүгө тыюу салынган” деп турат. Анан күлдүм. «Айылда оокаты кыла тургула» дедим. Эмне себептен алар чыгарылбаганын билбейм. Же балким дагы чыгарылып калышабы?

Москва.
Москва.

Эскерте кетсек, расмий маалыматтарга ылайык «кара тизмеден» Орусиянын № 114 федералдык мыйзамынын 26-беренесиндеги 4-8-пункттары боюнча Орусиядан кетирилген жарандар чыгарылышы керек.

Алар - Орусияда акыркы үч жылда бир нече жолу административдик мыйзам бузгандар, 30 күн ичинде миграциялык каттоого турбай же өлкөдөн чыгып кетпей, миграциялык эрежелерди бузгандар.

Ушул эле маалда мунапыс жарыяланган соң Орусиянын чек арасына миграциялык картасын жаңылатууга чыккан айрым кыргызстандыктар кайрадан өлкөгө кире албай калып жатышканын кабарлашууда.

Жарыяланган миграциялык мунапыска ылайык, 16-октябрдан 10-декабрга чейин Орусияда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн мигранттарга чек арага чыгып, жаңыланган миграциялык карта менен кайрадан кирүүгө уруксат берилген.

Октябрдын аягында Орусиянын Озинки шаарчасынан Казакстандын чек арасына өтүп, миграциялык картасын жаңыртып келген Алия өзү менен кошо чыккандар кайрадан Орусияга кире албай калышканын айтты:

- Бир автоунаа менен сегиз киши барганбыз. Биз менен чогуу жүргөн эки аялды алар чек арадан кайра өткөрбөй коюшту. Бирөө үч айдан кийин бир жылга миграциялык картасын узартпай калганын айткан болчу. Экинчиси ортомчулар аркылуу дароо бир жылга миграциялык каттоого туруптур, бирок үйдө бала менен отуруп калыптыр. Эми ишке кирүүгө картасын жаңылатууга чыккан экен.

Москвада супермаркетте иштеген Мээрим Дуулатбекованын кесиптеши 2-ноябрда Казакстанга миграциялык картасын жаңылатууга чыгып, кайра кире албай калган.

- “Мунапыс” дегенде эле угуп алып кеткен, - дейт ал. - Анан чек арадан тоскоолдуксуз чыгып, кайра алты саат туруп, кире албай калыптыр. Мурунтан "кара тизмеге" киргизилгенин ал ошол жактан билиптир.

Ал эми Москвадан Казакстан менен чек арага мигранттарды ташып иштеген Усман Сүйүнбаев бир гана миграциялык каттоосу боюнча катачылыгы барлар эч тоскоолдуксуз чек арадан өтүп жатканын айтып берди:

- Мен бир топ жылдан бери иштейм. Азыр миграциялык каттоосу узартылбагандар чыгып-кирип жатышат. Мурун сот чечими менен “чыгарылсын” дегендерди, депортацияга туш болуп, бирок кетпей жүргөндөрдү, айыппул же башка катачылыктары барларды гана киргизбей жатышат. “Чек арада акча алып жатат” деген сөздөр да туура эмес. Аны жолдо баратканда эле полиция текшерип калса, документи туура эмес болсо, алат да!

Мындай катачылыктарды жоюш үчүн элчилик чек аралардагы Орусиянын ИИМге караштуу жана Миграция кызматтарына кыргызстандыктарга берилген жеңилдиктер тууралуу маалымат берүү аракетинде. Муну Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди:

Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

- Айрым облустарга, райондорго маалымат жетпей калып жатат. Жарандарыбызга бөгөт коюлбашы үчүн биздин юристтер чек арага чейин чыгып келишти. Жолдон ИИМ жана Миграция кызматынын бөлүмдөрүнө кагаздарды, ноталарды берип, маалымдап келишти. Казакстанга барып келүүгө жол ачык. Анан азыр элчиликке жарандарыбыздан «чек арага чыгып, кире албай калдык» деген арыз деле түшө элек.

Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Марлес Шаршеев миграциялык мунапыстын шарттары боюнча жеңилдикке туш болуп, бирок “кара тизмеден” чыгарылбай жаткан жарандарды Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Бишкектеги баш кеңсесине жана Москвадагы өкүлчүлүктөрүнө ыкчам кайрылууга чакырды:

- Аймактардагы миграция жана ИИМ кызматкерлерине кыргызстандыктарга берилген мунапыс тууралуу маалымат жетпей калып, жарандарга Орусияга кирүүгө чектөө коюлуп калышы мүмкүн. Эгер андай болсо, Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматына жана Орусиядагы өкүлчүлүктөргө тез арада байланышып, расмий арыз калтырыш керек. Биз бул маалыматтарды чогултуп, тиешелүү органдарга кайрылабыз. Мындан тышкары, жарандарыбыз жеңилдиктер бир гана №114 федералдык мыйзамдын 26-беренесиндеги 4-8-пункттары боюнча гана берилгенин эскертүү керек.

Миграциялык мунапыстын шарттары боюнча, Орусиядан соттун чечими менен чыгарылып, «кара тизмеге» алынгандар, федералдык укук коргоо органдары издөөгө жарыялаган кыргызстандыктар бул жеңилдиктерди колдоно алышпайт. Ошондой эле «Орусияга кирүү жана чыгуу жөнүндө» федералдык мыйзамдын 27-беренеси боюнча өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандарга жеңилдиктер каралбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG